Алтынай Асанбекова, ырчы: “ЫРДАБА” ДЕП ТЫЮУ САЛА БАШТАГАНДА ЖИГИТТЕРДЕН КОЛ ҮЗДҮМ”

Сүйүү, карьера, шоу-дүйнө тууралуу сүйлөштүк мукам үндүү ырчы кызыбыз Алтынай Асанбекова менен. Гитарасын көтөрүп, концерттерде жандуу ырдап залдагы көрүүчүгө эргүү тартуулап жаткан ырчы жашоосундагы кызыктуу учурларды баяндап берди.

– Салам, Алтынай! Сүйүү күнүндө жолугуп отурабыз. Бүгүнкү күндү ким менен майрамдайсыз, жүрөк ээси барбы?

– Салам! Тилекке каршы, жок. Ошондуктан бул күндү майрамдабайм го дейм. Бирок мени жактырган жигиттер гүл, белек жөнөтүп калышы мүмкүн.

– Көппү андай жигиттер?

– Көп деле эмес, бирок бар. Жигиттер жөнөткөн гүл, белек-бечкектерди Инстаграмга жүктөп коё берем. Анан ал жигиттер кээде бири-бири менен кадимкидей атаандашышат. “Гүл алыптырсың го” деп жазып, андан бир канча убактан кийин андан да жакшы гүл жөнөтүп калгандар бар. Ошол сыяктуу кызыктуу учурлар болуп турат.

– Анда ушул сыяктуу кызыктардан дагы бирди угалы...

– Өткөндө Ошко барганда Рафаэлло шоколадын белекке алдым. Аны тарыхчамдан көргөн бир жигит гүл жөнөтүп жибериптир. Өзү Оштон абдан алыс жакта болчу. “Сага эмне болду?” десем, “оштук жигиттерден Рафаэлло алып баштаптырсың, аларга арбалып калбасын деп гүл жөнөттүм” деп коёт.

– Ал жигиттердин арасынан сизге жакканы жокпу?

– Азыркы учурда мени, чыгармачылыгымды түшүнөбү деп жигиттерди байкаштырып жүрөм. Анткени мамиле куруп алгандан кийин “ырдабай эле койбойсуңбу, ал жакка барбай эле койбойсуңбу” дегендер башталат экен. Бизде мырзалар ээлик кылып алганды жакшы көрүшөт эмеспи.

– Буга чейин кайсы бир жигит ушундай тыюу салуулар менен көңүлүңүздү ооруткан окшойт?

– Ооба, буга чейин сүйлөшкөн жигиттердин баары эле ушинтишкен. Олуттуу кадамга барайын десем эле тыюу салуулар башталчу, “ырдабай эле койбойсуңбу, каякта жүрөсүң?” деп. Ала электе ушинтсе, алгандан кийин эмне кылат деп качып кетем анан. Ошондуктан азыр эң биринчи кезекте ушул жагдайга көңүл буруп калдым. Бирок ишенич жок, “алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным” деген да сөз бар го. Ошон үчүн байкап жүрөм.

– Сүйүү үчүн ырчылыкты таштап деле коём дегендердин катарында эмессизби?

– Анчалык күчтүү сүйүүгө кезиге элек окшойм. Анткени буга чейин сүйлөшүп, тыюу сала баштаганда карьераны тандап кетчүмүн. Балким, күчтүү сүйүү болгондо башкача кадам жасамактырмын.

– Сүйүү эмне экен ошондо?

– Сүйүү-пүйүү болбогон жомок экен (күлүп). Азыр мага сүйүү жоктой эле сезилет.

– Буга чейин сүйүү бар деп эле билчүсүз да бирок?

– Бир адамга укмуштай бир берилүү болду менде. Анын ким, кандай адам экенине карабай жактырдым. Бирок кыска мөөнөттө эсиме келе түштүм. Башында мамилебиздин келечеги жок экенин билип деле сүйлөшө бердим. Келечекке үмүт болбосо кыйын да, акыры аны менен мамилемди үздүм. Көпкө кыйналам го дегем, бат эле унутуп койдум.

– Келечегиңер үчүн эмнелер тоскоолдук жаратты?

– Окурмандар “үй-бүлөлүү адам окшойт” деп ойлоп калышты, сыягы. Жок, андай эмес. Болгону экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз дал келчү эмес. Чыгармачылыгымды түшүнгөн жок. Анын оюнда жубайы эч ким менен иши жок, эч ким деле тааныбаган адам болушу керек болчу. Мен андай эмесмин да, ошондуктан келечегибиз жок дедим.

– Акыркы учурда жандуу ырдап концерттерге шаң тартуулап жатасыз...

– Жандуу ырдаган ырчылардын заманы келди окшойт дегендейби (күлүп)? Укмуш үнүм бар, залды жаңыртып ырдай алам деп мактангандан алысмын. Бирок аппаратура, акустика жакшы болсо, жандуу ырдагандан өзүң да ырахат аласың. Мурун деле жандуу ырдачумун. Кийин оңоюна ыктап фонограмма менен ырдаган учурларым болду. Тилекке каршы, бизде чындыгында аппаратуралары жандуу ырдаганга жарабаган жайлар бар. Кээде жандуу ырдаганыма өкүнгөн учурлар да болду.

– Интернетте сизди көбүнчө мактап жазышат экен. Жаман комментарийлерди такыр жазышпайбы?

– Хайп жаратып же обу жок сүйлөп, чектен ашкан бир иш кылсам жазылса керек. Жаман комментарийлерге ырчылар өзүбүз жем таштайт окшойбуз. Бизде көрө албастык деген нерсе бар да. Өсүп-өнүгүп жатканыңды көрө албай деле жаман комментарийлер жазылышы мүмкүн. Мен өсүп-өнүгө элек окшойм (күлүп).

– Атаандаштарыңыз барбы?

– Шоу-бизнесте кимдин таскагы катуу чыгып келе жатса, ошонун баары атаандашым (күлүп). Тиги тигиндей чыгарма жазыптыр, мындай сапатта клип тартыптыр, мен андан мыкты болоюн деген ойлор менде деле болот, калп айтканда эмне. Атаандашуу болушу керек. Бирок азыр шоу чөйрөдө атаандашуу жок, баары бири-бири менен дос. Баарыбыз бир чачтарачка барабыз, бир студияга барып фотосессия жасатабыз. Бири-бирибизден ашалы деген нерсе жок. Катуу атаандашуу болгондо мындан да алдыга жылмакпыз деп ойлойм.

Окуялар...

–Сиз уят болгон окуя...

– Жыгылып эле жүрөм. Апамдар “тушооңду деле кестик эле дүңгүрөтүп” деп калышат. Бирок мен тушоо кесүүдө да жыгылып калган экем. Мени дагаранын үстүнө тургузуп коюшуптур. Мени кармап турган чоң атам менен чоң апам балдардын жарыша чуркап келатканын карап алаксып кеткенде чалкамдан кулап түшүптүрмүн. Жоош болгон экем, ыйлабай жата бериптирмин.

Бир жолу тойдо ырдап бүтүп чыгып баратып кулап түшкөм, кыска көйнөкчөн да болчумун.

– Сизди таң калтырган окуя

– Мага бир адам катуу сөз айтып, сөгүп, чаап салганда аябай таң калгам. Мен такыр ал адамдан андай нерсени күткөн эмесмин.

– Сахнадагы окуя...

– Биринчи жолу Улуттук гвардияда аскерлердин алдында ырдагам. Анда минус менен ырдаганды да жакшы билчү эмесмин. Жалаң мырзалар карап турат, колдоп-сүрөп жатышат. Сүрдөгөнүмдөн ырымдын сөзүн унутуп калып, бир сапты улам кайталап ырдай бергем.

Бир жолу ырдап бүтүп сахнадан чыгып баратканда туфлимдин такасы полдун тешигине кыпчылып калган. Туфлимди чечип салып сахнанын артына жылаңаяк кирип кеткем.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан