АРА ТӨРӨЛГӨН БАЛАНЫ БАГУУ

Кыргызстанда 1 жылда 160 миңдин тегерегинде ымыркай жарыкка келсе, анын орточо 10 миңдейи ара төрөлөт. Маалына жетпей туулган баланы багуу кыйын экени айтпаса да түшүнүктүү, өзгөчө камкордук талап кылынат. Өсүп жетилүүгө үлгүрө элек органдары жетилгиче бала такай педиатрдын көзөмөлүндө болушу керек. Жарык дүйнөнү эрте көрүүгө “шашкан” балдарды багууда көңүлгө түйүп алчу жагдайлар бар.

22-37 апталар...

Кош бойлуулуктун 22-37 аптасында жарыкка келсе, ымыркай ара төрөлдү деп эсептелет. Салмагы көбүнчө 500-2500 грамм, бою 25-45 сантиметрди түзөт. Органдары да толук өсүп-жетиле элек болот.

Жаңы төрөлгөн балдардын өпкөсүндө сурфактант аттуу зат канчалык көп болсо, өпкө ошончолук ачылат. 7-7,5 айлык кезинде өпкөдө сурфактант аз болгондуктан бала дем алууга жөндөмсүз болот, төрөлгөндө да ыйлашпайт. Бала 1-2 айга чейин анча эттенбейт. Адатта, төрөт үйүнөн 3-4 күндө чыгарылбайт, 1-2 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Ара төрөлүүнүн себеби...

Баланын маалына жетпей төрөлүшүнө көбүнчө эне себепкер болот.

Аялда гинекологиялык жана жыныстык жол менен жугуучу оору – жатында инфекция болсо. Адегенде жубайлар врачтарга текшерилип, илдеттери болсо кош бойлуулукка чейин дарылануулары зарыл. Адатта, аялдардын көбү кош бойлуу болгондон кийин гана каттоого турушат да, анан гинекологдор текшерип башташат. Анализдин жыйынтыгы өтө начар чыкса да дарылануудан качкандар бар. Көбүнчө эркектер “мен тазамын, өзүң дарылана бер” дешет аялдарына. Аял дарыланганы менен, илдет кайра эле күйөөсүнөн жугушу мүмкүн. Түйүлдүккө инфекция тону аркылуу өтөт.

Аялдын кант диабети, анемия, бөйрөк оорулары менен оорушу

Денедеги жаракаттар (жатын оорусуна байланыштуу мурун жасалган операциялар, операция жолу менен төрөө, кулап же сокку жеп ичтен жаракат алуу)

Узакка жол жүрүү, оор көтөрүү

Мурун жасалган аборттор

Стресстер

Тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү

Эне менен баланын кан тобунун келишпестиги (резус-фактор)

Аталган факторлордун негизинде эне менен түйүлдүктүн ортосунда кан айлануу режими бузулуп, түйүлдүккө кычкылтектин барышы начарлап, айына жетпей төрөлүү күтүлөт.

Ара төрөлүүнүн натыйжасында...

Өз убагында төрөлгөндөргө караганда ашказан маңызы 3 эсе аз бөлүнүп чыгат

• Дене табы нормадан төмөн болот

• Эмчек соруу рефлекси жок же өтө начар

• Ашказан былжыр челинин жана ичегидеги керектүү ферменттердин өтө аздыгынан сүт сиңбей, ичи көөп турат

• Дем алуу системи өсүп жетилбегендиктен дем алуусу убак-убагы менен 20 секундга чейин токтоп калышы мүмкүн. Мындайда бала көгөрүп чыгат

• Билирубиндин өлчөмү көп болот

• Иммунитет алсыздыгынан улам инфекциялык ооруларга бат чалдыгуу коркунучу бар. Мисалы, пневмонияга

• Кусуу, бирде заңдап, бирде заңдабай калуу күтүлөт

Өз алдынча дем алгыча кувезде жатат

Убагынан эрте төрөлгөн бала өз алдынча дем ала албаса, дене табы калыптагыдан төмөн болсо, анда кувезде (инкубатор) багылат. Ал жерде абанын температурасы жана нымдуулугу нормада кармалып, бала кычкылтек аппаратына туташтырылат.

Кувезде жатканда врачтар баланын дем алганын, гигиенасын, дене табын, кускан же куспаганын жана башкаларын тыкыр көзөмөлдөп турушат. Балага зонд же бөтөлкө менен 1 суткада 8 ирет (ар 3 саатта) сүт беришет. Күнүгө 1 жолу таразага тартышат. Вена кан тамыры аркылуу атайын дарылар сайылат. Бала эмчек эмүүгө, өз алдынча дем алууга жарап калганда кувезден чыгарылат. Андан кийин да педиатрдын көзөмөлүндө болот.

Үйдөн карап-багууда...

3 айга чейин. Эмчек эмүүгө күчү жетпесе эне сүтүн саап, аны бөтөлкө же кашык менен ичирүү зарыл. Ар жолку өлчөм 30 миллилитрдин тегерегин түзөрүн айта кетели. Күн жылуу болсо сыртка 5-15 мүнөт көтөрүү туура. 2 күндө бир жуунтулат. Суунун температурасын билүү үчүн чыканакты сууга салып текшериңиз. Чыканакка жылуу урунган суунун температурасы туура. Бала 20-22 саат уктаса жакшы.

3-6 айга чейин. Бала эмчек сураганда эле эмизе берүү шарт. Түнкүсүн 1 жолу эмизүү жетиштүү. Күнүгө 1 маал жуунтуп, 14-15 саат уктатыңыз.

6-12 айга чейин. Күндүз 5-6 ирет эмизип, тойбосо даяр аралашма менен тамактандыруу оң. Түнкүсүн эмизбей, тамак бербей койгонго болот. Күнүгө уктаар алдында киринтип коюңуз. Норма боюнча, суткасына 13 саат укташы керек.

Эрте төрөлгөндөр
кеч басат

• Башын көтөрүшү, күлүшү кеч күтүлөт. Мисалы, 1500 грамм салмакта төрөлгөндөр башын 3-4 ай дегенде араң көтөрүп, күлгөнгө жарайт. Оодарылып жатуусу, оюнчукту колуна кармашы 7 айында күтүлөт.

• Кеч жөрмөлөп, кеч басат

• Тили кеч чыгат

• Акыл-эси жай өнүгөт

• Итийге чалдыгуу коркунучу бар

Тубаса оорулуу төрөлүп калышы да мүмкүн

Балдардын шал оорусу (ДЦП). Кокус бул оору менен төрөлсө, анда дарылоо дарттын оор же жеңил түрү экенине карап жүргүзүлөт. Ата-эне врачтар менен кошо жылдап аракеттенип, айрым гана булчуң жана нервдердин иштөөсүнө жетишүүсү мүмкүн. Мисалы, кашык кармап тамак ичүүсүнө, дааратканага өз алдынча барып келүүсүнө. Дарылоодо эмгек терапиясы, физиотерапия, дарылык укалоо, физкультура жана дары-дармектер колдонулат.

Башка суу толуп кетүүсү. Баланын башына жүлүн суюктугу болгон ликвор ашыкча топтолуп калат. Андай суюктук аз болсо консервативдүү дарылоо, көп болсо хирургиялык дарылоо жүргүзүлөт. Болбосо баланын акыл-эси өспөй калат.

Анемия

Муундардын дисплазиясы. Кашка жиликтин башынын (томук) толук өсүп, жетилбей калышы. Мындайда электрофорез, массаж, парафин терапиясы, дарылык гимнастика, кальций каражаттарын ичирүү, ортопедиялык шаймандар колдонулат.

Кереңдик

Ретинопатия. Бала эрте төрөлгөндүктөн көзүнүн чел кабыктары жетиле элек болот да алар сыйрылып баштайт. Сыйрылып түшкөндө көз көрбөй калат. Бул дарт байкалса, тезинен дарылоо зарыл.

Энцефалопатия жана башка.

Макаланы даярдоого көмөктөшкөнү үчүн белгилүү педиатр, медицина илимдеринин доктору Камчыбек Узакбаевге ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан