АСКЕРДЕГИ КҮНДӨРҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?

23-февраль – мекен коргоочулардын күнү. Ушул датаны утурлай атактуулардын аскердеги күндөрүн эске салдык. Үйдү сагынуу, орусча түшүнбөй кыйналуу, бирөөгө жакшылык кылам деп жазалануу, айтор, кызыктуу окуялар көп. Окуп, бир жылмайып алыңыз.

Абды Кадырматов, актёр, куудул: “Подметай” дегенин түшүнбөй айласын куруткам”

– Совет доорунда Свердловскийде кызмат өтөдүм. Кыргыз балдар баарыбыз поездде чогуу барып, Свердловскийге жеткенде бөлүнүп кетип, бир взводдо алтообуз калганбыз. Барарыбыз менен мончого түшүрүп, чачыбызды кырып, форма берди. Анан эле бири-бирибизди тааныбай калдык (күлүп). Анда “дедовщина” бар да. Мен орусча билбейм. Бир күнү эле бир “дед” “подметай” деди. Түшүнбөйм, жата калып “отжимание” жасап кирдим. “Что делаешь, я говорю, подметай” деди. Башка көнүгүүнү жаса деп жаткан экен деп колду көтөрүп башка көнүгүүнү жасап баштадым. Анан кыйкырып урушту. Шыпыргыны алдыма ыргытканда анан шыпыр деп жатканын түшүндүм. Ошондо “подметай” деген сөздү жаттап калгам. Ошол жактан кичине орусча үйрөнүп келгенбиз.

Жаш кезде аңчылыкка көп чыккам, ошондуктан автоматты бат өздөштүрдүм, таамай атчумун да. Пулемёт берип коюшту, аны да атып жүрдүм. Анан снайперликке окутушту, окудум, наам алдым. Айтор, аскерден улук сержант болуп келдим.

Кубик Калыков, куудул, ырчы: “Салмагым жеңил болгону үчүн парашютумду шамал учуруп кеткен деп тамашалап калам”

– Бутум ооруп ооруканада дарыланып калганда “эмне болду?” деп сурай беришет. Баарына түшүндүрүп отургандан эринип “Ооганстанда армияда болгом. Парашют менен секирип жамбашым жабыркаган” деп тамашалап коём. “Бизди Москвадан Ташкентке жөнөтүп, анан учак менен Ооганстанга таштаган. Баары Оогандын талаасына түшкөн, менин салмагым жеңил болгондуктан шамал учуруп кетип, Ооганстанга эмес, Тажикстанга түшүп калып, ал жерден Сох аркылуу Баткенге өтүп, такси менен үйгө келип калгам” деп күлдүрүп палатада чогуу жаткандардын көңүлүн көтөрөм. Кээде күлкү терапиясы ооруп жаткандарга дары болот.

Негизи Москвада кызмат өтөгөм. Аскердик кызматтын эң кызыгы – жаңы барганда 2 ай бою түш көргөнсүп эле жүрө бересиң. Уйку чала, курсак тойбойт, чуркап жүрүп эле күн өтөт. Жанагы менин “Эх. жаным” деген ырымдын клибин көрсөңөр, кадрлардын баары менин аскердеги күндөрүмдөн алынган. Бир жолу “нарядда” тургам. Таң эрте саат 7де “подъём!” деп кыйкырып ойготуш керек да. Карасам, баары байкуштар мемиреп уйкуда. Боорум ооруп, балдарга бир жагымдуу сюрприз кылайын деп көңүлчөөк жаным аккордеонду алып, сонун бир чыгарманы жа-ай ойнодум эле аскерлер таң калып, күлүп-жайнап, сүйүнүп ойгонушту. Бирок мунумду арабыздан бирөө командирге жеткирген экен, мага кезексиз дагы 2 “наряд” берип салды. Мына, сага сюрприз (күлүп).

Кылычбек Бекишов, Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобунун жетекчиси: “Бүлдүркөн жейм деп токойдо адашып кеткем”

– 1989-1991-жылдары Советтик армиянын катарында, Москва облусуна караштуу Одинцово шаарында кызмат өтөгөм. Алыс жерде үйдү сагынып, абдан куса болгом. Аскерде да чыгармачылыкты таштабадым, казак туугандардын домбрасы бар болчу, ошону чертип, бош болуп калганда аскерлердин көңүлүн көтөрчүмүн. Мени музыкант деп коюшчу. Автомат кармап алып учактар учкан бир объектти кайтарып кароолдо турчубуз. 2 саат күзөттө туруп, 1 саат эс алар элек. Бир жолу эс алуу убактым келип, жаңы эле жатсам, командир “что спишь, твой земляк поёт” деп кыйкырды. Чочуп турдум. Көрсө, радиодон Малик Аликеев “Мөлмөлүмдү” ырдап жатыптыр. Көзүм умачтай ачылды, ырды угуп Кыргызстанга барып келгендей эле болдум. Командирибиз орус киши да, кантип кыргыз музыкасын таанып койгон, билбейм.

Ошол кезде жеңеңер менен сүйлөшчүмүн. Анын сүрөтү келгенде орус, чечен балдар “кыргыздын кыздары сулуу экен” дешчү.

Күзөттө турчубуз деп айтпадымбы. Бир жолу бошураак убактым болуп калды, жайдын саратаны эле. Балдар “жаныбыздагы токойдо жапайы бүлдүркөн бар экен” деп калышты. 1 саат убактым бар болчу. Зым менен тосулган кашаадан өтүп, көп деле алыс эмес жерге барып бүлдүркөн терип жедим. Саатты карасам жарым саат убактым калыптыр. Кайра постко келиш керек да. Жанымда автомат, телефондун линиялары бар болчу. Артка кайттым, бирок жанагы чыккан жеримди таппай калдым. Ары чуркайм, бери чуркайм, таппайм. Орусиянын токойлору жыш да. Дарактар узун, көк шибер. Саратан болгону менен, күн тийбей, көк шибер кыроо болуп калган. Чуркап жүрүп шымым суу болду. Бир маалда унаанын үнү угулуп калып, ошону туштап барып таап алдым. Ошол маалда бизди постко алып кете турган унаа келип калды. Командирге көрүнбөй бортко секирдим. Ошентип жоголуп кеткеним эч кимге билинбей калган.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан