АРАБДАРДЫН БЕКХЭМИ АТАЛГАН АШРАФ ХАКИМИ

Дарбазага киргизген ар бир голунан кийин стадиондо күйөрмандык кылып отурган апасына жетип барып кубанычын бөлүшөт... Сыйлык тапшыруу аземдерине дайыма энесин ээрчитип алып барат... Бул – футбол жылдызы Ашраф Хакими, аны футбол сүйүүчүлөрү “арабдардын Дэвид Бекхэми” деп аташат. ПСЖнын көзгө басар оюнчусу, Килиан Мбаппенин кыйышпас досу, марокколук Ашраф Хакими тууралуу айтып беребиз.

Жакыр үй-бүлөдөн чыккан

Ашраф Хакими жакшы жашоо издеп Мадридге көчүп барган марокколук эмигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Футболчу жакыр үй-бүлөдө чоңойгон, апасы кеңселерди тазалап, пол жууп иштесе, атасы көчөдө соода кылчу. Ашраф балалыгы тууралуу:Мен толук кандуу ата-эне мээримине бөлөнүп чоңойдум. Кыйынчылыкта жашасак да ата-энем мени футбол клубуна беришкен. Ийгиликке жетишим үчүн бир туугандарым да көп нерседен куру калышкан. Мен ар бир беттеште алар үчүн ойнойм. Аларды бардык тараптан камсыз кылганга аракет кылам” деген.

Эсиңиздерде болсо 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы Марокко-Испания беттешинде Хакими чечүүчү голду киргизип Испанияны үйүнө жөнөткөн. Анын бул голуна көпчүлүк испаниялыктар таарынышты, анткени Ашраф Мадридде төрөлүп, 8 жашынан “Реал Мадрид” клубунда тарбияланган. “Өзүбүздүн бала” деп саналган Хакиминин голунан кийин Испаниянын Дүйнө чемпиондугунан четтеши испаниялыктарга катуу тийди окшойт.

Спорттук карьерасына Зидандын салымы чоң

Хакими “Реал Мадриддин” академиясында 10 жыл тарбияланса да, негизги курамда ойной алган эмес. Ал кээде гана Дани Карвахалдын ордуна алмаштырууга чыгып турган. Футболчунун анда-санда негизги курамда ойноп калганына да ошол кездеги “Реалдын” машыктыруучусу Зидан себепкер. Анткени Хакими Зидандын Энцо жана Люка деген балдары менен дос болуп, чогуу футбол ойношкон. Европалык “Боруссия”, “Интер” клубдарында ойногон футболчуну 2021-жылы “ПСЖ” футбол клубу 70 миллион еврого сатып алган. Футболчу 17 жашынан бери Марокко улуттук курамында ойнойт. Андан “эмне үчүн Испаниянын эмес, Марокконун улуттук курамын тандадыңыз?” деп сурашканда “менин маданиятым марокколук. Биз үйдө арабча сүйлөшөбүз, Марокконун улуттук тамактарын жечүбүз, мен мусулманмын. Атам экөөбүз Марокконун беттештерин көрүп, ал мага марокколук футболчулар тууралуу көп кызыктарды айтып берчү. Испанияда жашасак да ата-энем Марокко маданиятын кан-жаныма сиңирип чоңойтушту. Марокконун улуттук курамасы мени жакшы кабыл алды. ПСЖга келгенимдин себеби да Париждеги жергиликтүү мусулман коомчулугунун ынтымагы болчу. Футболчу командада өзүн өз үйүндө жүргөндөй сезсе гана мыкты ойной алат” деген жооп узаткан.

Аялы өзүнөн 12 жаш улуу

24 жаштагы футболчу теги тунистик өзүнөн 12 жаш улуу испаниялык актриса Хиба Абукка үйлөнгөн. Жубайы Испанияда телесериал жылдызы катары популярдуу актриса. Футбол жылдызы менен сериал жылдызынын сүрөттөрү дайыма европалык журналдардын башкы бетин кооздоп келет. Хиба Абук маектеринин биринде: “Ашраф жомоктогудай, ар бир айымдын кыялындагыдай күйөө. Ал мени таң калтырып бүтө элек. Аны менен жашаган ар бир күнүм майрам”,- деп суктануу менен айткан жайы бар. Түгөйлөрдүн Амин жана Наим аттуу эки уулу бар. Баса, Хиба Абук айтылуу футболчу Мбаппенин мурунку сүйлөшкөн кызы, модель Инес Раунун жакын курбусу. Мбаппеге медиа менен иштешүүдө колдоо көрсөткөн жакын аяшы.

Миссиясы – араб футболун Дүйнөгө таанытуу

Ашраф өзүнүн футболдогу миссиясы деп араб жана Марокко футболун Дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууну эсептейт. Азырынча Хакими бул миссиясын татыктуу аткарып келе жатат десек жарашат. Анткени Марокко курамасы Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыккан (2022-жылы) тарыхтагы алгачкы араб командасы болуп калды. Хакиминин командасы Португалия, Бельгия, Испания өңдүү европалык дөө-шааларды жеңип чемпиондуктун мыктысы боло алышты.

Эне сыйлаган элге жагат

Ашраф ар бир голун, жеңишин трибунада отурган апасына чуркап барып бетинен сүйүп белгилейт. Анын энеси менен өзгөчө байланышын Дүйнөлүк басылмалар да баалап, араб футболчуларынын үй-бүлөлүк баалуулуктарга карата мамилесине суктанып келишет. Апасы Хакимини кичинесинде футболчу болбойсуң деп дзюдого, сууда сүзүү ийримдерине барууга мажбурлап жүргөн. Бирок кийин уулунун футболсуз жашоосун элестете албасына көзү жеткенден кийин аны колдоп баштаган. Жакында Сауд Арабиясында өткөн спорттук иш-чаралардын биринде Ашраф “Жакынкы Чыгыштын мыкты футболчусу” деп табылды. Футболчу бул аземге да апасы менен барган.

Мбаппе менен достугу...

Мбаппе менен Хакиминин достугу ПСЖдан башталган. Ашраф достугу тууралуу: “Биздин достук өзүнөн өзү жаралды. Килиан экөөбүз тең 24 жаштабыз, тегибиз африкалык, ата-энебиз эмигранттар жана клубга жаңы келгенде бири-бирибизди тез эле түшүнүшүүгө жетиштик. Чогуу ресторанга барып, жеңиштерибизди чогуу майрамдайбыз” дейт. Хакими менен Мбаппенин ата-энелери да бири-бири менен үй-бүлөлүк катышта. Эки достун дайыма чогуу жүргөнүн сындап же тамашалагандар да жок эмес. Мисалы, белгилүү америкалык блогер “Ашраф Мбаппенин күчүгү, анын көлөкөсүндөй болуп бардык жерде ээрчип жүрөт” деп сындаган. Сыйлык тапшыруу аземдеринин биринде “Хакими бардык жакындарын ээрчитип келиптир, бирок Мбаппе жок” деп мыскылдагандар да болгон.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан