Өмүрзак Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АПАМ ДАСТОРКОНУНАН БЕРЕКЕ ТӨГҮЛГӨН АЯЛ ЭЛЕ»

“Апам жапкан нан” рубрикабыздын алкагында дастанчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Өмүрзак Кайыпов менен баарлаштык. “Рубрикаңардын аты эле абдан элестүү экен. Бул сөздү укканда кадимкидей көзүмө жаш кылгырып, дароо эле апамдын түрдүү нандары көзүмө элестеди. Ошол балалык күнгө кетким келди”, – деген каарманыбыздын көзүнөн сагыныч, кусалык көрүнүп турду.

«Апам бизге нандын түрүн жасап берчү»

– Бала чагым кыргыздын мүнөзүндө, жаратылышка жакын өттү. Атам менен апам малчы болушкан. Кышында кыштоого кыштап, жазында кар кете баштаганда карды кууп жайлоого кетчүбүз. Апамдын аты Самар, атамдыкы Бекмурат. Мен апам 46 жашында жарыкка алып келген 13-баласымын. Тилекке каршы, мен 9 бир тууганыбызды билем, эң кенжеси менмин.

Апам бизге нандын түрүн жасап берет эле. Нан түгөнүп калса 5-10 мүнөттүн ичинде эле бышыра койчу. Мисалы, куймак бышыра салчу же камырды жайып казанга жупка, чабаты бышыра калар эле. Аны кайнак сууга эзип, сары май менен сүзмө аралаштырып ичсең... Бах! Бизде бул тамакты быктырма деп коёт, кыргыздын нукура гүлазыктарынын бири. Каттама, боорсок, чай боорсок, калама же тандырга, көмөч казанга, казанга нан жаап берчү. Жыты эшиктен эле буруксуп, беш-алты боз үйдү аралап кетер эле. Ойноп жаткан жерибизден чуркап келип, ысык нанга каймактан сүйкөп көтөрүп кетчүбүз. Тамактын да түрүн жасачу. Кечинде уйлар саалып, жылкы агытылып бүткөндөн кийин каймак, сары май менен, айранга көбүргөн, жапайы сарымсак туурап, “жегиле, ден соолугуңарга пайда” деп дасторконго койчу. Дасторкондо сүт азыктарынан жасалган даамдардын түрү турчу. Мунун баары күнү бүгүнкүдөй көз алдыма тартылат.

«Абдан сөзмөр, бир мүнөз киши эле»

– Ал учур эл бейкутчулукта жашаган бир мезгил болгон экен. Жайлоого кеткенде жакадагы кыштай турган үйүбүзгө кулпу деле салчу эмеспиз. Ит же мал кирип кетпесин деп шипшилгесине зым ороп койчубуз, эч нерсе жоголчу эмес.

Апам абдан сөзмөр, бирок ашыкча сүйлөбөгөн, бала-чаканы жаман сөз менен тилдебеген, бир мүнөз, нукура, тубаса ак сөөктүк мүнөзү бар инсан болчу. Баланы көп урушчу эмес. Тентектик кылып койсом акырын айтчу. Укпай койсом, жөн гана таарынып калчу. Таарынганы – сүйлөбөй, мени ишке жумшабай коёт, өзү эле акырын кылып жүрө берет. Ошондо кирерге жер таппай калчумун. Ойнобой, колумдан келген иштерди жасап апамды айланчыктап калар элем. Сөзмөр болчу дегеним, жомокторду, уламыштарды, хадистерди, тамсилдерди керемет айтып бере турган. Биздин жайлоого туугандардын, айылдаштардын балдар-кыздары барып жүрө беришчү. Кеминде 10 чакты бала болор эле. Апам баарыбызга жомок айтып берчү. Атам боз үйдөн башка кошумча чатырларды тигип койчу. Келген кишилер талаага жатпай, ошого жатсын дечү. Малчылар биздин үйдө эле отура беришчү, баары биздикинен тамактанышат. Кымызы кымыздай, сүтү сүттөй, каймагы каймактай, наны нандай дасторкондо турчу. Көрсө, пейил кенен болгон экен.

«Атам үйгө конок ээрчитип келе берчү»

– Апам кара тору, орто бойлуу, мүнөзү жумшак, жайыраак, бирок тынбай кыймылдаган, үйдөгү берекелүү оокаттын баарын өз колу менен жасаган акылман, көрөгөч инсан болчу. Атам анча-мынчаны кенебеген, үйдөгү майда иштер менен иши жок, негизги иштер менен алек киши эле. Бир жерге барса үйгө 10-15 кишини ээрчитип келе берчү, үйдө тамак барбы, жокпу, иши да жок. Апам “ай, тиги бирөөлөр менен келатат, тур, Өмүш, отун жара кал” деп, кабагым-кашым дебей дасторконго болгон тамагын жайнатчу. Апамда Кудай конок деген түшүнүк бар эле, “Кудай жиберген пенде, ар ким үйгө өз ырыскысы менен келет, биз ошону беришибиз керек” деп кабылдачу. Атам бакырып тилдеп коюп, кайра ошол замат урушканын унутуп калган алабарман, бапылдап бетке сүйлөгөн киши эле. Бир үй-бүлөнүн таарынышып кеткенин угуп калса, “ай, Кудай ургур, мен барып келейин” деп эле жараштырганы жөнөп калчу. Жашын жаштай, улуусун улуудай элдештирип эле басып жүрчү.

Ал кезде совхоз, колхоздордун директорунун авторитети чоң эле да, каалаганын каалагандай жумшашат. А менин атам, тескерисинче, аларды жумшап алчу. Мисалы, автоунаа керек болсо килейген жүк ташыган машинени айдатып келип алчу. Көмүр, чөп, баарын даяр кылчу, табышкер киши эле. Көрсө, атамда береке бар экен. Директорлорго облустан, райондон киши келгенде атама “Бетей аксакал, коноктор келип калыптыр, үй жок болуп жатат” дешсе атам экспромт эле “эй, байбиче, чайыңды коё кал, тиякта конок келиптир” дечү. Элестет, директордун коногуна биздин үйдөн бир кой союлат. Бизде үндүк деген да жайначу, келген конокко 1 кой, 4-5 үндүк да союлуп кетчү. Атам ошон үчүн чоңдорду баласындай эле жумшачу окшойт.

«10 күн сайын айылга азык таратчубуз»

– 15-20 чакты уй, 2-3 желе жылкы саачубуз. Анан 10 күнгө жетпей сүт, сары май, кымыз батпай кетет. Атам мага бир атты мингизип, өзү бир атты минип, ортого эшектерди байлап туруп кымыз, сүзмө, сары май жүктөп алып жаканы көздөй жөнөчүбүз. Аларды айылдын башынан этегине чейин ар бир үйгө таратып чыкчубуз, бепбекер. Пейилдин кенендигин кара. Кайра кант, ун, жемиштерди артып алып жайлоого кетебиз. 3-4 кап ун алып барабыз, Кудайдын куттуу күнү конок, ошол ун 10-15 күнгө зорго жетчү.

Атам жылкыны жакшы көрчү. Күлүк, жорго, айтор, өмүр бою жакшы ат минди, Жөнөкөй ат минген жок. Ал кезде жайлоого геологдор да барчу. Атам орусча деле билбейт, кантип алганын билбейм, ошолордон бир радио алып калыптыр. Ошону укчубуз. Андан Мыскал эженин, Эстекемдин жана башкалардын ырдаганы жаңырып турат. Апам жылкы сааганда ошол радиону таштын үстүнө коюп койчу. Анан “тообо, радиосу жок сааганда жылкылар кадимкидей сүттү аз берет” деп калчу. Уйларга да ошондой дечү, ушул эсимде. Ата-энем менен бирге жүргөн, аруу балалык күндөргө, сонун бир дүйнөгө жетелеген силерге рахмат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
i-bilim
2023-02-20 10:33:00
Элестетип алып окудум го чиркин. Ушундай жакшы адамдардын баласынын да пейили кенен болсо керек деп суктандым.
+1
AijanSH
2023-02-22 20:10:00
Сонун интервью бериптир, окуган адамдар да балалыгына бара тургандай. Омуш азаматсын!
0
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан