МЕКТЕПКЕ КҮЧҮК АЛПАРГАН ОКУУЧУ ОРОЙ МУГАЛИМДЕН ЖЕМЕ УКТУ

14-февраль күнү интернет желесине мектепке күчүк алып келгени үчүн окуучуну мугалими тилдеп жатканы тартылган видео тарады. Окуя коомчулукта кызуу талкууга түшүп, интернет колдонуучулары окуучунун билбестиктен жасаган кадамын актап, мугалимдин педагогдук деңгээлин сындап жатышат. Тескерисинче, мугалимдин таламын талашкандар да көп. Окуянын чоо-жайын айтып беребиз.

Окуучу кечирим сураса болбой тилдеген мугалим...

Адегенде интернет желесине чуулгандуу видеонун биринчи бөлүгү чыгып, анда мугалимдин класста баштыкка салынып илинип турган күчүктү ким алып келгенин окуучулардан сураштырып жатканы тартылган. Видеонун экинчи бөлүгүнөн күчүктү баштыкка салып сабакка алып келген окуучуну эки мугалим орой тилде жемелеп жатканын көрүүгө болот. Окуучу “экинчи кайталанбайт” деп кечирим сураганына карабай, мугалим аны тилдегенин токтотпойт. Атүгүл окуучуну колунан чымчып эшикке чыгарууга аракет кылганы байкалат. Ушул видеолордон улам коомчулукта мугалимдин жоругун айыптагандар басымдуулук кылууда. Интернет желесиндеги айрым пикирлерди карап көрөлү:

“Түркиядагы апаатта иттер уранды алдында тирүү адам бар экенин билдирип кызмат кылып жүрүшөт. Булар болсо байкуш баланы итке теңеп ажылдап жатышат. Болуптур, бала итти класска алып кириптир, эмнеге социалдык тармактарга жаят ажылдап?!”

“Педагогика, психология дегенди окушкан эмеспи бул мугалимдер? Ооба, окуучу туура эмес кылды, бирок башкача түшүндүрсө болмок”.

“Мугалимге караганда окуучу тартиптүү экен, кечирим сурап жатат”.

“Кылмыш эмес, бул - балалык! Кандай түшүнбөгөн мугалим? Эрдик кылгансып окуучуну директорго жетелеп барыптыр. Уят!”.

Билим берүү жана илим министрлиги: “Мектеп директоруна жана мугалимге эскертүү берилди”

– Аталган окуя 2023-жылдын 13-февралында Баткен облусунун Кадамжай районунда Айтматов атындагы №5 мектеп-гимназиясында болгон. 4-класстын окуучусу сабакка күчүгүн алып келгендиктен класс жетекчиси А.З. бир аз урушуп, атайын тарбия иши боюнча мугалимин чакырган. Ал окуучуга мындай нерсени экинчи кайталабоо керектигин эскертип, мектеп директоруна алып кирген. Андан кийин окуучунун колун самындап жуудуруп, класска киргизген. Видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана атайын тарбия мугалимине эскертүү берилди. Ал эми видеону тарткан мугалим менен окуучунун класс жетекчисине балага орой мамиле жасаганы үчүн катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Видеодогу куралчан адам мектептин коопсуздук кызматкери эмес. Ал аскерге чейинки даярдык сабагынан берген мугалим. Сабагынан чыгып бараткан убакта видеого түшүп калган.

Зияда Назарова, мектеп директору: “Бул окуучу мурун да класска өлгөн тыйын чычканды көтөрүп келген”

– Учурда ошол интернетке тарап кеткен видеого тиешелүү мугалимдер Билим берүү министрлигинин тиешелүү бөлүмүнө келип түшүнүк кат жазып жүрөбүз. Коомчулуктан ушул окуяны удургутпоону суранып кетет элем. Мугалим деле баланы жакшы болсун деп урушат. Бул окуучу буга чейин мектепке бир нече жолу жан-жаныбар көтөрүп келген. Бир жолу өлгөн тыйын чычкан көтөрүп келгенин билем. Жакшы айтсаң түшүнбөсө, катуу айтканга туура келет экен да. Ошондо деле күчүгүн эшикке чыгартып, колун таптаза кылып жуудуртуп, анан сабакка алып киргенбиз. Видео ата-энелердин Вотсапптагы тайпасына жүктөлүп, ошол жактан тарап кетиптир. Бирок коомчулуктун айткан сындарын туура кабыл алабыз. Видеодогу окуучунун ата-энеси азырынча бизге эч нерсе дей элек, бирок туура эле түшүнөт деген ниеттебиз.

Илим Карыпбеков, медиа эксперт: “Баланын жүрөгүндө өсүп келе жаткан мээримди сындырбайлы”

– Коомдо калыптанган эрежелер боюнча күчүктү мектепке алып келүү болбой турганын баары эле билишет. Бирок биз балдарыбызды ата-энесине күйүмдүү болсун, боорукер, мээримдүү болсун, кырстык, одонолук болбосо экен деп тарбиялайбыз да. Ошол мээримдүү болуунун өзөгү жан-жаныбарга аяр мамиле жасап, аны жакшы көргөндөн башталат. Керек болсо ошол урушуп жаткан мугалимдеринин берген тарбиясынын, билиминин жыйынтыгы десек болот. Баланын жүрөгүндө өсүп келе жаткан мээримди сындырбайлы. Окуучунун жүрөгү ушунчалык кенен экен, балким, эшикте үшүп калат деп класска алып кирди. Бул окуяда мугалимдердин баланы “мектептен айдайбыз” деп урушканы туура эмес. Баладагы ошол мээримдүүлүктү кандай пайдаланыш керек, ошону үйрөтүү керек. Жан-жаныбарларды жакшы көрбөй, жакшы көрсөм чоңдор урушат деп коркуп калышы мүмкүн бала. Менин да кичинемде Кумайык, Акжолтой деген иттерим бар эле. Чоң атам менен чоң апам башка айылга көчүп кетишип, мени байкем менен жеңемдин колуна таштаганда эң жакын досум ошол Кумайыгым болгон. Анткени байкем мени ини катары анча деле жакшы көрө берчү эмес. Эч кимден албаган жылуулукту, мээримди эң жакын досума айланган итимден алчумун. Кийин Акжолтой деген итимди ит атарлар атып кетишкенде өз көзүм менен көрүп жүрөгүм ооруган, адамдардын ушундай зулум эрежелери бар экенине жаным кейиген. Кандай кыйынчылык шарт болбосун боорукерликти сактап калалы, балдардын жүрөгүндөгү мээримди өлтүрбөйлү.

Бул окуяда мугалимдин катачылыгы – анын эмоцияга алдырып, баланы катуу тилдегени деп бааланууда. Ачууланбай, окуучуга эскертүү берип койсо жарашмак. Ошол эле учурда мугалимдин да аброюна, намысына шек келтирген жаман сөздөрдү жаадыруу жакшы көрүнүш эмес. Сынды да маданияттуураак айта билсек деген гана тилек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан