МОНЧОНУ ЖАКТЫРГАН ЭСТОНИЯ

Борбору – Таллин

Аянты – 45 227 чарчы чакырым

Калкынын саны – 1 357 739 (2023-жыл)

Тили – эстон тили

Президенти – Алар Карис

Башкаруу системи – парламенттик

Валютасы – евро

Таллин – Европанын жашыл борбору

Эстония – Европанын түндүк-чыгышында Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан 15 уездден турган чакан өлкө. Евросоюздун курамына кирип, НАТОнун мүчөсү болгон Эстония акча бирдиги катары еврону колдонот (2011-жылдан тартып). 1940-жылы СССРдин курамына кабыл алынып, 1990-жылы кайра бөлүнүп чыккан. 1991-жылы 20-августта өз алдынча мамлекет катары эгемендүүлүгүн жарыялаган. Эстония орто кылымга таандык ак сарайларга жана чептерге бай. Таллинде маданий жайлар жүздөп саналат, алар ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарына катталган. 2011-жылы шаар Европанын маданий борбору деп табылса, 2023-жылы Европанын жашыл борбору деген титулду алды. Жыл сайын 2 миллиондон ашык турист келет. Эстония келип-кеткен коноктордун саны жашоочулардын санынан ашкан саналуу өлкөлөрдүн бири. Эстон тилинен тышкары англис, орус, фин жана немис тилинде сүйлөшөт. Өлкөнүн 99,8 пайызы сабаттуу жана алардын ар бири кошумча тилди билишет.

Коомдук транспорттордо жүрүү бекер

Европа өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы алдыга кетип жаткан мамлекет. Ички дүң продукциясы киши башына 28 миң долларды түзөт (2022-жылга карата). Орточо айлык акы 1700 евро же 158 миң сом. Евросоюзга киргенден кийин айлык акы үч эсе көтөрүлгөн. Ошентсе да жаш, билимдүү жарандары мындан көп маяна алуу үчүн башка мамлекеттерге миграцияга кетишет. Мунай энергетикасы, телекоммуникация технологиялары, текстиль, химиялык иштетүүлөр, банк, тамак-аш жана балык чарбасы, токой жыгачтарын иштетүү, кеме куруу, электроника жана транспорт – экономикасынын негизги тармактары болуп саналат. Европадагы жол акысы бекер болгон алгачкы өлкө, 2018-жылдан бери автобус, троллейбус, трамвай сыяктуу коомдук транспорттордо жүрүү акысыз. Эстония санариптик технологияга өтүп, бардык документ иштери ачык-айкын жүргүзүлөт. Натыйжада жең ичинен иш бүтүрүүгө жол жабылган. Салыктарды 3 мүнөттө төлөп, үч саатта өз компанияңды ачууга болот. Бир гана никеге туруу жана ажырашуу онлайн жүргүзүлбөйт. Анткени бул маселе алар үчүн бетме-бет отуруп чечүүчү маанилүү иш катары саналат.

Аянтынын 50 пайызын токойлор ээлейт

Токойдун көптүгү боюнча дүйнөдө Финляндия, Швеция, Словениядан кийинки орунда турат. Аянтынын 50 пайызын токойлор ээлейт. Мамлекет жаратылышына, токойлоруна өзгөчө мамиле жасап, 8 пайызын тыкыр коргоого алган, ал жакта табигый процесстер гана жүрөт. Бул мамлекетте карышкыр улуттук жаныбар катары эсептелсе, чабалекей улуттук канаттуу катары баркталат. Эстония менен Финляндиянын ортосунда 2000ден ашык арал бар. Эстонияга таандык болгон эң чоң арал Сааремаада орто кылымга таандык Эпископ ак сарайы эч өзгөрүүсүз сакталып калган. Ушул эле аралга метеорит ташы түшүп, диаметри 110 метрди түзгөн ойдуң пайда болгон. Ал жакка бутпарастар курмандык чалышкан. Евразиядагы эң чоң метеорит түшкөн жерди көрүүгө туристтер да ашыгышат.

2023-жылды сауна жылы деп жарыялашты

Эстониялыктар жаш-кары дебей мончо, саунага барууну абдан жактырышат жана тамыры терең жайылган салт катары кармашат. “Мончо денени да, жан дүйнөнү да тазартат” деп эсептешет. Мончо, саунанын 150дөй түрү бар, бирок эң жайылганы – ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарына кирген түтүн мончосу же кара мончо. Сыртынан карап үй күйүп жатат го деп ойлоого болот, бирок мору жок мешке 7-8 саат бою от жагылып мончонун ичи кара түтүнгө толот, түтүн чыккандан кийин таптаза аба жана буу пайда болот. Бул мончо ден соолукка пайда деп жактырышат. Европадагы эң чоң сауна марафону да Эстониянын Отепя шаарында өтөт. Дүйнө жүзүнөн келген командалар бир күн ичинде мүмкүн болушунча ондон ашык ар кандай мончолорго барып үлгүрүшү шарт. Марафондун жүрүшүндө муз тешигинен сүзүү жарышы да бар. Эстония 2023-жылды сауна жылы деп жарыялады. Буга байланыштуу жыл бою жуунуу боюнча марафон өткөрүү иш-чаралары да белгиленген.

Ыр, бийге жакын

Жайдары жүргөн, тамаша-какшык менен сүйлөгөн адамдары патриот дагы. Ошондой эле дүйнөдөгү ыр-бийге жакын эл. Салттуу ырларынын коллекциясы дүйнө боюнча эң көп сакталган. Ар 5 жыл сайын ыр, бий майрамы уюштурулуп, 200 миңден ашык аткаруучулардын жана көрүүчүлөрдүн башын бириктирет. Бул майрам биринчи жолу 1969-жылы өтүп, жөрөлгө ЮНЕСКОго материалдык эмес маданий мурас катары катталган. Мындан сырткары музыка жумалыктары, ар кандай кичи фестивалдар күттүрбөстөн өтүп турат.

Балдар менен музейге саякат кылуу салт

Эстонияда тарыхый жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн иштери коюлган 250дөй музей бар. Бул музейлер архитектуралык дизайны, кызыктуу экспонаттары, интерактивдүү экспозициялары жана тамактанууга ылайыктуу жайлары менен кызыктуу, ыңгайлуу. Эстондордо балдар менен музейге саякат кылуу да салт катары калыптанган.

Ошондой эле күйөөсүнө минүү сыяктуу жубайлардын мелдеши, экстремалдуу селкинчек деген спорт түрү бар. Селкинчек тебүүдө чоңдор 360 градуска чейин айланышат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан