ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-февралдан 26-февралга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жакындарыңызды сынап, кимиси менен “мергенчиликке” чыкса сизди ара жолдо таштабасын билип алсаңыз болот. Аптада олуттуу маселени талкуулап, чечим кабыл алуу алдында турсаңыз, пландарыңызды өзгөртүүгө туура келет. Саякаттоо жана достук жолугушуулар үчүн ийгиликсиз апта. Мөөнөтү өтүп кеткен дары ичип ууланып калуудан сак болуңуз. Бойдоктордо виртуалдык таанышуу орун алып, аны менен реалдуу жашоодо эртерээк жолугушуу каалоосу пайда болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жубайлардын бири-бирине болгон сыйы артып, мамилеси жаңы деңгээлге чыгат. Таарынычтардын баарын кечирип, жашоону жаңы барактан башташат. Кесиптик ишиңизде кимдир бирөө олуттуу чечим кабыл алууга түртүшү мүмкүн. Бирок чагымчылдыкка алдырбай, өз ыңгайыңызга карап чечим кабыл алыңыз. Достор менен түшүнбөстүктөр жаралып, бул абал сизди алардан убактылуу оолактатат. Жаңы таанышуулардан жана документке кол коюуда этият болуңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ден соолугуңузга байланышкан көйгөйлөр жокко чыгарылбайт. Аптада таасирдүү, абройлуу адамдар менен байланыш түзүп өз маселеңизди чечип алсаңыз болот. Насыяга ири өлчөмдөгү сатып алууларды пландабаганыңыз туура. Эгиздер кырдаалдын өзгөрүшүнө даяр болгону жакшы, бул убакытка пландалган сапар болбой калышы мүмкүн. Чөйрөңүздү позитивдүү адамдар менен кеңейтиңиз. Кандай кыйынчылык болбосун аны тынч кабыл алып, эмоцияга алдырбайсыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Баш аламан сүйүү мамилесин куруу сунушталбайт, кийин аброюңузга көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Айымдар романтикалык окуялардын каарманына айланышат, сүйүктүү адамыңыз күтүлбөгөн сюрприздерди жасайт. Тажрыйба алмашуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү ийримдерине катышыңыз, сизге көп нерсени үйрөтө турган, рухий устатыңыз болуучу адамды жолуктура аласыз. Дем алыш күндөрү түгөйүңүз менен сиздин ортоңузда акча маселесине байланыштуу чыр чыгышы мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандарда үй-бүлөлүк жана нике мамилесинде курч кырдаал жаралышы күтүлөт. Сүйүктүү адамыңыз менен ата-энеңиздин ортосунда чыр чыгып, бул үй-бүлөдөгү кырдаалдын начарлашына алып келет. Апта ортосунда жакындарыңыз менен кеңешпей банктан насыя албаңыз. Кийин туура эмес чечим кабыл алганыңызга өкүнүп, каржылык кыйынчылыктарга тушугасыз. Балалуу арстандар балдарына үй жаныбарын сатып беришсе болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта башында бийкечтер ден соолугуна байланыштуу жакындарына кам көрүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Башкысы, өзүңүз ооруп калбаганга аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүк мамиледе жубайыңыз сизден бир нерсени жашырып жаткандай сезилет. Бирок аны менен ачык сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпайт. Жубайыңызды жайына койгонуңуз оң. Дем алыш күндөрүнө олуттуу иштерди пландабай эле коюңуз, көбүрөөк эс алыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Сүйүктүүңүзгө же балдарыңызга алардан сурабай туруп белек тандабай эле койгонуңуз туура. Сиз тандаган белек аларга жакпай, жакындарыңызды кубантууга болгон аракетиңизден майнап чыкпай калышы мүмкүн. Аптада иммунитетиңиз начарлап, вирустук инфекцияларды козгошу күтүлөт, андыктан суук тийгизүүдөн этият болуңуз. Дем алыш күндөрү жакындарыңызды конокко чакырып, чер жазып баарлашсаңыз болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта башында чаяндар жакын туугандар менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү пландабаганы жакшы. Бул кээ бир принципиалдуу маселелер боюнча пикир келишпестиктерди күчөтөт. Үйүңүздү иретке келтирип, батириңизде тазалоо иштерин кылсаңыз болот. Башынан ашыктык доорун өткөрүп жаткан чаяндардын сезимдери курчуп, мамилесин идеалдаштырууга ыктайт. Балалуу чаяндар балдардын жүрүм-турумун жакшылап карашы керек.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сиздин атыңызга же жакындарыңыздын аброюна көлөкө түшүрө турган жагымсыз маалымат угасыз. Жеке жашооңуз жөнүндө ачык айтпаганга аракет кылсаңыз да, тааныштарыңыздын бири билбестиктен айрым маалыматтарды ачыктап жибериши мүмкүн. Аптада жан дүйнө тынчтыгын жакындарыңыздын курчоосунан, колдоосунан табасыз. Үй-бүлөлүк коломто жайлуу атмосфера жана жылуу психологиялык климат менен кубандырат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

“Досуңду жоготкуң келсе, ага карызга акча бер” деген кепти эстей турган учур келди. Досторуңуз карызга акча сурашы мүмкүн. Баш тартып, жок деп айтуу үчүн жакшы, ынанымдуу себеп тапканга аракет кылыңыз. Алдамчылардан жана шылуундардан сак болуңуз. Жумушта убактыңыздын тардыгынан жолугушууларды жана иш сапарларды дем алыш күндөрү пландаганга туура келет. Сүйүү мамилесинде сизге ийгилик жылмаят.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада суу куярлар имиджин өзгөртүүнү каалашат. Бирок жылдыздар бул өзгөрүүгө шашпоону сунушташат. Анткени ал өзгөрүүлөр өзүңүзгө да, чөйрөңүздөгүлөргө да жакпай калышы ыктымал. Айрым материалдык маселелериңиз оңой чечилет. Тиричилик буюмдарын сатып алып үй түйшүктөрүн жеңилдетсеңиз болот. Кайсы бир майда-барат жумуштар менен алаксып, аткара турган негизги жумушуңузду унутуп калбаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Аптада укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен келишпестиктер орун алат. Унаа айдоодо эрежени так сактоону унутпаңыз. Энергияңыз артып музыка, сүрөт тартууга болгон кызыгуу ойгонот. Музейлерге, көркөм галереяларга, концертке баруу үчүн ыңгайлуу апта. Бойдоктор көп жыл достук мамиледе жүргөн адамына сезими бар экенин моюндашат. Ал эми жумушта кесиптештер арасында кадыр-баркыңыз өсөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан