Канат Дилдедосов, алпаруучу: «ДИПЛОМАТ ЖЕ ЖУРНАЛИСТ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Бүгүнкү каарманыбызды сиз да, сизден өтүп балаңыз жакшы тааныйт. Ал – 4 жашынан бери “Баластан” телеканалында балдардын сүйүктүү алпаруучусу болуп келген, учурда актёр, ырчы Канат Дилдедосов.

– Канат, кандайсың? Окууларың жакшыбы?

– Жакшы, кандайсыздар? Окуум жакшы. Учурда Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде 8-класста окуп жатам.

– Учурда окуудан тышкары эмне иштер менен алексиң?

– Азыр көбүнчө сабактарга көңүл бөлүп жатам, 11-классты кызыл аттестат менен бүткөнгө аракет кылып, мектепти аяктагандан кийин чет мамлекетке барып окусам деп тилек кылам. Ошондой эле жакында “Эрмен жыты” деген тасмага тартылгам, ошонун премьерасы болду. Андан сырткары ар кандай роликтерге да тартылып турам.

– Эң алгач эфирге 4 жашыңда чыккансың. Ошол кездеги Канатты, анын сезимдерин сүрөттөп берчи.

– 4 жашымда аябай бышык болчумун. Башында “Баластанга” эжемди чакырышкан эле, эжем “Манас” айтчу. Мен апамды ээрчип барчумун. Эжемди эфирге тартып жаткан учурда мен бери жакта микрофонду ала калып өзүмчө алпаруучу болуп ойноп, ар кимге суроолорду бере берчүмүн. Ошол жерден мени Мээрим, Кундуз деген эжелер жактырышып, “Баластанга” алышкан. Бирок ал учурда “р” тыбышына тилим келчү эмес. Ошондон бери алпаруучу болуп жүрдүм. Былтыр жайында бир аз чоңоюп, үнүм да өзгөрө баштагандыктан, тыныгуу жасай турайын дедим. Толугу менен үнүм калыптанып бүткөндө башка долбоорлордо да иштөөгө аракет кылам.

– Эфир учурундагы кызыктуу окуялардан айтып берсең...

– Кичине кезимде апам чөнтөгүмө конфет салып берчү, курсагым ачканда “дааратканага барам” деп чыгып, оозума конфет салып келе берчүмүн. Ал кезде экскурсияга чыкчубуз, заводдорго, китеп чыгарган жерлерге, китепканаларга барып, ал жерлердин ишин балдарга көрсөтчүбүз.

– Кичинеңден ырдап да жүрөсүң..

– Ооба, кичинекей кезимде бышык, таланттуу болчумун. Азыр деле ырдамакмын, үнүм өзгөрө баштаган үчүн токтоттум. Мындай учурда ырдай берсең үнүң бузулуп кетиши мүмкүн экен. “Тай, бөбөктү” 5 жашымда ырдагам, Динара Мамбетакунова деген эже сунуштаган. Эжем экөөбүз 1 күн кечке сөзүн жаттап, анан үн жаздырып, клип тартканбыз. Башында эч ким деле көргөн эмес, 3-4 жылдан кийин карасам көрүү миллиондон ашып кетиптир. Азыр андан да көбөйүп калса керек. 6-классымда “Жашынмакты” ырдагам, бул апамдын идеясы болчу. Ал учурда ырдаганды аябай жакшы көрчүмүн. Клипти “Ала-Арчадан” тартканбыз. Ал ырдын автору – Майрамбек Осмонов.

– Ата-энең тууралуу айтып берчи.

– Ушунун бардыгына жетелеп барып, түртмөлөп турган апам болду. Менин чыгармачылыкка келгеним, алпаруучулугум, аны алып кеткеним баары апамдын эмгеги. Кичинекей кезимде телеканалга апам өзү алпарып, кайра алып кетип, тексттерди жаттатып, баарын жасачу.

– Канча бир туугансыңар?

– 4 бир тууганбыз. Эң улуубуз Сезим эжем, ЖОЖдо 1-курста окуйт. Кийинки эжем Гүлзар 11-класста, карындашым 6-класста окуйт. Эжем мурда “Манас” айтчу, андан кийин “Келин” деген Индия сериалын кыргызчалаштырганда Анандинин үнүн коштогон. Азыр сабагына эле көңүл бурат. Гүлзар эжем да ошол сериалда Чампа деген кыздын үнүн коштогон. Карындашым аябай жакшы окуйт. Мектептен саат 5те келсе, 10го чейин тапшырмасын аткарып отура берет. Кичинесинен эле ушундай. Жумушту так аткарат. Чыгармачылыкка да жакын. Жакындан бери карындашым экөөбүз “Туура тамактануу” деген долбоор менен иштеп жатабыз. Кичинекей балдарга туура тамактанууну үйрөтөбүз. Карындашым аккордеон ийримине барат, Гүлзар эжем гитарага барган. Мен комузга барчумун.

– Анда теманы башка нукка буралы. Өткөөл куракка келип калыптырсың, сүйгөн кызың барбы?

– Жо-ок. Өткөөл курактан өтүп кеттим болуш керек. Өзү “переходный возраст” 6-7-класстарда болот го. Мен көбүнчө футболго кызыгам, футболго барчумун. Азыр кыш, сууктан улам барбай калдым.

– Кайсы сабактарды жакшы көрөсүң?

– Баарын эле жакшы көрөм, бөлбөйм.

– Келечекке кандай пландарың бар?

– Келечекке пландарым көп. Эң биринчиси – Кыргызстаныбызга салым кошкум келет. Анан артымдан из калтырып кетүү, мыкты адам болуу, турмуштан ордумду табуу. Үйдө жалгыз уул болгондуктан, апамды жакшылап карашым керек. Ошон үчүн жакшы окуп, жакшы жумушка киришим кажет. Ошонун баарына жетиш үчүн эң башкысы азыр жакшы окушум керек да. Канчалык жакшы окусам, келечекте баары жакшы болот деп ойлойм.

– Эмнеге чет жактан билим алгың келет?

– Чет мамлекетте баары бир билим берүү күчтүүрөөк болот да. Мен мыкты билим алгым келет. Апам менен кеңешип, чет жактан окуюн деп чечтим. Буюрса, Германияга барып окуп келүүнү пландап жатам.

– Кичинеңде келечекте президент болом деген экенсиң, азыр президент болгуң келбей калдыбы?

– Билбейм. Балким, президент деле болуп калышым мүмкүн.

– Негизи эле келечекте кайсы кесипти аркалагың келет?

– Толук чече элекмин. Негизи дипломат же журналист болгум келет.

– Тасмага, клиптерге тартылып жүрөсүң. Эң биринчи кайсы клипке тартылдың?

– Эң биринчи Арсендин “Энекебай” деген ырынын клибине тартылгам. Арсен байке өзү апама чалган. Бир күндө эле тартып койгонбуз, кыйынчылык деле болгон эмес. Андан кийин Жоодарбешимдин “Балапаным” деген ырынын клибине тартылдым. Ал клипте ыйла деген жеринде ыйлай албай кыйналганым болбосо, жеңил эле болгон. Нурлан Насиптин клибине тартылып жатканда мурут тартып алып катышкам. Жалпы ондон ашык клипке тартылдым окшойт, унутуп калдым. Негизи ар бир клипке тартылганда кызыгып, берилип аткарам. Ар бир ролду аткарарда кызыгып, өзүңдү ошол каармандын ордуна коюп, түшүнүшүң керек да. Эгер түшүнбөсөң таасири болбой калат, жан дүйнөңдө эмне болуп жатканы көзүңдөн көрүнүп турушу шарт.

Негизи актёр болгум келбейт, бирок хобби катары алып кетсем дейм. Эгер сунуш түшүп турса ролдорду аткара берем.

– Досторуң көппү?

– Бар, көп эле. Бирок көп деле сүйлөшпөйм.

– Мектепте мушташка жакын тентек окуучулар болот го, сен андай эмес болушуң керек?

– Жо-ок, эч ким менен мушташпайм. Андайларды жаман көрөм.

– Азаматсың, тилектериңе жетип, бактылуу бол!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан