Сүйүшкөндөр күнү деп көпчүлүк уу-дуу түшүп, сүйүү тарыхын жазып жатышканда мен дагы жазгым келди. Андан бери билинбегени менен 8 жыл өтүптүр. Аптаптуу жай мезгилинин акыркы күндөрүнүн бири эле. Ушул учурдагы Ысык-Көлдөгү атмосфера ушунчалык жаккандыктан, чемоданга кийимдерди чогултуп Ысык-Көлдү көздөй сапар алдым. Кайда барбайын жаныма китептерди ала жүрмөй жайым бар. Көпчүлүк «жүрү, бул жакка барып келели» деп курбуларын ээрчитип алат эмеспи, а мен жаныма эки китеп алып эле кете берчүмүн. Шеригим китеп эле десем болот.
Адаттагыдай китебимди шерик кылып алып бир аптага Ысык-Көлгө келдим. Баштапкы эки күн өзүм менен өзүм болуп, кааласам китеп окуп, кааласам уктап жакшы өттү. Мен мындай жалгыз сапарларга абдан көп чыкчумун. Бирок эч убакта зерикчү эмесмин. Бул жолу баары адаттагыдан башкача болду. Эки күн өткөндөн кийин ушунчалык жалгызсырай баштадым. Китеп мага мурдагыдай шерик боло албады. Немис жазуучусу Ханна Видер «Көп аялзаты кечтерди жалгыз өткөрүүдөн тажаганда күйөөгө тийишет. Ошондой эле көп аялдар кечтерди жалгыз өткөрө берип тажаганда күйөөсү менен ажырашат» дегендей, мен дагы жалгыздыктан тажай баштаганымды сездим. Эмнегедир ушунчалык чоң сүйүүнү баштан өткөргүм келди. Жаштыгымдын жалындуу жылдарын жалгыздыкта өткөрүп жатканым кайсы бир деңгээлде өкүнүчтүү болду. Эмнеге мен мамиле күтүүдөн өзүмдү оолак кармап келдим деп көпкө ойлондум. Ал жумуш, бул жумуш болуп жүрүп жан дүйнөбүзгө деле үңүлбөй калат экенбиз. Мага бул жалгыз келген сапарым жаныма жан шерик керек экенин эскертти. Ушул күнү мен сүйүүгө жүрөгүмдү ачтым.
Адатта Ысык-Көлгө бир учурда эс алууга келгендер бири-бирин сырттан таанып, бири-бирине көздөрү көнүп калат эмеспи. Келгенден бери тамактанууларга бир мырза менен чогуу кирип калып жаткам. Экөөбүз мейманканада коңшу бөлмөлөргө жайгашканбыз. Бир күнү кечке маал каалганы бирөө акырын каккылап калды, ачсам ошол жигит экен.
– Кечиресиз, тынчыңызды алып жатам.
– Эмне керек эле?- дедим.
– Телефонуңузду берип турасызбы, телефонумду таппай калдым, чалып алайын,- деди.
Телефонумду алып чыгып бердим. Жарым саатка чукул убакытта телефонумду алып келип берди. Кечирээк чоочун номерден чалуу келди. Ким экенин сурасам, “мен телефонун жоготкон кошунаңыз, сизге ыңгайлуу болсо көл жээкке сейилдеп келбейлиби” деди. Адатымча “жок, кеч болуп кетти, мен уктайм” дедим. “Бир күн кечирээк уктап койсоңуз эч нерсе болбосо керек, мен сизге 10 мүнөттөн соң барам” деп телефонду өчүрүп койду. Поляк жазуучусу Янина Ипохорскаянын “аялдар бала сыяктуу “жок” деп айтканды жакшы көрүшөт, мырзалар да бала сыяктуу, аялдын “жок” дегенин олуттуу кабыл алып алышат” деген сөзү бар эмеспи. Анын сыңары бул жигиттин менин жок дегениме көнүп, оозун ачып отуруп калбаганы мага жага түштү. Кечкисин сыртта аба салкын болгондуктан күрмөмдү кийип 10 мүнөттүн ичинде даяр болдум. Туура 10 мүнөт өткөндө эшик кайрадан кагылды. Дапдаяр турсам дагы аны күттүрүп туруп чыктым. Ошентип экөөбүз тамактандык, көл жээктеп бастык. Ал дагы китепкөй экен, экөөбүз талкуулай турган тема толтура болчу. Аны менен өткөргөн убакыт мага да кызыктуу болуп жатты. Бул күнү Ысык-Көлдүн таңын тосууга да жетиштик.
Эртеси эс алуусу аяктап, ал Бишкекке кетти. “Ысык-Көлдө болгон бардык нерсе Ысык-Көлдө калат” деп коюшат го. Мен мамилебиз уланат деп деле ойлогон эмесмин. Бирок баары мен ойлогондон башкача болду. Мен каалап жаткан чоң сүйүүнү Кудай мага бат эле жөнөттү. Сонун адамга жолуктум, көп өтпөй баш коштук. Жакшы жашап жатабыз. Үй-бүлөлүк жашоо мен ойлогондой коркунучтуу эмес экен. Баары сонун, жаныңда сени сүйүп, урматтап турган адамдын болгонун сезүү өзгөчө сезим тура. Мамилеге жабык болбой, адамдардан өзүңдү алып качпай сүйүүгө жүрөгүңдү, жан дүйнөңдү ачкан кезде Кудай деле сен издеп жүргөн адамыңды жөнөтөт окшойт. Ошентип чогуу сейилдеген бир эле түн биздин жолдорду түбөлүккө бириктирип койду.