Фатима Серазиева, интернет жылдызы: «ҮНҮМДҮ БУЗБАЙ ТАРБИЯЛАЧУ УСТАТ КЕРЕК»

Эстен кеткис эски ырларды ийине жеткире ырдап көпчүлүккө таанылды. Талантынын артынан чет элдик телеберүүлөргө да тартылып жылдызы жанган Фатима Серазиева менен маектештик. Ал “эми чыгармачылыкка жең түрө киришем” дейт.

– Салам, Фатима! Окурмандарга өзүңдү тааныштыра кетсең. Кайсы жактан болосуң?

– 1998-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Атай Огомбаев айылында жарык дүйнөгө келгем. Биздин айылды көбү Беш-Таш айылы деп билишет. Жөнөкөй, карапайым үй-бүлөнүн кызымын, ошону менен сыймыктанам. Тилекке каршы, музыка жаатында атайын билимим жок. Табигый үнүмдү бузбай, тарбиялап, жол көрсөтчү мугалим чыкса андан билим алсам деп турам.

– Ырчылык талант кимден өттү сага?

– Чыгармачылыкка кызыгуу 5-6-класстарда окуп жатканда ойгонду. Бактыбек деген агайымдын аккордеону менен ырдап, мектептин атынан сынактарга барчумун. Үйдө болсо чоң апам айткандай, кыңылдап эле совет доорундагы ырларды ырдай берчүмүн. Үй-бүлөдө менден башка чыгармачыл адамдар жок.

– Эмненин таасиринен улам советтик ырларды ырдап калдың?

– Үйдө чоң атам, атам, байкелерим советтик ырларды көп угушчу. Ушундан улам болуш керек. Анна Герман, Валентина Толкунова, Мария Пахоменко сыяктуу мыкты аткаруучулардай ырдагым келчү, анан аларды туурап ырдап жүрдүм. Идиш-аяк жууганда, үй жыйнаганда, мектептен келе жатып деле... Кийин ушулардай таанымал болсом деп аябай кыялданчумун.

– Интернетте элге таанылып, мактоолорду угууга жетиштиң. Көпчүлүктүн колдоосу ал кыялды ого бетер күчөттүбү?

– Албетте. Улуулар батасын берип, жакшы сөздөрүн айтып, “бизди жаштыгыбызга алпарып келдиң” десе, аларга мурдагыдан да жакшы ырдап, сонун маанай тартуулагың келет. Алдыга умтулууга дем-күч берет экен.

– Өткөн жылы Орусияга Андрей Малаховдун берүүсүнө барып келдиң. Кандай таасирлер калды?

– Былтыр июнь айында мага чалышып, Андрей Малаховдун “Песни от всей души” аттуу берүүсүнө катышууга чакырып калышты. Ойлонбостон макулдугубузду берип, жолдошум экөөбүз барып келдик. Чынын айтсам, аябай сүйүндүм, Кудайга ыраазы болдум. Ичимден Жаратканга улам рахмат айтып жаттым. Аппаратураларынын сапаты жакты, үнүң аябай тунук чыкса ырдагың эле келип турат экен. Студиясынын жасалгасы да мыкты, жумушчулары ишине абдан так экенин байкадым.

– Кыргыз ырларын көбүрөөк ырдоо тууралуу да ойлоруң барбы?

– Албетте. Кыргызча ырдаганымды видеого тартып чыгарбаганым эле болбосо, оркестр, ансамблдердин коштоосунда ырдап эле жүрөм. Кыргызча ырлардын музыкасын интернет желесинен табуу кыйын, ал эми жаңы жаздыруу үчүн бир топ каражат керектелет, ага азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ошон үчүн кыргызча ырдаганым элге кеңири тарабай жатат. Бирок бул жөн гана мезгилдин иши, убактысы келгенде баары оң жагына чечилет деп ишенем.

Жолдошуң чыгармачылыкка аралашууңа кандай карайт?

– Жолдошум – башкы колдоочум. Менин чыгармачылыгымды жолдошум түшүнгөндөй эч ким түшүнбөйт. Ал дагы чыгармачыл адам, балет артисти. Балет менен дүйнө жүзүн кыдырып келген, азыр башка тармактагы иштери менен алек. Аң-сезими таза, акылы терең, ой жүгүртүүсү кенен инсан. Менин чыгармачылыгыма суктануу менен мамиле кылат. Ушундай мамилеси үчүн аябай ыраазымын.

– Мындан аркы пландарың кандай?

– Былтыр октябрь айында көз жарып, чыгармачылыкта тыныгуу алгам, бирок азыр ал-күчкө толуп, жеңди түрүп кайра киришкени турам. Азыркы учурда таланттуу жаш композитор Нуржигит Молдояров менен жаңы кыргызча дуэт жаздырып жатабыз. Ырдын сөзү-обону ушул жигитке таандык, буюрса, автор экөөбүз жакын арада элге тартуулаганы турабыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан