Орус кино тарыхында эң көп каражат топтогон «ЧЕБУРАШКА» тасмасы

...А я играю на гармошке

У прохожих на виду

К сожаленью, день рожденья

Только раз в году...

Ыр эсиңизге түштүбү? 1969-жылы чыккан мультфильмде крокодил Гена гармошканын коштоосунда ырдаган бул чыгарма азыр да актуалдуулугун жогото элек. Гена менен Чебурашканы кайрадан эске салгысы келген орустар “Чебурашка” тасмасын жаратышты. Орус кинематографиясында эң көп каражат топтогон тасма катары тарыхка кирген “Чебурашканын” тарыхына, камера сыртындагы кызыктарга биз да саресеп салдык.

Тасманын аталышы: “Чебурашка”

Тарткан өлкө: Орусия

Чыккан жылы: 2022-жыл

Режиссёру: Дмитрий Дьяченко

Жанры: үй-бүлөлүк комедия, фэнтези

Узактыгы: 1 саат 53 мүнөт

Башкы ролдордо: Сергей Гармаш, Ольга Кузьмина, Полина Максимова жана башка

Бюджети: 850 миллион рубль

Кассадан түшкөн каражат: 6,1 миллиард рубль

Чебурашка деген ким?

Чебурашканын жаратуучусу – орус жазуучусу, балдарга арналган чыгармалардын автору, драматург, сценарист Эдуард Успенский. Жазуучу 1966-жылы “Крокодил Гена жана анын достору” чыгармасын жазган. Анда Генанын досу катары Чебурашканын персонажын ойлоп тапкан эле. Балдарга арналган чыгарманы 1969-жылы тасмага, мультфильмге айландырган режиссёр Роман Качанов болду.

Ал эми биз бүгүн сөз кыла турган тасма режиссёр Дмитрий Дьяченкого таандык. “Чебурашка” тасмасында мурдагылардан каармандар гана алынган, сюжети такыр бөлөк. Биз көрүп жүргөн Гена мурда крокодил эмес беле, жаңы тасмада Гена кадимки эле адам.

Үй-бүлөнү бириктирген жаныбар

Испания. Апельсин плантациясында эмгектенген фермерлерди жүдөткөн бир жандык бар. Делдейген кулактары бар бул жаныбар апельсин уурдап жейт, кубаласа кетпейт. Акыры тажаганда тузактын жардамы менен “ууруну” кармамакчы болушат. Кекиртегинин айынан тузакка түшкөн жандыктын мындан аркы тагдыры эмне болот деп жатканда катуу куюн башталып, апельсиндер менен кошо жаныбарды да алып кетет.

Орусия. Сочидеги ботаникалык бакта иштеген Гена аттуу абышка кызы Таня менен мамилесин жөнгө сала албай убара. Аялы каза болгондон кийин кызын таежесине таштап кеткени үчүн Таня атасын кечирбей койгон. Таня эчак чоңоюп, Толяга турмушка чыгып, экөө Гриша аттуу уулдуу болушкан. Үй-бүлөнүн шоколад саткан чакан дүкөнү бар, алдыда жыл сайын өтүүчү фестивалга даярданып жатышат. Бир күнү асмандан апельсин жаап, алар менен кошо баягы чоң кулак жаныбар да түшөт. Кокустан Генанын үйүнө кирип калган жандыкты абышка кабыл албай, кууп чыкканга аракет кылат. Бирок бара-бара ал Генанын маектеш, сырдашына айланат. Өзүнө өзү Чебурашка деп ат коюп алган жаныбарга эч ким менен сүйлөшпөгөн, түнт Гриша да кызыгып, акырындан сүйлөй баштайт. Чебурашканы көрүш үчүн таятасынын үйүнө барат. Кызы, небереси менен мамилеси жанданган Генанын кубанычында чек жок эле. Бирок алардын алдынан дагы бир тоскоолдук чыгат. Шоколад фабрикасынын башчысы Римма Танянын рецепттер жазылган китебин уурдап алып, китепти Чебурашкага гана алмашарын айтат. Гена же үй-бүлөсүн же жакын досуна айланган жаныбарды тандашы керек... Окуянын эмне болуп бүткөнүн тасмадан көрсөңүз болот.

Максаты

Тасманын көрөрманга бере турган максаты, тарбиялык мааниси эмне? Жаш балдарга арналган жеңил, үй-бүлөлүк комедия делгени менен, “Чебурашкада” азыркы коомдун маселеси чагылдырылган. Тасмадан адамгерчиликти, боорукердикти – таш боордук, кечиримдүүлүктү – ырайымсыздык жеңип баратканын көрсөңүз болот. Чебурашка да адамдар кечиримдүү болсо мынчалык маселеси көп болмок эмес деген ойдо. Жамандыкты жакшылык жеңет, аны эч качан унутпашыбыз керек.

Кыскача кызыктар

Чебурашканын үнүн коштогон – “Кухня” сериалына тартылып атактуу болгон актриса Ольга Кузьмина.

Тартуу иштеринде 6 тонна апельсин колдонулган.

Актёрдук курамдан сырткары тасмага 26 келемиш, 8 канарейка чымчыгы жана тоту куш, 6 деңиз чочкосу, 1 бульдог, 1 игуана тартылган.

Чебурашканын бою – 65 сантиметр.

СССР учурунда “Муравей” аталышы менен атактуу болгон Генанын мотороллерин Авито интернет-дүкөнүнөн таап, 3 даана сатып алышкан. Аларды тетиктерге бөлүп ажыратып, оңдоп-түзөп кайра бириктирип, эски көрүнгөндөй кылып сырдап, андан кийин Генанын колуна өткөрүп беришкен.

Идея

Фильмдин идеясы 2020-жылы эле жаралып, тартуу иштери 2021-жылы башталган. 2022-жылдын 23-декабрында бет ачары болуп, 2023-жылдын 1-январында дүйнөлүк прокатка чыкты. 3 күн аралыгында эле 850 миллион рублдук бюджетин актап, жыйынтыгында орус кинематографиясында эң көп каражат топтогон тасма катары рекорд жаратты.

Локация

Тасманы тартуу иштери Сочи, Кисловодск, Пятигорск, Ессентуки сыяктуу Орусиянын курорттук шаарларында жана Москванын айланасында жүргөн. Экрандагы жаратылыштын кооздугунан улам бекеринен бул шаарлар тандалбаганын көрөбүз.

Саундтрек

Тасмада “Моя Мишель” тобунун “Воздушный шар”, Севара Назархандын аткаруусундагы “Там нет меня”, Эдуард Хилдин «Я очень рад, ведь я наконец возвращаюсь домой…» жана мультфильмдеги «Крокодил Генанын ыры» саундтрек катары колдонулган.

Чебурашканын ойлорунан:

“Адам болуу кандай кыйын?!”

“Жаман ишти актаганга болбойт, бирок ар бир жамандыктын келип чыгуу себеби бар”.

“Мен адам болгум келбейт. Адамдар – таш боор! Алар жакындарын да сатып кетишет”.

“Адамдарда ушунчалык маселе көп. Анткени силер кечиргенди билбейсиңер, башкаларды да, өзүңөрдү да”.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан