ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-февралдан 5-мартка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Уккан маалыматыңызга кылдат мамиле кылыңыз. Кайсы бир таанышыңыз жөнүндө чындыкка дал келбеген маалымат угуп, ал тууралуу оюңузду өзгөртүүдөн алыс болуңуз. Бейтааныш адамдар менен болгон байланышты чектегенге аракет кылып, ушак-айыңдан оолактаңыз. Айдоочулар жолдо этият болуп, эреже бузбай айдоосу керек, анткени жол кырсыгына кабылуу ыктымалдыгы бар. Руханий байлыкты жакшы көргөндөр, эзотерикалык илимге кызыккандар үчүн жагымдуу мезгил болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Көңүл ачуу иш-чараларына, достук кечелерине, дискотека же клубдарга баруудан баш тартуу сунушталат. Анткени бул сизге көп каржылык чыгымдарды алып келет. Узак мөөнөткө эч нерсе пландабай туруңуз, жагдайлар өзгөрүп, учурдагы пландарга өзгөртүү киргизишиңиз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында өнөктөштүк мамилелерде турукташуу орун алат. Сүйүктүү адамыңыз же жумуштагы кесиптешиңиз менен талаштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер амбицияларын жөнгө салууга, эгосу менен күрөшүүгө аргасыз болушат. Максатыңызга жетүү жолунда олуттуу тоскоолдуктарга туш болосуз. Тез арада чечүүнү талап кылган маселелериңизди дароо чечип алыңыз, болбосо кийин чоң көйгөй жаратат. Өнөкөт ооруларды дарылоо үчүн жакшы убакыт. Ошондой эле тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү сыяктуу жаман адаттардан арылууга аракет кылсаңыз натыйжалуу болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Узак сапарга чыгуу сунушталбайт, жолдо чарчап же ооруп калышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөдө романтикалык мамилелер өнүгүп, жубайыңызга болгон сезимдериңиз күчөйт, берилгендик, ишенимдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк сыяктуу сапаттарды көбүрөөк баалай баштайсыз. Балдарды тарбиялоодо тартипке бекем болуңуз, өзүңүз олуттуу болбосоңуз, сиздин айткан эскертүүлөрдү балдарыңыз кулак сыртынан кетириши мүмкүн. Архитектор, инженер, курулушчулар айлык маянасы жогорулап кубанышат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй-бүлөдөгү тартипти калыбына келтирүү, жалпы тазалоо же оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу. Бир туугандар менен биргелешип жасалган иштер ойдогудай өтөт. Мураска байланыштуу маселелердин баары сиздин пайдаңызга чечилет. Үйдө улгайган жакындарыңыз менен курч темаларды талкуулап, буга чейинки таарыныч, араздашууларды унутууга бет аласыз. Тиричиликте химиялык каражаттарды колдонууда этият болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бийкеч айымдар түгөйүнөн шекшип, күмөн санай бергени туура эмес. Ашыкча кызганчаактыгыңыз жан шеригиңиздин жүрөгүн кысып, ал аба жетпей, деми кысылгандай абалга кептелиши мүмкүн. Бул учурда үйдөгү кичинекей кыйынчылыктарды укмуштуудай көрсөтүп, чыр-чатакка алып келбейин десеңиз сабырдуу болуңуз. Бизнесте кирешеңизди көбөйтүү жолун издейсиз. Бойдоктор сезимдерин жакшы көргөн адамынан жашырбай ачык айтканы туура.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жылдыздар таразаларга ден соолугуна, өзгөчө тамактануусуна жана жеген тамактарынын сапатына көбүрөөк көңүл бурууга кеңеш беришет. Бул күндөрү жеңил диетага отуруу, жок дегенде ашыкча тамактанбоо эң жакшы нерсе. Энергияңызды үнөмдөңүз, аны көп иштерге жеткирем деп баштаган долбоорлоруңузду аягына чыгара албай каласыз. Буга чейинки карыз, насыяларыңыздын баарынан кутулуп, көңүлүңүз жай алат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сүйүү мамилесин баштан өткөрүп жаткан чаяндар романтикалык мамиле түзүүдө кылдат жана сабырдуу болушканы туура. Ошондой эле көптөн бери чыгармачылык менен алектенгендер ичинде бышырып жүргөн идеяларын ишке ашырууга бел байлашат. Жумушта кесиптештер менен өзгөчө жакын мамиле орун алып, алардын жылуу мамилеси сизди чыйралтат. Эс алуу күндөрү жакындарыңыз менен шаар сыртына чыгып эс алып келсеңиз болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада “менин үйүм – менин чебим” деген принципти бекем карманып жашайсыз. Материалдык маселелерди чечүүгө ыңгайлуу жума болот. Жакындарыңыз сизге каржылык колдоо көрсөтүп, чоң суммадагы сатып алуулар үчүн жетиштүү акча чогултуп беришет. Туугандарыңыз менен мамилеңиз гармонияга айланат. Дүйшөмбү жана шейшембиде кыймылсыз мүлккө байланыштуу маанилүү документтерге кол коюудан баш тартуу сунушталат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада вирустук инфекцияларды жуктуруп албайын десеңиз коомдук транспортто беткап тагынып, жөтөлүп, чүчкүргөндөрдөн алыс туруңуз. Жолугушуулар жана алыскы сапарлар үчүн жакшы убакыт эмес. Окууга басым жасагандар ийгиликке жетишет, интеллектуалдык деңгээли өсүп, каалаган окуу жайына өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Каржы маселесинде кризиске кептелбейин десеңиз, ири сатып алууларды коё туруңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушта кызмат тепкичинен көтөрүлөсүз. Жакындарыңыз менен буга чейин келише албай жүргөн талаштуу маселелерди талкуулап, оң жыйынтык чыгарасыз. Унаа же батир сатып алам деп пландап жүргөндөрдүн ою ишке ашат. Акчаңызды накталай эмес, банк карточкаңызда кармаганыңыз туура, болбосо тоноочулардын курмандыгына айланып каласыз. Ачуу үстүндө жакындарыңызга катуу айтып көңүлүн оорутуп албаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мамилеңизди өзгөртөсүз. Сизде туугандык, жакындык, кыйышпастык сезим күчөйт. Сиздин идеяларыңызды, баштаган иштериңизди дайыма колдоочу адамдар чыгат. Буга чейин кол үзүшкөн түгөйлөр кайра табышып мамилесин улантышы мүмкүн. Олуттуу чечим чыгарууда терең изилдөө жүргүзүп анан бир тыянакка келгениңиз жакшы. Шашылыш кабыл алынган чечимдердин баары чийки болуп калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан