Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЭМИ ОРУС ТИЛИНДЕГИ ЫРЛАРГА БАСЫМ ЖАСАЙМ»

Жаз мезгили Мирбек Атабековдун күйөрмандары үчүн сонун концерт менен башталганы турат. Концертти утурлай Мирбек мырзаны кепке тарттык, ырчы жаңылыктары, ой-максаттары менен бөлүштү.

– Саламатсызбы, Мирбек мырза? Жыл башында апаңыз менен АКШда саякаттап келдиңиз окшойт. Кепти ушундан баштасак...

– Ооба, жыл жакшы башталды. Апамды АКШга алып барып келсем деп көптөн бери ойлоп жүрчүмүн, бирок виза буюрбай жаткан. Бул сапар апам өзү эле документ тапшырып койсо, виза чыгып калыптыр. “Виза алдым” деп сүйүнчүлөп калды. Ошол учурда мен да АКШга барганы жаткам. Кудай насип кылып, апамды саякаттатып келдим.

– Апаңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүптүрсүз да. Негизи апаңызга жакын көрүнөсүз.

– Байкем менен карындашыма караганда апама жакынмын. Атам каза болгондон кийин, 3 жашымда апам бир туугандарымды алып Бишкекке кеткен. Бообектин кичүү баласы деп чоң ата-чоң энем мени колуна алып калышкан. Ошентип апамдан, бир туугандарымдан бөтөн өсүп калдым да. Албетте, апам айылга барып, мен Бишкекке келип турчумун, бирок бул жетишсиз эле. Башкаларды көрүп мен дагы энелик мээримди эңсечүмүн. Чоң ата-чоң энем мени абдан эркелетип өстүрүштү, бирок баары бир алардын орду башка да. Энелик мээримге учурунда тойбой калгандыктанбы, азыркы күнгө чейин апама абдан жакынмын. Канча жашка чыксаң да эне үчүн сен бала бойдонсуң дейт го, апам да мени кичинекей баладай эле көрөт, мен дагы ага кичинекей баладай эле эркелейм.

– Күйөрмандар көптөн күткөн жеке концертиңизди өткөрүү алдында турасыз. Даярдыктар кандай жүрүп жатат?

– Даярдык абдан жакшы, буюрса. Канат Култаев, Адил Урдинов, Кайрат Мусаев башында турган чоң команда иштеп жатат. Симфониялык оркестр, бэк-вокал, айтор, сахнада мени элүүгө жакын адам коштойт. Андан тышкары актёрлор, бийчилер болушат. Уюштуруучу топ, музыкалык аппаратура койгондор, айтор, 5 күн бою ушунча адамды кармаш деле оңой эмес. Ошол себептүү, чыгымдардын баарын жабыш үчүн билеттердин баасын адаттагыдан кымбатыраак кылдык. Мындай сапаттуу концерт биринчи жолу болгону жатат. Оркестрдин коштоосунда ушундай концерт берүүнү кыялданчумун, ошол кыялымды ишке ашырганы жатабыз. Карьерамда мындай концерт бир эле жолу болот. Кийинки концерттердин форматы мындан башкачараак болот.

– Концерт башка жактарда дагы уланабы?

– Ооба, 2023-жыл концерттик гастролдордун жылы болот. Бишкектен кийин Дубайда концерт беребиз. Орозодон кийин Ош шаарында күйөрмандарды кубантабыз. Андан кийин Европага гастролдойбуз, Париж, Лондон, Берлин, үч шаар бизди күтүп жатат. Сөзсүз түрдө Орусияда да болобуз.

– Сизди футбол аянчасынан да көрүп калам. Футболго кызыгасызбы?
– Кээде ойноп турам. Чынында, убакыт тар болуп калат. Азыр тойлорго чектөө коюп койгом. Спортко жана чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл бурайын деп жатам. Буюрса, жаңы альбомдун үстүнөн иштейбиз. Чет элдик продюсерлер менен сүйлөшүп жатабыз. Чыгармачылыгымды КМШ өлкөлөрүнө багыттап, кийинки жылдан тартып орус тилиндеги ырларга да басым жасап баштайм.

– Кыргыз шоу-бизнесиндеги эң сапаттуу музыка жана клип деп “Мен сени менен” ырыңызды баалагандар көп. Ушул ырга токтоло кетсеңиз.
– Бул ырдын музыкасы оркестрдин коштоосунда жазылган. Канчалык жандуу коштоону көбүрөөк кылсаң каражат ошончолук көп кетет. Ал эми клибин тарттыруудагы техникалар Москвадан алып келинген. Аркасында чоң команда иштеди. Каражат көп сарпталган ырларымдын бири. “Мен сени менен” ырымдын үстүндө бир жылдай иштедим. “Кечки Бишкек”, “Жүрөктө сенсиң, жаным”, ушулар бир мезгилде даярдалып жүргөн ырлар болчу. Биз бири окшошпой жатса, кийинкисине өтүп, бир убакытта он чакты ырдын үстүндө ыр бышмайынча иштеп жүрө беребиз.

– Фонограммага мамлекеттик деңгээлде тыюу салынып, шоу-бизнес бир уу-дуу түштү. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
– Көз карашым жакшы. Жеке мага мындай мыйзамдын бар-жогунун айырмасы деле жок. Концерттеримди дайыма эле жандуу үн менен берип келгем. Мындан ары деле жандуу үн менен ырдай берем.

– Фонограммага тыюу салуу менен чыныгы таланттар иргелет дегенге кошуласызбы?
– Жандуу ырдатып отурбай эле фонограмма ырдаганынан эле, ырчынын таланты, үнү барбы-жокпу билинип калат. Компьютер баштан-аяк жасап бербейт да, баары бир өзүң ырдайсың, ошол үндү эле түшүрүп берет. Угармандын баары эле мунун үнү бар, үнү жок деп анализдеп отурбайт. Жакшы ыр экен деп уга бериши мүмкүн. Техникалык жактан да маселелер бар. Талапка жооп бере турган аппаратуралар аз. Аппаратура, акустика жакшы болсо, эки күн бою ырдасаң деле үнүң чарчабайт. Экөө тең начар болсо, эки ыр ырдаганда чарчап каласың. Акустикасы жакшы деп концерт өткөрүүгө атайын Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын сахнасын тандадым

– Устатчылыкка кандай карайсыз? Шакирт чыгарайын, тажрыйба бөлүшөйүн деген оюңуз барбы?
– Мен өзүм негизи үйрөткөнгө жокмун. Үйрөтүңүз дегендер болот. Мен деле аракет кылып көрдүм, бирок ага чыдабайт экенмин. Балким, убакыттын өтүшү менен ал нерсе келет. Мага деле мындай ырда деп эч ким үйрөткөн эмес. Өзүм эле изденип келе жатам.

– Ушунча жылдар популярдуулукту бир кылкада кармап келе жатасыз. Популярдуулукту сактоо үчүн аракет кыласызбы?
– Популярдуулукту кармап турайын деп деле аракет кылбайм. Жан дүйнөм жактырган чыгармачылык менен алектенип келе жатам.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүзгө рахмат. Жаңы хиттерди жарата бериңиз.

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Бегайым
2023-02-28 23:08:00
Азаматсын Мирбек!
+1
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан