Асел Дооронбаева, Марат Жанталиевдин жубайы: «МАРАТ ЭРТЕ КЕТЕРИН БИЛГЕН ЭМЕС, ЖАҢЫ РОЛГО ДАЯРДАНЫП ЖҮРГӨН»

Кыргыздын таланттуу уулу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү кино жана театр актёру Марат Жанталиев көзү тирүү болгондо быйыл 3-мартта 62 жашка чыкмак. Анын элеси элдин эсинде театрдагы образдары, “Ак илбирстин тукуму”, “Аталар керээзи”, “Боз салкын”, “Президент жана бомж” сыяктуу тасмалардагы ролдору, алпаруучулук кылган долбоорлору аркылуу калды. “Эрди эр кылган – аял” дейт. Бул жолу биз анын жубайы Асел Дооронбаева менен маектешип, өткөндү эстедик.

– Асел айым, Марат ага экөөңүздөр 30 жыл чогуу жашап, 2 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрдүңүздөр. Айтсаңыз, жолдошуңуз кандай өмүрлүк жар, кандай ата эле?

– Марат ак көңүл, боорукер, бирөөгө жаман айтпаган жана кара санабаган, ичи тардыгы жок, кең пейил адам болчу. Үй-бүлөсүнө карамдуу, күйүмдүү, камкор, сүйүктүү ата боло алды. Кимге эмне керектигин, кимде маселе болуп жатканын айттырбай байкап, маселесин чечип берчү. Гастролго кетерде тамак-аштан кыйналып калбагыла деп, азык-түлүктү жетиштүү камдап кетер эле. Гастролдо жүргөндө да банктан акча которуп, биздин ал-абалыбызды сурап бат-бат байланышып турчу.

Бирибизге да жаман сөз айтып, катуу урушкан жок. Кайда барса да үйгө шашып турар эле. Үйдө мени аяп турчу. “Балдар, көр тирилик менен алышып чарчадың, жатып эс ал, калган ишти мен бүтүрүп коём” дечү. Бул аялдын, бул эркектин иши деп бөлгөнүн көргөн жокмун. Күзүндө кышкыга деп салат, икра жабабыз да. Ошондо кошо жасашып, жадакалса мен жетишпей жатканда банкалардын оозун өзү жаап, чаралардан бери жууп көмкөрүп койчу. Айттырбай эле картошка кууруп, өзү жактырган килкилдекти бышырып, баарыбыздын көңүлүбүздү алууга аракет кылган жан эле.

Марат экөөбүз бири-бирибизге таарынганда 1-2 күн сүйлөшпөй калчубуз. Мунубуз ачуубуз менен бири-бирибизге жаман айтып, көңүлдөрдү оорутуп албайлы деп сактанганыбыз эле.

Марат мага кошулуп алып базар кыдырганды жакшы көрчү. Кийин популярдуу болуп кеткенде гана базарга барбай калды. Сыягы, эл таанып, саламдашып, карай бергенинен өзүн ыңгайсыз сезе баштады окшойт. Китеп окуганды экөөбүз тең жактырып, классикалык чыгармалардын көбүн окудук. Комузчулук өнөрүн элдин көбү билбеген бойдон калды.

Бир тууган агасы Талантты абдан сыйлачу, балдарыбыз төрөлгөндө аттарын ошого койдурган. Кийин неберелүү болгонубузда да “атын агам койсо болобу?” дейт. “Жок, небереңдин атын өзүң кой” дедик. Ошондо атын Эрнур деп өзү коюп, кудуңдап сүйүндү. Ал ысымды мурдатан даярдап, ичине сактап жүргөн окшойт. Кийинки небересин көрбөй кетти.

Марат “Саякбайга” тартылганда Эльдар Айтматов менен бирге иштешип калды да. Тасманын тартуу иштери аяктайын деп калганда биз да кино тартылып жаткан жерге барып, баарын көрүп, артисттер менен аралашып жүрдүк. Ошондо Эльдардын түшүнүктүү, жөнөкөй, акыл-эси тунук экенин баамдадым. Ошого кийинки неберебиздин атын Эльдар деп койдук. Марат тирүү болгондо буга каршы болбойт болчу, менимче.

– Балдарыңыздардын баары үй-бүлө күтүп калыштыбы?

– 2 кызым жогорку окуу жайды бүтүп иштеп жатышат. Аларга көп кабаттуу үйдөн батир алып бергенбиз, ошондо жашашат. Уулум Адилет да иштеп бизди багып жатат, 2 неберем ушул уулумдан. Адилет кичинесинде мага окшош болчу, акыркы жылдары Маратка өзү да, үнү да окшошуп баратат. Атасынын жумшак, эч кимге “жок” дебеген мүнөзү да өтүптүр.

– Балдарыңыздар өнөр жолун тандашпаптыр, кызыгышпадыбы?

– Экинчи кызыбыз Аделдин жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын. Марат балдарына “искусство адамынын жашоосу кыйын, менин жолумду жолдобогула” деп көп айтчу. Мүмкүн ошого өнөр жолун тандабай калыштыбы, билбейм.

– Эми Марат аганын чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшсөк. Өзү кайсы ролун мактап, кайсынысына ичи чыкчу эмес?

– Көпчүлүк Маратты комедиялык актёр катары таанышат, бирок ал драмалык актёр болчу. Андай ролдорду ийне-жибине чейин майын чыгарып, жанын таштап, буркан-шаркан түшүп аткарып, анан анысына өзү маашырланчу. Марат комедиялык да, драмалык да актёр боло алганы менен өзгөчөлөндү. Ал менимче, аткарган ролдорунун баарына ичи чыкчу. Бирге иштешкендери “Мараттай болуп роль жаратуу кыйын” дешчү. Марат эмгектенген "Жаш көрүүчүлөр" театрынын режиссёру Эльвира Ибрагимова “Марат – театрдын “талисманы”, ал барда театрда бардык ролдор мыкты ойнолот” деп мактаганын уккам. Аткарган спектаклдеринин ичинен телеге тартып, алтын фонддо сакталгандары бар.

Мен ага турмушка чыккан алгачкы жылдары актёрлордун ишин анча түшүнчү эмесмин. Ал кезде Айнура Турганбаева экөө Сакиш-Бопуш тандемин түзүшүп, интермедия, сатира аткарып, гастролго чыгышчу. Мен каткырып күлүп, ыйламсырап, ар кандай кыймыл-аракет менен образга кирип элди күлдүрүүнүн кереги барбы деп ойлочумун. Кийин гана искусствонун жанрларын түшүнүп, Маратка колдоо көрсөтүп калдым.

Марат “Эмгек сиңирген артист” наамын 15 жыл күттү. Бир жылы Маратка берилет деп жатып эле, бир жаш балага берип коюшту. Биз ошондо Маратты кайгырат го десек, кайра "жаш балдарды колдоп наам берүү жакшы" десе болобу.

Анын кесиптештерин жакшы тааныйм да. Чогуу иштешкен Айнура, Гүлмира жана башкалардан кызганган жокмун, жумушун туура түшүнчүмүн.

– Марат аганын басып өткөн жолу атайын китеп жаратууга деле татыктуу болуш керек?

– Ооба, Мараттын чыгармачылыгы боюнча китеп чыгаралы деп турабыз. Анда роль аткарып жаткандагы сүрөттөрү, бирге иштешкендеринин, жетекчилеринин жана башкалардын эскерүүлөрү камтылат. Андан сырткары бир режиссёр менен сүйлөштүк, ал Мараттын чыгармачылыгы боюнча документалдык тасма тартып бермек болду.

– Режиссёр Эрнест Аджыпаровдун эскерүүсүнө таянсак, Марат ага бир жолу “алгачкы ролум Саяк эле, Саякбай акыркы ролум болуп калды” деген экен. Каза болорун алдын ала сезди бекен?

– Марат бөйрөгүнөн приступ болуп ооруканага түштү. Анын деле башкалардай анча-мынча өнөкөт оорулары бар болчу. Көбүнчө чөп дарыларды ичип, врачтардын айтканын кылчу. Тагдыр экен, ажалга жулдуруп ийдик. “Саякбайдан” кийин деле “жаңы ролум бар” деп текст жаттап жүргөн. Адам эртең эмне болуп кетерин билбейт экен да. Ал деле эрте кете берерин билген эмес.

– Маегиңизге рахмат!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан