Бактыбек Нурмат уулу, актёр: «НАМЫСТАНЫП КЕТИП КАСКАДЁРЛОРДУ ТАҢ КАЛТЫРГАМ»

Бир катар чет элдик тасмаларда трюк аткарган каскадёр, актёр Бактыбек Нурмат уулу менен маектештик. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, “текст жазгандан башкасынын баарын жасай алам. Кызыксам өнөрдүн түрү колумдан келет” дейт ал. Каскадёрдун жашоосу, чыгармачылыгы менен тааныштык.

Туулган жери: Нарын облусу, Эмгек-Талаа айылы

Туулган жылы: 1990-жылы, 20-декабрь

Билими: Искусство университетинин драмалык театр жана кино актёру бөлүмүн бүтүргөн

Бою: 180 сантиметр

Салмагы: “85 килограмм деп калп айта берейинчи, анткени жакында арыктайм”

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

– Кандайсыз, Бактыбек? Репетициядан чыгып келе жатам дедиңиз, кайсы спектаклге даярданып жатасыздар?

– Жакшы, рахмат. Азыр көп эле ишке даярдыктар жүрүп жатат десем болот. Кээде жумуштун баары бир учурда үйүлүп кетет го, так ошондой учур. Өзүм “Учур” театрында иштейм. Ал жакта “Борбаш” деген спектакль коюлуп жатат. Андан тышкары “Номад” эл аралык каскадёрлор тобунда да иштейм. Ал жакта да тартуу иштери жүрүп жатат. Машыгуу залына барам, андан сырткары маданият кызматкерлеринин командасынын курамында көк бөрү ойнойм. Айтор, ушундай иштердин арасында жүрөм.

– Интернет желесинен сиздин бир ырыңыздын клибин көрүп калдым. Башында ырчы болгуңуз келди беле?

– Башында Бишкекке дене тарбиячы болом деп келгем. Дене тарбия жана спорт академиясына барсам орун калбай калыптыр. Туугандар “искусство багытына тапшырып көрбөйсүңбү, ырдачу элең го” деп калышты. Айылда бир жолу байкемдин унаасын айдап “Жаш таланттар” сынагына катышуучуларды алып баргам. Ырдап жаткандарды көрүп мугалимиме “мен да ырдасам болобу?” десем, ал барып жаздырып койгон, ошондо сынактан Гран-прини жеңип алгам. Ага чейин мектептеги иш-чараларда ырдап калчумун. Үйдөгүлөр “искусстводо окуй бересиң, ошончолук спорт менен машыккың келсе, машыгуу залына жазылып аласың” дешти. Ошентип искусство багытында окуп калдым. Башында актёрлукка кызыга алган жокмун, 2-3 жолу окуудан чыгып кеткем. Спортко көбүрөөк кызыкчумун да. Залга баруу убактысы келип калса, сабакты таштап кетип калчумун. Студент кезде тайпалаштарым “жакшы ырдайсың” деп мактап калышчу. Анан досум ыр жазып берип, ырдап клип тарттыргам. Ал клипти тарттырам деп 50 миң сом карыз болуп калгам. Клипти 2 жолу тартып калдык. Биринчи жолу тартып бүткөндө тартылган диск жоголуп кетип, кайрадан тартканбыз. 50 миң сомдон кутулам деп жайы бою курулушта иштегем.

– Актёр болом деген оюңуз такыр жок беле?

– Мектепте окуп жүргөндө кыялданчумун. Кинодон Жеки Чанды көрүп алып 5-6 күн анын образынан чыкпай жүрө берчүмүн. Анын трюктарын жасаганга аракет кылчумун. Күзгүнү карап, актёр болсом деп кыялданып койчумун.

– Каскадёрлуктун башаты Жеки Чандын трюктары болгон экен да, ээ?

– Каскадёрлук деген кесип бар экенин студент кезде гана билдим. Ошондо кызыгып, циркке барып үйрөнүп жүрдүм. Анан ал жерден “биз менен келишим түзсөң, гастролдоп чет мамлекеттерге чыгасың” дешти. Бирок мен окуумду бүтө элек болчумун да, баш тарттым. Ошол кезде “Курманжан датка” тасмасы тартылып калды. Агай бизди аны тартуу иштерине жардамчы катары жөнөттү. Тартуу аянтчасына каскадёрлордун келгени да өзүнчө кызык. Алар менен сүйлөшөйүн десем жооп беришпейт, ат сурасам бербей, “ушу артисттер силер ат мингенди билесиңерби?” деп намыска тийди. Ошентип айткан жигит менен ошол жерден урушуп кетип, “сен кылганды мен да кылам” дедим. “Эмне кыла аласың? Аттын үстүнөн жигитовка секирчи” деди. Мурун-кийин секирип көргөн эмесмин. Ары барып келме келтирип алып секирдим, ийгиликтүү болду. Дагы 1-2 трюкту жасасам, “каскадёр болуп биз менен чогуу иштебейсиңби?” деп калышты. “Иштейм” дедим. Ошентип алар менен иштешип калдым. Көп өтпөй эле Москвага кеттик, “Викинг” деген кинодо каскадёр болуп иштедик. Баары ошентип башталды. Орусиянын 5 киносунда, Казакстандын 10-15 киносунда иштедик.

– Экрандан көрүнүп, актёр катары таанылгыңыз келсе керек баары бир?

– Көңүлүмө жакпаган киного тартыла калып эле таанымал болгум келбейт. Ага караганда таанылбай жүргөнүм жакшы. Кээде таксист да болуп кетем. Унаама отургандар “актёрсуң, ээ?” деп таанып жатышты. Ушундай учурда бир аз ыңгайсыз болот экенсиң. Айрымдар актёр десе эле акчалуу адамдар деп ойлошот экен. “Байке, сизди Лексус 570 айдайт болуш керек деп ойлочумун. Таксист болуп да иштейсизби?” деп сурагандар болду.

– Кайсы кыргыз тасмаларына тартылдыңыз?

– Азыр тартылып жаткан кинолордун көбүндө иштейм. Көбүнчө каскадёр болуп. “Саякбай” тасмасында Саякбай манасчынын жаш кезин ойногом. Студент кезде “Көргүм келет” деген кинодо да роль ойногом.

– Кайсы бир себептен улам жакшы сунуштардан баш тарткан учур болдубу?

– 1-2 кинодо иштөөдөн баш тарткам. “Бактыбек Орусиянын 1-2 киносунда иштеп алып эле гонорарын көтөрүп алыптыр” деген сөздөр тарап, көп чакырбай калышкан.

– Эмнеге баш тарткансыз?

– Анткени ошол маалда Жеки Чандын бир киносунда каскадёр катары иштейсиңер деп чакырып калышкан. Жеки Чандын киносуна тартылуу көпчүлүк актёрлордун кыялы болсо керек. Ошол сунушту тандап кеткем. Бирок ал долбоор ишке ашпай калган.

– Жеке жашооңуз тууралуу да сүйлөшсөк, чоң энеңиздин колунда чоңойгон экенсиз...

– Ооба. Чоң эне деп айткан эмесмин такыр, апа дечүмүн. Чоң эне десем таарынчу. 4 бир тууганмын, 2 эжем, иним бар. Биз чоңоюп калганда өз ата-энем иштейбиз деп Бишкекке кетишкен. Биз айылда чоң энем менен калдык. Апаларымдын көзү өтүп кетти. Апам (ред.: өз апасы) кант диабети менен ооруду. Чоң энем 84 жашка чыгып каза болду.

– Кызыңыздын кылыктары чыгып баштадыбы?

– Ооба, 8 ай болоюн деп калды. “Балам, балалуу болгондо билесиң” деген чын экен. Кызыма бир нерсе болсо абдан сарсанаа болом.

– Жубайыңыз актриса. Бири-бириңиздерди жумуш боюнча жакшы түшүнөсүңөр, бирок баары бир кызганыч болсо керек?

– Болот. Башында эле “искусство деп эле ар кайсы ролдорду ойной берген болбойт. Башка актёрлор менен сүйүшкөндөрдүн образын жаратыш керек болсо баш тартасың” дегем. Мен түшүнсөм да, башкалар түшүнбөй калышы мүмкүн да. Алтынай “Жалбыз” сериалына биз баш кошо электе тартылган да. Бир күнү “сериал интернетке чыкты, көрүп коюңуз” деп чалып калды. Көрсөм, биринчи сериясында сүйүү кадрлары көп экен, 3 мүнөт араң чыдадым. “Алдын ала эскертип койбойсуңбу” деп күлгөм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан