КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Сиздин «Кыргызстанда жашагым келген болчу» деген кыялдын, өкүнүчтүн жанында «менин ушул үйдө жашагым келген болчу» деген сөз арзан да, кичинекей да угулат экен. Ошол сөзүңүздү угуп, унчукпай туруп жыйнала баштадым. Төрт көйнөгүмдү, төрт китебимди жыйнап, үй менен коштошуп, көчөгө чыктым. Артурга чалдым. Жумуштан чыкканда жеткирип коюу, чогуу тамактануу сыяктуу шылтоолор менен жолугуп жүрүп, ортобузда мамиле пайда болуп калды. «Жүгүңдү жыйнап бүткөндө телефон чал, көчүрүп коём» деген. «Өзүм эле кетип калам» дегениме көнгөн жок. «Оор жүгүң менен метродо жүрмөк белең?» деди. Келип сүйрөп жүргөн чемоданымды көрсө «болгон жүгүң ушулбу?» деп сурайт болуш керек. Ал менин колумдагы эле жүгүмдү көрө алат да. Жүрөгүмдө кандай жүк бар экенин кайдан билсин? Мага менин колумдагы жүгүмдү эмес, жүрөгүмдөгү жүгүмдү ташыша турган адам керек эле. Артурдун ошондой адам эмес экенин, жүгүмө жүк, санаама санаа гана кошорун ойлоп, үйдүн артындагы бакты көздөй бурулдум. Макдональдстан милкшейк алып, отургучтардын бирине жайгаштым. Бош убактым болгон күндөрү дал ушинтип, ушул бакта өзүм менен өзүм сүйлөшүп отурганды жакшы көрчүмүн. Эми атайын ушинтип отуруш үчүн

бул тарапка келбейм деле да.

Көп өтпөй эле Артур келип калды. Колумдагы суусундукту карап:

– Мен да ичсем болобу?- деди.

– Болот.

– Жаман көрбө, мен сенин эмнелерди жакшы көрөрүңдү билгим келет.

Мен колумдагыны ага сундум. Ал аны ичип көрүп:

– Оо, муну менин беш жаштагы кызым да жакшы көрөт,- деп күлдү. Мен күлгөн жокмун. Унчукпай калдык. Кызын айтканы үчүн, үй-бүлөсү жөнүндө кеп козгогону үчүн жаман көрүп турдум. Жолдо келатып «сен мага аябай жагасың, көптөн бери көңүлүм түшүп жүрөт. Сен да муну билесиң. Сага калп айтмак белем, үй-бүлөм бар, бир кызым бар. Менин көңүлдөшүм бол» деди. Аябай жаман болдум. Жаман сезим турбайбы. Мурда «таанышып алалы», «сүйлөшкөн кызым бол», «келинчегим бол» деген сунуштарды укчумун. Акыры келип «көңүлдөшүм бол» деген сунушту да уктум. Эгер ушуга жетип калган болсом, аябай эле карып калдым же бузулган кыздай көрүнө баштадым деп ойлодум. Карыган кыздар гана көңүлдөш болот деп жүрсөм керек. Же бузулган кыздар гана ошондой жолго барат деп жүргөнмүнбү... Айтор, оор тийди. Сүйүү менен, менин сүйүүм менен көңүлдөштүктү бири-бирине байлай албай койдум... Бул оюмду ага да айттым. «Эмне дейин, «аялым менен ажырашып кеткем» же «эртең-бүрсүгүнү ажырашам» дейинби? «Сени сүйөм, сага үйлөнөм» деп убада берейинби? Ошентип алдай турган адамга окшошуп жатамбы? Эртең сени алдаганым билинип калсачы? Мамилебиз кандай болот?» деп кайра өзүмө суроо берди. Мен андан мындай суроо күткөн эмесмин. Тескерисинче, «аялым жаман», «тили суук», «үйдө күндө уруш», «балдарым үчүн жашайм», «сенин эртерээк жолукпаганыңды кара», «бирок биз баары бир бирге болобуз» деген сыяктуу жоопторду күткөм. Даяр, айтылып эле жүргөн классикалык жоопторду күткөм. Артур мунун бирин да айткан жок. «Менин көңүлдөшүм бол» деп гана жадырап тиктеп турду. Балким, ошол жооптордун бирин айтпаганы үчүн да аны жаман көрө албадым окшойт. Ошол сөзүнөн башка эч нерсе көңүлүмдү иренжитпеди. «Мен сенин көңүлдөшүң боло албайм, менден алыс бол» десем болмок. Антпедим. Жүрөгүмдө ага жакын болгум келген сезим көбүрөөк болчу. Менин жаңы жумушума жеткенибизде коштошуп жатып «ойлонуп, анан бир жообун айт» деди. Кудум мага үйлөнүүнү сунуш кылгансып ошентти. Мен мындай нерселер кокусунан эле болуп кетсе керек деп ойлочумун. Көрсө, муну да сунуш кылат тура?.. Бул сунушка жадакалса «ойлонуп көрөм» деп жооп берүүнүн өзү уяттай сезилет экен. Унчукпай чемоданымды сүйрөп, үйүмө кирип кеттим.

ххх

– Тойду белгиледик. Макмал менен жигити нике кыйдырган жатыптыр. Нике кыйдыра турган күндү бош күнүбүзгө карап белгиледик. Анын жигити да ошол күнү бошой турган болду. Айшат экөөбүздүн ачуубуз тарады. Макмалды өз алдыбызча ушактап бүттүк, урушуп бүттүк, аяп да бүттүк. Боюнда бар деп өзүн уруша албадык, көзү жокто уруштук. Анан аны ээрчитип алып, ага көйнөк издедик. Баары бир жакшылык деген жакшылык экен.

Макмалдын пландарына өзүбүзчө эле шарактап кошулуп алдык. Анын өзүн аяп, этияттап, маанайын бузбаганга аракет кылып тамашалашып, иши кылса жумшара түштүк... Али эч нерсе байкала элек ичине улам көз салып коёбуз. Биринчи маани бербей эле ага ак, агыш түстүү көйнөктөрдү көрсөтө бериптирбиз. Анан бир маалда Макмал «ак көйнөк кийсем уят го... Экинчи турмушум болсо» деди. Айшат экөөбүз кадимкидей чычалап кеттик. Эмнеси уят? Эмнеге уят? Кызык! Чычалай турган деле жөнүбүз бар, үчөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз, бири-бирибиздин «мындай үлпөт көйнөк кийип, минтип турмушка чыгам, антип турмушка чыгам» деген кыялдарыбызды угуп жүргөнбүз, бирок үчөөбүз тең үлпөт көйнөк кие элекпиз. Кийгибиз келгени чын. Ким эле кийгиси келбесин? Үлпөт көйнөктү кыз баланын баары кыялданат. Бала кезден тартып кыялданат, элестетет. Балким, кыз баланын эң так, эң даана кыялдарынын бири ушул – үлпөт көйнөк... Ошон үчүн баарыбыз бала кезде апаларыбыздын үлбүрөгөн жоолугун таап алып, бир тарабын бириктирип байлай коюп, башыбызга кийип ойносок керек. Ак чүпүрөк көрүп калсак да, биринчи башыбызга жаап көргөнүбүз да ошондон болсо керек...

Макмалдын биринчи эри тою жок алган, үч аял алгандан уялбаган киши үчүнчү жолу той өткөргөндөн уялган имиш. Аны үлпөт көйнөгү жок эле алып кетиптир. Айшаттын мамилеси тойго жеткен жок. Ал бир жигит менен беш жыл жашады. «Эртең үйлөнөбүз, бүрсүгүнү үйлөнөбүз, кийинки жылы үйлөнөбүз» деп жүрүп, жигити аны беш жылдан кийин таштап кетти. Жөн да таштап кеткен жок, Айшаттын чогулткан болор-болбос акчасын, алтын-зер буюмдарын көтөрө кетиптир. Анан Кыргызстанга барып үйлөнүп алды. Дүңгүрөтүп той берип үйлөндү. Ким билет, балким, анын акчасын тоюна жумшадыбы, балким, анын алтын буюмдарын алган аялына белек кылдыбы? Анысын эч ким так билбейт, бирок мен алтын буюмдардын баарын алган аялына эле тагып койду го деп шектене берем. Айшатты чычалаткым келгенде «сенин жигитиң эмес, сенин алтындарың бир кыздын багын ачты» дей берем. Ал бул сөздү укканда катуу чычалайт. Жигити аны алдап таштап кеткенине да мынчалык арданбаса керек, бирок ушул сөзгө катуу арданат. «Ошондо мен тиги айбандын алган аялынын калыңын да өзүм төлөдүм, алтынын да алып бердим да?! Өз колум менен үйлөндүрдүм да, ээ?!» деп тыбырчылап кетет. Айшаттын үлпүлдөтүп үлпөт көйнөк кием деген кыялы ушинтип ойрон болгон. Ал да кийбей калды. Үлпөт көйнөгүн, максат-кыялын, ага кошуп акчасын, алтындарын бирөөгө алдатып жиберди. Эми бүтүн дүйнөгө шектенип карап жашап жүрөт. Мен болсо, көчө кийимим менен барып эле никеге тургам. Мен анда нике күбөлүгүн алганы эле баратам деп ойлогом да. «Кийин той өткөрөбүз, ошондо үлпүлдөгөн үлпөт көйнөк кием» деп кыялыма ишенип, каттоого көчөгө кийген кийимим менен эле кирип баргам. Менин сүйүүм да тойго жеткен жок. Чычалаганда эмне, Макмалдын «тагдырыбыз окшош» дегенинде да бир чындык бар. Үчөөбүз тең үлпөт көйнөк кийбептирбиз. Эми болсо минтип бирибиз жашыбыздан, экинчи турмушубуздан уялып, бирибиз ишенимибизди уурдатып жиберип, бирибиз турмуштан көңүлүбүз калып, ак көйнөк кийгенден тартынып турабыз. Үлпөт көйнөк эмес, ак түстөгү көйнөк кийип күйөөгө тийгенден тартынып турабыз...

(Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан