ЭМНЕ ҮЧҮН ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАР “РАК” ДЕП АТАЛАТ?

Байыркы грек врачтарынын залалдуу шишик боюнча алгачкы жазып чыккандары теринин шишиги тууралуу болгон. Теринин шишиктеринин бети адатта крабдардын чопкуту (сырткы кабыкчасы) сымал күлгүн өңдө, бети сыйдам жана катуураак болот. Ошондуктан тери шишиктери латынча “краб” деген аталышты алган. Латынча дарыя рагы да “краб” деп аталат. Андыктан кийинчирээк рак илдети деген аталыш көбүрөөк колдонулуп, кеңири жайылган.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОКТУ КОРГОШУНДАН ЖАСАШАТ?

Коргошундун тыгыздыгы болотко салыштырмалуу эки эсе жогору. Демек, бирдей салмактагы болот жана коргошун окту салыштырсак, коргошундан жасалган октун өлчөмү кичирээк. Бул колдонууга ыңгайлуу. Андан тышкары тийген жерине тереңирээк кирет. Коргошун оңой эрий тургандыктан аны иштетүү да жеңил.

Бирок учурда коргошун окторду аз жасашат. Брондорду тешип кетүүчү октордун ортосундагы өзөгүн (сердечник) болот, вольфрамдын карбиди же урандын изотоптору түзөт.

КАЙСЫ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЖУМУРТКАСЫН ЖЕГЕНГЕ БОЛОТ?

Тамак-ашка тооктун жумурткасы көп колдонулат. Өрдөк, үндүк, бөдөнүнүн жумурткаларын да пайдаланып жүрөбүз. Айрым өлкөлөрдө чайка, кара каз жана башка деңиз канаттууларынын жумурткаларын колдонуу кадимки көрүнүш. Төө куштун жумурткасы – деликатес деп саналат.

Таш баканын, ошондой эле кумурскалардын кенедей болгон жумурткалары да жегенге жарай турганы белгилүү.

КЕРИКТИН МҮЙҮЗҮ НЕГЕ АЙРЫМ ЭЛДЕРДЕ КЫМБАТ БААЛАНАТ?

Мүйүз – кератин катмарларынан турат. Ява жана Индия кериктеринде бирден, Суматра кериктеринде экиден мүйүз болот. Айрым элдерде алардын мүйүздөрү баалуу зат деп эсептелет. Анткени уу кошулган шарап же башка суюктук кериктин мүйүзүнөн жасалган идишке куюлган болсо, ал суюктук дароо шуулдап чыгат да, адам аны байкап, өлүмдөн аман калат деген түшүнүк бар.

Андан тышкары кериктин мүйүзүнөн жасалган упа дары оор төрөттө жардам берет, талма, чума оорусунан айыктырат, терини серпилгич кылып жашартат деген да ишеним бар.

Ушундан улам кериктин мүйүзү таберикке айланган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан