“Ишиң жакшы жүрүшсүн десең, жумушка балалуу аялды ал” деген кеп уктум эле. Чындыгы бар окшойт. Анткени буга чейинки тажрыйбамда жеке жашоо, жумуш, туугандык катыш, айтор, баарына жетишип, ошол эле учурда иштин майын чыгара жасаган аялзатын көп көрдүм. Бул жолку маектешим да алардын бири, мыкты эне, таланттуу актриса, Маданияттын мыкты кызматкери Мээрим Касаболотова.
– Мээрим айым, кандай жүрөсүз? Кепти сиздеги жаңылыктардан баштасак...
– Чыгармачылыкта жаңылыктарым көп эле, иштеп, изденип, ыр жазып жатабыз дегендей. Жакында Антон Чеховдун аңгемелеринен чогулган “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” деген спектаклди тартуулайбыз. Тасмаларда роль жаратып жүрөм, бирок мени көбү “Апамдын махабаты” сериалындагы ролумдан жакшы таанышат. Көбүнчө аялдарга карата зордук-зомбулук, аялдардын түйшүгү, мээнети тууралуу фильмдерге, кыска метраждуу тасмаларга тартылып жүрөм. Мисалы, Эркинай аттуу жаш режиссёрдун “Лестничная площадка” деген тасмасында шаарда жалгыз жашаган аялдын образын жараттым. Баласы аутизм менен ооруган апанын ролун аткардым. “Темир аял” спектаклинде башкы каарман Кумринин ролундамын.
– Мурунку маектерде “Апамдын махабатындагы” Керездин ролунан улам жаман-жакшы сөздөрдү укканыңызды айткан экенсиз...
– Адам бардык нерсени өзүнүн табиятына, деңгээлине, тарбиясына жараша кабыл алат. Бизде менталитет башка да. Бир жолу базарда жүрсөм “агайынан бузулган кызсың” деп 2-3 бала сөгүп кеткен. Ошондо аябай жаман болгом, ыйлагам. Азыр деле “бул кыз “Апамдын махабатында” эле бузулуп кеткен” деген кептерди айтып, жазып калышат. Ушуга байланыштуу жакында бир кызык окуя болду. “Оо, кыздар” спектаклинде башкы каарман Перинин ролун ойнодум. Бул дагы жеңил ойлуураак, ойсоке кыздын образы. Бирөөлөр мен аткарган эпизодду эле кесип интернет желесине чыгарып коюшуптур. Ошол видеонун астына “билбейсиңерби, бул кыз “Апамдын махабатында” эле бузулган” деп жазып кетишиптир. Айрымдар мени Керез катары эле кабыл алышат. Филармонияда сиңдим иштейт, ырчы. Экөөбүз окшошпуз, ал да “Керезсиңби деп менден автограф сурашты, эже, 20 жыл өттү, дегеле ошол ролуңду унутпай коюшту” деп күлүп калат. Негизи ал образ жашоомо аябай деле таасирин тийгизген жок, анткени мен актрисамын. Кудайга шүгүр, ушул кесип менен нан таап жеп эки баламды багып жатам. Кесибим менен сыймыктанам.
Жеңишгүл Өзүбекованын калемине таандык “Күйөө сатам” комедиясында айылдык шуулдаган келиндин образын жараткам. Балам жаңы баскан кез, абдан арыктап кеткен элем. Ал ролумду көрүүчүлөр кабыл алышкан жок, “сизге жарашпайт экен” дешти. Театрда болсо жаш кыздан тарта кемпирге чейин ойнодум.
– Роль тандайсызбы?
– Тандайм, тандачу деңгээлге жетип калдым окшойт. Биздин менталитетке туура келбеген, ачык эпизоддордон баш тартам. Анткени мен энемин дагы. Жаш кезде образды ачып бере аламбы деп деле ойлонбоптурмун. Азыр “роль мага жарашабы, жеткире ойной аламбы?” деп тандайм. Ал эми театрда ролдор режиссёрдун табитине жараша бөлүштүрүлөт. Чоң же кичине деп бөлбөйм. Кичинекей роль болбойт, кичинекей актриса болот дешет эмеспи. Биз адамдарды театр аркылуу тарбиялайбыз. Көрүүчүлөрдүн бешөө эле “ии, мындай кылган туура эмес турбайбы” деп ойлонуп кетсе, биз үчүн чоң утуш.
– Ырды канча жашыңыздан бери жазасыз?
– Чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөм. 5 бир тууганбыз, атам ар бирибиздин эмнеге шыктуу экенибизди байкап, ошого жараша багыт берип тарбиялады. Биринчи жолу Кыргызстан жөнүндө ыр жазып атама окуп берсем, “сонун жазыптырсың” деди. Ал эми мектепте кыргыз тилчи эжейим “ушинтип да ыр жазабы?” деп урушуп койду. Сынып калдым. Ошол убакта атам Шота Руставелинин Алыкул Осмонов которгон “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын берди. Ошону окугандан кийин мурдагыдан да көп жаза баштадым. Азыркыга чейин ыр жазып жүрөм.
– Эне болуу деген сиз үчүн эмне?
– Ой-бууй, эне болуу... Биринчи кыздуу болгонумда анча деле маани бербептирмин, даяр эмес болгон окшойм. Бирок жаштык дейин десем, 18 жашта деле эмес болчумун. Негедир менде энелик мээрим кырктан өткөндөн кийин, эми ойгонуп жатат (күлүп). Турмушка кеч, 27 жашымда чыгып, 28 жашымда кыздуу болгом. Кызым 3 айга толгондо айылдан атам менен апам келип, атам “кызым, ушул кызыңды мага берчи, мен чоң комузчу кылам” деди. Аларга жок дей алган жокмун, макул болдум. Ошол боюнча кызым таене-таятасынын колунда. Азыр 8-класста окуйт. Таятасы чоң комузчу Төлөн Касаболотов деген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, комузчу Ыбырай Тумановдун небереси. Кызым чоң комузчудан сабак алып, анын колунда тарбияланып жатканына аябай сүйүнөм. Азыр комузда чоң күүлөрдү ойнойт, көптөгөн сынактарда жеңишке жетип жүрөт, Кудайга шүгүр, аябай таланттуу.
– Өмүрүн берсин, бактылуу болуңуз!
Гулийпа Маметосмон кызы