ЖҮРӨК КЕМТИГИ. ТУБАСА ЖАНА КИЙИН ЖАРАЛГАН ТҮРҮ

Улуттук кардиология жана терапия борборунун маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңдей бала жүрөк кемтиги менен туулат. Айрым адамдарда жүрөк кемтиги кийин пайда болот. Эмне себептен экенин материалдан окуй аласыз. Кардиолог Илёсбек Гиясовдон маалымат алдык.

КЕМТИКТЕР

Жүрөк түзүлүшү боюнча оң жана сол карынча, оң жана сол дүлөйчө, 4 клапандан турат. Жүрөк кемтиги деген бул – тешикче. Мунун 2 түрү бар: тубаса жана кийин пайда болгон түрү.

Тубаса түрү

Кемтиктердин түрлөрү көп. Алардын ичинен эң көп кездешкен түрлөрү:

1) Жүрөктүн 2 карынчасы же 2 дүлөйчөсүнүн ортосундагы тешикче. Жүрөк кемтиги менен туулгандардын 90 пайызында ушул түрү кездешет. Кээде жүрөктүн 2 карынчасынын да, 2 дүлөйчөсүнүн да ортосунда тешик кездешип калат. 1 жүрөктө 3 же андан ашык тешик да болушу мүмкүн.

Аталган кемтиктер бала төрөлгөндөн кийин 3-12 ай аралыгында өзү бүтөлүшү керек. Андыктан андай балдарды убак-убагы менен кардиологдун текшерүүсүнөн өткөрүп туруу кажет. Бүтөлбөсө тубаса кемтик болуп саналат, операция жолу менен гана жамалып, бүтөлөт.

Эгер 2 дүлөйчөнүн ортосунда бир эле тешикче болуп, өлчөмү кичине болсо, анда анчалык коркунучтуу эмес. Операция жасоого шашылбай тешиктин, баланын абалын көзөмөлдөп турса болот. Кокус тешикче чоң болуп, өпкөнүн басымы көтөрүлүп жатса, анда бала туулгандан кийин эле операция жасап тешикчени бүтөө керек.

2) Тешикчелердин карынча менен дүлөйчөлөрдүн өйдө, ылдый жагынан орун алып калышы. Айта кетчү нерсе, жүрөктүн кандай кемтиги болсо да жүрөктүн кагуу ыргагын бузат.

3) Баталов агымы. Бул жүрөктөн чыккан күрөө тамыр (аорта) менен өпкөнүн артериясы кошулган жердеги ичке каналчанын жабылбай калышы. Эненин курсагында жатканда баланын өпкөсү иштебей, дем ала албагандыктан өпкөгө бара турган кан баталов агымы менен аортага кошулуп кетет. Башкача айтканда, өпкөгө кан жетпей калат. Баталов агымы жабылбай калса жүрөккө күч келип, өпкөнүн басымы көтөрүлүп, бала өтө кыйналат. Чарчап калышы ыктымал.

4) Жүрөк кемтигине клапандардын тубаса жоктугу да кирет. Мисалы, 3 жалбыракча клапандын ордуна бир же 2 жалбыракча клапан жаралып калат. Клапандар кадимки ордунан өйдө же ылдый да жайгашып калат.

5) Жүрөктөн өпкөгө кете турган артерия кан тамыры жок же артериянын оозу (шакекчеси) жок болуп төрөлүү. Бул стеноз деп аталат.

6) Жүрөктүн бир карынчасы жок төрөлүү.

Жогоруда айтылган кемтиктин 2 жана 6-түрлөрү операцияны талап кылат. Тешиктердин санына жараша операция 2-3 этап менен жасалышы ыктымал. Эгерде операцияны Кыргызстанда жасоо мүмкүн эмес болсо, анда чет өлкөдөн врач издөөгө туура келет.

ТУБАСА КЕМТИКТИН СЕБЕПТЕРИ

Тукум куучулук

Гендик мутация

Кош бойлуу аялдын тамеки чегиши, ичкилик ичиши

Радиация, экологиянын бузулушу

Боюнда бар кезде аялдын кызамык, кызылча, суу чечек сыяктуу жугуштуу оорулар менен оорушу

Жыныстык жол менен жугуучу оорулардан жабыркоо, дарыларды дарыгер менен кеңешпей ичүү

Аялдын диабет, анемия оорусу

Аялдын бийик тоолуу аймакта жашашы да себеп болушу ыктымал. Анткени улам бийиктеген сайын кычкылтек азаят. Кычкылтектин жетишсиздиги түз эле түйүлдүккө таасир этип, жүрөк кемтиги жаралышы ыктымал. Андыктан кош бойлуу курсактагы балага күч келтирбей, анемиясы же башка оорусу болсо дарыланышы зарыл.

УЗИден АНЫКТОО

Ымыркайдын жүрөгү курсакта 3 айлыгында эле калыптанып бүтөт. Учурда УЗИнин жардамы менен ичтеги балада жүрөк кемтиги бар же жок экенин аныктоого болот. Эгер кемтиктин жеңил түрү болсо аялга төрөгөндөн кийин өзү бүтөлүшү же операция жасалышы мүмкүн экендиги эскертилет. Кемтиктин оор түрү болсо, анда төрөө же төрөбөөнү аял жолдошу менен кеңешип чечет.

КЕМТИКТЕРДИН 2 КВАЛИФИКАЦИЯСЫ

“Купкуу” аталышындагы кемтикте 2 дүлөйчөнүн ортосунда тешикче болуп калат. Мындай кемтик менен туулган баланын өңү бозоруп турат.

“Көк” кемтикте 2 карынчанын да, 2 дүлөйчөнүн да ортосунда тешикче кездешет. Мындай болгондо өпкөнүн артериясынын оозу (шакекчеси) кысылып жаралат. Ушундай патология менен туулган балдардын эрди, мурун аймагы, тырмактары көгөрүп турат. Эмчек эмгенде, ыйлаганда ого бетер көгөрүп кетет. Эстен танып калуусу да мүмкүн. Бул балада кычкылтектин жетишпестигинин белгиси.

Кемтик менен туулган балдарды багып-кароодо буларды эске алуу зарыл:

Ысып турган балага өтө муздак суусундук бербөө кажет. Бул жүрөктүн иштешине терс таасир этип, оорусун күчөтүп жиберет. Балмуздак же суусундукту бөлмө температурасында коё туруп, анан берүү оң. Спорттук ийримдерге врач сунуштаса гана берүүгө болот. Өз алдынча берүүдө баланын жүрөгүнө күч келип, абалы кескин начарлайт.

КИЙИН ПАЙДА БОЛГОН ТҮРҮ

Кийин пайда болгон жүрөк кемтигин кызыл жүгүрүк, сифилис, атеросклероз, ревматикалык эндокардит, сепсис, жаракат, стресстерге көп чалдыгып, нерв жана жүрөккө күч келтирип иштөө жана башкалар пайда кылат. Адегенде бул оорулардан жүрөк клапандарынын ткандары сезгенип, азыктанышы бузулат. Анан клапандар менен кошо дүлөйчө, карынчалардын түзүлүшү өзгөрүлүп, иши начарлап башташы мүмкүн. Жыйынтыкта организмдеги кан айлануу бузулуп, кычкылтек тартыштыгы жаралат, оорутуу пайда болот. Вена жана артерия кан тамырларынын чыга бериш жерлери тарыйт. Дарылоодо жеңил түрүндө эндоваскулярдык операция жасалып, стент коюлат. Оор түрүндө операция ачык жасалат. Айрым учурда клапандар жасалма клапандарга алмаштырылышы ыктымал.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан