ЖАШООҢУЗ САПАТТУУБУ?

Азыркы жашооңуз канчалык сапаттуу экенин ойлонуп көрдүңүз беле? Дегеле жашоонун сапаттуу же сапатсыз экенин кантип билсе, ченесе болот? Келгиле, бул суроолорго жоопту чогуу окуйлу.

ҮНӨМДӨӨ ЖАКШЫ, БИРОК...

Адамдын аң-сезимине кичине кезинен “тапканыңды үнөмдөсөң эртеңки жашооң, келечегиң жакшы болот” деген ой жүгүртүү сиңип калган. Бирок ошол эртеңки жакшы жашоонун артынан кууп жүрүп, убакыттын кантип өткөнүн, ден соолуктун алсыраганын, карылык келип калганын байкабай калабыз. Анан “жинди эле экем, жаш кезимде минтип койсом болмок. Азыркы жаштар кыйын...” деген сөздөр келип чыгат.

Албетте, үнөмдөө деген жакшы нерсе, келечекке капитал топтоону ар бирибиз билишибиз керек. Ошол эле учурда жашоонун сапатын кетирбегендей үнөмдөйлү. Анткени сапаттуу жашоону чектөө менен адамдын өзүнө болгон ишеними да төмөндөйт. Өзүнө ишеними жок адамдын байлык топтоо энергиясы жабылып, тапканы эртеңки күнгө ашырууга эле эмес, күнүмдүк жашоосуна да жетпей калат.

Айына бир жолу сөзсүз кинотеатрга, театрга, музейге барыңыз. Айыл жергесинде эс алуу жайлары жок деген жөн гана шылтоо. Абасы таза жаратылыш деген бар. Кайсы жыл мезгили болбосун өзүнүн керемети, эс ала турган шарттары болот эмеспи, пайдаланып калыңыз. Айтор, маанайыңызды көтөрүүчү, күнүмдүк тиричиликке жаңылык киргизүүчү шарт ойлоп табыңыз. Анан да ар бир кадам, ар бир окуя үчүн ыраазычылык айтууну, шүгүр келтирүүнү унутпаңыз. Жашоосуна ыраазы адамдын жакшылык чакыра турган энергиясы ачык болот.

БАЙЛЫК – САПАТТУУ ЖАШОО ЭМЕС

Эгер бай адамдар сапаттуу жашайт десеңиз, жаңылышасыз. Албетте, байлык көп маселени чечет. Ошол эле учурда көптөгөн маселени да жарата алат. Байлык кууган адам көпчүлүк учурда башкалардын оюнан, жашоосунан көз каранды болуп калат. Башканын жашоосу жакшы көрүнүп, өзүнө дагы жетишпегендей сезилет. Көңүл бурууну, мактоону, кошоматчылыкты талап кылышат, теңсинбөө, адамдарды бөлүп кароо деген жаман сапаттар келип чыгат. Андыктан кымбат баалуу кийинип, акыркы үлгүдөгү унаа айдап жүрсөңүз да жөнөкөйлүк сапаттан арылбаңыз. Негизгиси аң-сезимиңизди илим-билимге толтуруңуз, дүйнө таанымыңызды кеңейтиңиз, көп окуңуз, көп саякаттаңыз, башка элдин, башка улуттун жашоосун изилдеңиз. Ошондо гана сапаттуу жашоо менен сапатсыздын айырмасын биле аласыз.

ӨЗҮҢҮЗ СҮЙГӨН КЕСИПТИ АРКАЛАҢЫЗ

Кесип тандоодо көпчүлүк ал кесиптин акчасына карашат. Туура, анткени азыркы каатчылык заманда аз айлык төлөнгөн кесипте кимдин иштегиси келсин? Ошол эле учурда көптөгөн кесиптердин арасынан жетиштүү акча табууга боло турган, кошумча көңүлгө жакканын тандаганга аракет кылыңыз. Сиз тандаган кесип – жан дүйнөңүздү, адам катары ким экениңизди чагылдырып турат. Андыктан кесип тандоодо шашылбаңыз.

“Эртең менен – жумушуна, кечкисин – үйүнө шашып турган адам бактылуу” деп бекеринен айтылбаса керек. Жумуш сизге чыңалуу эмес, ырахат тартуулагандай болсун. Эгер андай болбой жатабы, коркпой эле башка жумуш издеңиз. Чын дилинен иштейм деп турган адамга сөзсүз жаңы эшик ачылат.

ЫҢГАЙЛУУ, БИРОК САПАТСЫЗ ЖАШООГО СТОП!

Күнүмдүк жашооңузду тизмектеп көрүңүзчү? Эртең менен тургандан кечке чейин эмне кыласыз? Бир күндө бош убактыңыз канча болот? Эгер азыркы жашооңузда эч нерсени өзгөрткүңүз келбесе, демек, сиз ыңгайлуу, бирок сапатсыз жашоону жашап жатасыз. Адам күн сайын жаңы бийиктиктерди багынтышы керек. Бийиктик десе барып тоону томкоруш керек эмес. Болгону улам жаңы нерсеге умтулуу, окуу, изилдөө, толгон-токой шылтоону жерге көмүп, азыр ушул убакыттан баштап аракет кылуу зарыл. Уйкуга 7-8 саат жетиштүү. Калганын кыймыл менен өткөрсөңүз – сиз күчтүү адамсыз. Уйкуга 3-4 саат эле убакыт бөлүп коюу да жарабайт, муну менен сиз ден соолугуңузга олуттуу зыян келтиресиз. Сиз болбосоңуз да бардык нерсе өз нугу менен жүрө берерин унутпаңыз, андыктан өзүңүздү сүйүп-баалаганды да билиңиз.

КҮНҮГӨ ӨЗГӨРҮҢҮЗ

Ойлоп көрсөңүз “эл эмне дейт?”, “колумдан келбейт”, “жарашпайт” деген рамкаларга чектелип, аткарылбай калган кыймыл-аракеттериңиз көп эле. Өзүн баалаган, сүйгөн адам тобокелдиктен, башка бирөөнүн оюнан коркпойт. Алдын ала болбойт деп жасабай койгуча жасаңыз, болбосо болбойт, болуп калса сизге адреналин тартуулайт. Күнүгө өзгөрүңүз, күнүгө жаңы нерсе жасап көрүңүз. Коомчулук түзүп койгон рамканын көлөкөсүндө калбай, өзүңүздү табыңыз, албетте, инсандык сапаттарыңызды өнүктүрүүчү иш-аракеттер менен.

БАШКАЛАРДЫ ӨЗҮҢҮЗДӨН ЖОГОРУ КОЙБОҢУЗ

Адам өзүн сыйлаганда гана башканын сыйын кабыл ала алат. Андыктан өз кызыкчылыктарыңыздан башканыкын жогору койбоңуз. Балдарым, бир туугандарым, таяке-жээним, аялым-күйөөм деген жаныңыздагы адамдардын керектөөсүн толтуруп бүтө албайсыз. Толтурганыңыз бааланып жатабы же кадимки сиз кылчу кызмат катары кабыл алынып жатабы, ал өзүнчө суроо. Андыктан кийим алсаңыз биринчи өзүңүзгө керектүүсүн алыңыз, төшөк салсаңыз алгач өзүңүздүн алдыңызды жумшактаңыз, оорусаңыз кыйшайып басып жүрө бербей дарыланыңыз. Өзүңүздү биринчи планга койгондо гана башкалардын сизге болгон сыйы артат. Экинчи орунда колуңуздан келишинче жакындарыңызга жардам бере бериңиз, чектөө жок.

ЖАНА ДА...

  • Кандай учурга туш болсоңуз да калп айтпаңыз.
  • Дайыма жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу, позитивдүү маанай көп кыйынчылыкты жеңет.
  • 1 жумада 1 китеп окуңуз. Жөн салды колуңузга тийгенин эмес, акыл кампаңызды өстүрө турган пайдалуу китеп окуңуз. Окула турган китептердин тизмегин жаңылап туруңуз.
  • Идеяга бай, илимдүү-билимдүү адамдар менен көп баарлашып туруңуз.
  • Өзүңүздү тарбиялаңыз: эрте турганга, кечикпегенге, жаман адаттардан арылганга, туура тамактанганга, спорт менен машыкканга, туура сүйлөгөнгө жана башка.
  • Билбеген нерсени моюнга алуудан уялбаңыз. Андан көрө билбегенди билип алууга ашыгыңыз.
  • Музыка, спорт, саясат, саякат жана башка жааттагы жаңылыктардан кабардар болуңуз. Ар түрдүү темада баарлашкан адам суктануу гана жаратат.
  • Жашооңуздагы “таштандылардан” арылыңыз. Пайдасы жок тамак-аш, кийим-кече, жоро-жолдош, жаман адаттар, жалкоолук жана башка.
  • Тил үйрөнүңүз. Чет тилдерди үйрөнгөн сайын дүйнө таанымыңыз да кеңейет.
  • Максат койгонду унутпаңыз. Кагазга келечекте дагы эмне жасагыңыз келет жазыңыз, жасагандарыңызды белгилеп, өзүңүздү мактап коюңуз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан