Кезектеги маектешимдин бир кеби жакты. “Адам сырткы келбеттен эмес, ичинен өнүгүшү керек. Сырткы көрүнүштүн өзгөрүшү өзүн алдоо” дейт. 15 жылдан бери тарыхый жанрдагы сүрөттөрдү тартып келаткан сүрөтчү Таалайкүл Сейитбекова менен маектештик.
– Саламатсызбы? Окурмандарга өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз...
– Саламатсыздарбы? Мен Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. Бала кезимден сүрөт тартканга кызыгам, бул табияттан берилген шык окшойт. 9-классты бүткөн соң кесиптик окуу жайдан 4 жыл, андан кийин Тургунбай Cадыков атындагы Көркөм сүрөт академиясында билим алдым. Сүрөт боюнча жанрым тарыхый, анан баталдык – согуш жанрында иштейм.
– Жакшы. Эң биринчи тарткан сүрөтүңүз эсиңиздеби?
– Эсимде, 4 жашымда тарткам. Корозду тарткан элем, бирок короздун башын ылдый, буттарын өйдө каратып тарткам. Азыр ойлосом, ал кезде жашоону башкача көрсөм керек да.
– Сүрөтчүлүк меники экен деген ой сизге качан келди?
– Сүрөтчүлүк менин табиятымда, өмүр бою менде жашап, мени менен өлөт деген ой жакында эле келди. Себеби бир аз убакыт иштебей отуруп калганымда сүрөт тарткым келип, көзүмө тарыхый жанрлар көрүнө баштады. Сиз айткан нерсе ошондо оюма келди. Буга чейин окуп, иштеп, алаксып жүрө бергем.
– Негизи бул кесип менен жан багууга болобу?
– Сүрөтчүлүк менен жан багып көргөн жокмун. Анткени сүрөт, живопись эч нерсеге муктаж болбошу керек. Эч качан буюртма алып иштебедим. Эгер буюртма алып иштей турган болсоң, тапшырык берген кишинин ою менен эсептешкенге, ошого карап иштөөгө туура келет. Сүрөтчүдө мындай байлануу, көз карандылык болбошу керек. Оюңдагыны бериш үчүн эркин болушуң зарыл. Сүрөт тартканда бир сырдуу дүйнөгө кирип кетесиң, мисалы, 5-10 саат жылбай сүрөт тарткан учурларым болот. Турсам, денем катып калган... Же эртең менен отуруп, кеч киргенде турасың. Туура, керектүү каражаттарды сатып аласың, ичип-жеш керек. Буга башка жактан иштеп тапкан акчамды жумшайм.
– Сүрөтчүлүктөн сырткары эмне жумуш кыласыз?
– Прикладдык искусство менен алектенем. Чет өлкөлөр менен иштешип, буюртма алып оюнчуктарды жасайбыз.
– Мисалы, кандай оюнчуктарды?
– Жүндөн, жыгачтан жасалган оюнчуктар. Чет өлкөлөр пластик буюмдардан баш тартып жатышат. Түштүк Корея менен келишим түзгөм, алар мектеп, бала бакчаларына жалаң экологиялык жактан таза оюнчуктарга буюртма беришет.
– Жакшы. Тарткан сүрөттөрүңүздү сатып көрдүңүзбү?
– Көргөзмөлөргө катышып жүрөм. Сурагандар болду, бирок саткан жокмун. Мисалы, сүрөтчүлөр арасында жылына 2 жолу көргөзмө болуп турат. Жарым жылда бир отчёт берип турушат. 10 эмгек алып барсаң, ошонун бири мыкты деп тандалса, бул чоң ийгилик. Эки жолу президенттик стипендия алдым, талантымдын арты менен чет өлкөлөргө чыгып жүрөм.
– Өнүккөн өлкөлөрдө бул искусство биздегиден жогору бааланабы?
– Абдан сонун баалашат. Живопись аларга бизден бир нече жыл эрте барган да, ошондуктан жеңил кабыл алышат, түшүнүшөт. Түшүнгөн жерде диалог болот.
– Эмне үчүн тарыхый жанрды тандап алдыңыз?
– Менин экинчи кесибим – археолог, тарыхка кызыгам. Башында агай-эжелер “абдан оор жанрды тандап жатасың. Каармандардын кийими, турган орду, килем-кийизине чейин баары төп келиши керек. Сын көп айтылат, көтөрө аласыңбы?” дешкенде “ооба” дегем. Бул жанр чоң, көлөмдүү иштер. Эмгек жаратыш үчүн узакка отуруш керек, китепти көп окуу зарыл. Кайсы жердин тарыхын чагылдырып жатсаң, ошол жерге сөзсүз барганың жакшы. Мисалы, Бухараны тартсам, Бухарага барып, таштары кандай, кантип жасалган, баарын жанынан көрүп келишим керек. Көрмөйүнчө тартуу мүмкүн эмес. Бул жанрды тандаганымдын дагы бир себеби – азыркы мезгилде тарых өзүнчө, сүрөт өзүнчө болуп баратат. Негизи сүрөт искусствосу тарых менен айкалышып турушу керек. Сүрөтчүлөр күчтүү тарыхчы да боло алышат.
– Тарыхый сүрөт тартарда, мисалы, каармандардын жүзүн кантип элестетип тартасыз?
– Тарыхый сүрөт дегенде портрет да маанилүү роль ойнойт. Жакында Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтүн тарттым. Бул үчүн 5 жыл издендим. Аны кеңири аудиторияга алып чыкканда сындар да айтылды, көбүнчө анатомиясына карата. Турсунбаеванын мен тарткан композициядагыдай отурган позасы жок экен эч бир сүрөттө. Мен анын анатомиясын изилдеп, колдорун карап отуруп иштеп чыккам. "Колу чоң болуп калыптыр" деген сын айтышты. Бирок бул сынды кабыл алган жокмун. Анткени Таттыбүбү Турсунбаева кичинекей аял болгон эмес. Анын колундагы ар бир манжасы узун келип, жоонураак болуптур. Бою да, моюну, буттары да узун, далысы, жамбаштары чоң болгон экен. Сулуулугу жамалында экен. Мен дал ошол өңүттө ачып бергим келди, а көргөндөр дал ошол жерин сындашты. Кызыл алманы көлгө таштап жаткан образ болчу. Театр адамдары “Айтматов кызыл алманы кадырлап берсе, сен сууга таштатып салдың” дешти. Анын жашоосу оор болуптур. Ошону чагылдыргым келди. Дегеле тарыхый каармандарды тартыш үчүн анын жашаган жерине, туугандарына барып сурап-билебиз. Көркөм чыгармаларга, китептерге көп ишенбейм. Фактыларга таянам.
– Сүрөтчүлөр адамды башкача көрөт дешет...
– Ооба, көпчүлүк сырткы сулуулугун, келбетин көрсө, биз анын ички дүйнөсүн кошо көрөбүз.
– Келечекке кандай максат-тилектериңиз бар?
– Сүрөт боюнчабы?
– Жашооңузду сүрөттөн бөлүп карайсызбы?
– Ооба. Бири-бирине аралаштырбайм. Сүрөттүн өзүнчө болгону жакшы, экөө бири-бирине аралашпайт. Музейде тарых жанрында жеке көргөзмөмдү ачсам деген тилегим бар. Андан сырткары сүрөт искусствосунда тарых жаратсам дейм.
– Тилегиңизге жетиңиз.
Гулийпа Маметосмон кызы