Гүлмира Шерипова, ырчы, “Кеңеш” тобунун мүчөсү: "3 БАЛАМ ЧАРЧАП, 11 ЖОЛУ БОЮМДАН ТҮШҮП КАЛГАН”

“3 жыл катуу оорудум. Бул оор сыноодон жолдошум Мүзүр алып чыкты”,- дейт “Кеңеш” тобунун мүчөсү, ырчы Гүлмира Шерипова. Турмуштагы оор сыноолор тууралуу сүйлөштүк. “Башкаларга сабак болсун деп айтып жатам” деген ырчынын кеңештерине кулак салыңыз, окурман.

– Гүлмира айым, мындан 2 жыл мурун маектешкенибизде “эми бизди эч ким токтото албайт, чыгармачылыкка жең түрө киришебиз” деген элеңиздер...

– Киришели дегенбиз жакшы эле. Бирок бизди бир нерсе кармап жаткандай болду. 2016-жылы тармактык бизнеске кирип банкрот болуп калбадым беле, ошондон чыга албай жүрдүм. 2020-жылдан тарта бир жерде иштей баштадым, жашоомду мурунку калыбына келтирүү үчүн көбүрөөк убакыт арнадым. Мүзүр жалгыз ырдай албайт, дуэтпиз, бири-бирибизге жипсиз байланганбыз да. Ошондуктан көп ырдабай калып жаттык. Быйыл 2-3 клип тарттыралы деп жатабыз, бирок мурдагыдай жулунбайбыз. Хейтерлердин күнөөгө батышына да себепкер болуп калбайлы деп абайлап жатабыз. Негизи ырчылыкты токтотолу деген да оюбуз болгон. Сурамжылоо жүргүзсөк, күйөрмандар “ар бир эле киши ырдай бербейт, бул деле Кудайдан берилген өнөр да” дешти. Дароо токтотуп салбай, сахнадан кетсек да акырындан кетели деп жатабыз.

– Убакыттын өтүшү менен жашоого болгон көз караш өзгөрөт эмеспи. Сизде кандай өзгөрүүлөр болду?

– Негизи бул нерсени жашырып айтпай жатканбыз. Банкрот болгондон кийин катуу ооруп калдым. Кара дуба, жин дегендерге ишенчү эмесмин, ооруп ишендим. Үйдө жатсам бирөө муунтуп эле көтөрүп ыргыта берчү. Мүзүрдү көргүм келбей калган, аны көрсөм эле кыйкырып-өкүрүп уруш чыгара берчүмүн. Эч нерсе кылгым келбей калды. Идиш жууй албайм. Кийимдерди кармасам колумдун учун бир нерсе сайгылап жаткандай боло берди. Мен унаага отурсам эле жолдон кырсыктай берчүбүз.

Бир жолу Чалма деген айылда сахнада ырдап жатып эле кийимимди айрып жыгылып түштүм. Ошол маалда Мүзүрдүн жанынан бир кара мышыкты көрдүм. Аны тебейин деп баратып өзүм жыгылып калдым. Дайыма төмөнкү кан басым менен жүрчүмүн, ооруп калганда кан басымым себепсиз эле көтөрүлө берди. Жүрөгүм сыгылат, ыйлай берем. Кара күч жактан күчтүү болуп калат экенсиң. Мүзүр түшүнбөйт эмне болуп жатканын, экөөбүз мушташып кетип жаттык. Бир сүйлөсөм токтобой кыйкырып, ыйлап 4-5 саат сүйлөчүмүн. Терезеден секирип кетким келе берчү.

Тармактык бизнестеги компаниянын банкрот болгонунун себеби – бир казак кыз акчаны алып качып кетти. Ал бизнесте көп ырчы кыздар бар болчу, мен ошолор аркылуу баргам. Көбүрөөк сүйлөгөнүм үчүн баары мени күнөөлөштү. “Биз сен айткан үчүн барганбыз, аферист” дешти. Дордойго барсам бир эже алдымдан чыгып “бул кыз аферист” деп кыйкырганда аябай жаман болуп кеттим. Үйгө келип терезеден секирейин дедим. Кызым анда 5 жашта болчу, ошол маалда эшиктен чуркап келип, “апа, дүйнөдө эң сулуу аял сенсиң да. Мен сенсиз жашай албайм” деп жатпайбы. Үстүмө бирөө суу куюп жибергендей чочуп кеттим да, бирөөлөрдүн сөзү үчүн өз жанымды кыйсам, балдарыма ким эне болуп берет деп өзүмө келдим. Намаз окуюн десем, жүрөгүм лакылдай берди. Көрсө, дуба бар экен. Ичимдик ичким келип, мурдума анын жыты келе берчү, бирок ичкен жокмун. Молдолор “сени аракка окутушкан” дешти. Ал адамдын ким экенин билдим, “бир эже дуба окуп, ушуну ичсең төрөйсүң, бир эле ууртам ичип кой” дегенинен бир ууртам арак ичкем чындыгында. Ага чейин 3 балабыз чарчап калган да. Балалуу боло албай жатканда ар нерсе кыла бересиң го, ким эмне десе ошону кыла бердим. Мүзүр молдолорго алып барды, а мен молдолорду сөгүп-сактым. “Эмнеге молдолорго алып бара бересиң? Баарынын сөзү окшош, ичинде жин, сыйкыр бар дей беришет” деп Мүзүргө кыйкырам. Сыйкыр деген жинден да күчтүү болот дешти. Ошентип жүрүп Мүзүр колу-бутумду кармап отуруп окутту молдолорго, 3 жыл бардык. Айыгайын дегенде көзү ачыктардай болуп ким калп, ким чын айтып жатканын билип калдым. Молдо “адам эки түрдүү айыгат, же толук намазга келет же көзү ачык болуп кетет. Намазда болуп айыкканга аракет кылыңыз” деди. Мен мурунтан эле намаз окуйм да. Ошентип айыктым, азыр баарына шүгүр. Жашообуз мурдагыдай, үй-бүлөбүздө гармония болуп калганына шүгүр. Бул нерселерди айтпай деле койсом болмок. Бирок акыркы кезде бири-бирин дубалап, окуткандар көбөйүп кетиптир. Көптөр түшүнбөй, молдого барбай жүрүшөт. Ошолорго, балким, менин башымдан өткөндөр сабак болор.

– Башыңыздан абдан оор сыноо өтүптүр. Сиз дубалап койгон деп шекшиген адам менен сүйлөштүңүзбү, эмне себеп болуптур?

– Көп нерсе көрө албастыктан болот окшойт. Көрө албайт дейин десем, укмуш миллионер же миллиардер деле эмесмин. Адамдын ичине кирип чыкпагандан кийин айтыш кыйын да. Аны менен сүйлөшкөн деле жокмун. Анын өзүнүн жашоосу кандай болуп жатканын көрүп жатам. Пендебиз, кечирбей койгонго акым жок, ал адамды толук кечирдим.

– Бул окуялардан өзүңүз кандай сабак алдыңыз?

– Адамдарга болгон көз каршым өзгөрдү. Мурда баарына ачыла берчүмүн, азыр антпей калдым. Өзүм кыйналып турсам да башкаларга жардам бере берчүмүн. Сен кыйналып турганда алар сага кол сунбайт экен. Күндө чай ичишип жүргөндөрдүн саламга да келбей калганына таң калдым. Мурда “жоолук салынсам той, концерттерде ырдай албай калам” дей берчүмүн. Бир күнү түшүм аян берди, “Кудай сага баарын бериптир, башыңды жап” деген үн угулду. Ушундан кийин бир чечимге келдим.

– Балалуу боло албай жүрдүк дедиңиз, балалуу болууга эми деле кеч эмес болуш керек?

– Уулум Медерге чейин 3 балам чарчап калган. 11 жолу боюмдан түшкөн. Кызымды төрөгөндө апам “сага бала керекпи?” деди, “ооба” десем, “мага да менин кызым керек” деп ыйлаган. 2 баламдын бар экенине шүгүр. Ушулардын балдарын көрүүнү Кудай насип кылсын. Уулум 17ге чыгат, студент. Кызыбыз 11 жашка чыгат. Кызыбыз биз үчүн дагы деле алдей. Экөө тең ырчы болом дебейт.

– Мындан ары жашооңузда жалаң жакшылыктар болсун! Ийгилик каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан