КӨПЧҮЛҮКТҮ ДҮРБӨТКӨН ККМ: ПАЙДАСЫ КӨППҮ ЖЕ ЗЫЯНЫБЫ?

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, учурда Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли ички дүң өндүрүмгө карата 30 пайызды түзөт. Айрым эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө 47 пайызга чейин жетет деп айтылууда. Акыркы жылдары көпчүлүктүн кулагы ККМ дегенди көп укту, Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети соода-сатык тармагына көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) системдүү түрдө киргизе албай убара. Ишкерлердин бир бөлүгү андай жабдыктарды орнотуу бизнести артка тартат деп каршы. Макалада ККМ дегенди жөнөкөй тилде чечмелеп берүүгө аракет кылдык. Бул маселеде мамлекетти шыктандырып, ал эми ишкерлерди чочулатып жаткан жагдай кайсы? Салык кызматынын ККМ бөлүмүнүн жетекчиси Кудайберди Айтбай маалымат берди.

ККМ деген эмне?

– ККМ – көзөмөл-кассалык аппарат. Кызмат көрсөтүү же cоодада товардын баасы жана башка маалыматтар камтылган дүмүрчөк даярдап бергич. Салык кызматынын бирдиктүү системине маалыматтарды онлайн жөнөтүүчү түзүлүш.

ККМди жайылтуунун максаты эмнеде?

– Негизги максат – көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Салык жыйноодо бул аппараттар 2016-жылдан бери колдонулуп келет. 2021-жылдын декабрь айынан тарта ишкерлер ККМди милдеттүү түрдө колдонсун деп Министрлер кабинетинин жарлыгы чыккан. Учурда өлкө боюнча калкты тейлеген соода жайларын ККМ аппараттары менен камсыздоо иши жүрүп жатат. 2016-жылкы көзөмөл-кассалык аппараттарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу, ККМге урулган чектер тууралуу маалымат борбордук серверге жай келчү. Азыркы жаңы ККМдердин өзгөчөлүгү – смарт карта менен иштегенинде. Салык төлөөчү чекти аппаратка урганда эле андагы маалымат Салык кызматынын серверине дароо түшөт. Ишкер канча суммага соода кылып жатканы ачык-айкын көрүнүп турат.

Эмне үчүн ишкерлер ККМден баш тартып, патент системин калтырууну суранып жатышат?

– Патент системинде ишкер соодасы болсо, болбосо деле белгилүү бир сумманы төлөйт. Мисалы, 4 миң сомдук патент болсо, соода күркөсүнүн аянтына, жумушунун түрүнө карата белгиленген сумма болот. Ал эми ККМ койдурганда соодагерлердин канча соода кылып жатканы түптүз серверге түшүп турат да, соодасына жараша салык төлөй башташат. Мисалы, 100 миң сомдук соода кылса, ошого ылайык салык алынат. Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн бирдиктүү салык режиминде иштеген, жылдык акча айлантуусу 8 миллион сомго жетпеген чакан ишкерлер ККМ орнотуудан бошотулган. Соодагерлердин катуу каршылыгынан улам базарларга, кичи базарларга ККМ аппараттарын орнотуу талабы убактылуу - 2023-жылдын 1-апрелине чейин токтотулган. 1-апрелден тарта талап кайра күчүнө кирет. Ишкерлер патент системинен бара-бара кетиши керек. Азыркы тапта соодагерлердин өтүнүчү менен электрондук патент системи гана калды.

ККМ колдонуудан такыр баш тартышса кандай чара көрүлөт?

– Мыйзамга ылайык, эгерде ишкер ККМ жабдыктарын колдонбосо, ага 7500 сом (жеке жактар үчүн) же 23 000 сом (юридикалык жактар үчүн) айып салынышы мүмкүн. Бузук ККМ аппараттарын колдонушса 3 миң сомдон айып пул салынат.

ККМдин ишкерлер үчүн артыкчылыктары барбы?

– ККМ ишкерлерге инвентаризациялык эсептерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ККМди активдүү колдонгон, ачык, жеткиликтүү жана айкын иш жүргүзгөн ишкерлер салык органдарынын кошумча текшерүүлөрүнөн бошотулат. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн, импортчулардын кызыкчылыктары корголот, таза атаандаштык түзүлөт.

ККМ колдонбостон иштей алышат:

– Гезит, журналдар

– Баалуу кагаздар: стационардык жайлардан тышкары лотерея билеттери

– Коомдук транспортто жүрүү үчүн билеттер

– Поезд жүргүнчүлөрү, вагондогу тамак-аш менен тейлөө жайлары

– Жеке мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү (бала багуучу, кароолчу, багбан, үй кызматчылары)

– Коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрү

– Диний уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү

Патент менен иштегендер сөзсүз ККМ колдонуш керекпи?

– Патент менен иштөө салык төлөөчүнү ККМ колдонуудан бошотпойт. Экөө тең Салык кодексинин талабында бар. Ишкердиктин түрүнө жараша патент талап кылынса, анда керек. Эгер патентсиз деле ишмердигимди жүргүзө берем десе, анда ишкер өзүнө ылайыктуу салык режимин тандап алышы зарыл.

ККМди ким сатып берет, ал жалпы өлкөнү камсыздоого жетеби?

– Салык кызматы 10 миңдей ККМ аппараттарын сатып алып ишкерлерге коюп берүүдө. Албетте, өлкө боюнча ишкерлерди камсыздаганга жетпейт. Ишкерлер өздөрү сатып алышса болот.

ККМди онлайн түрдө колдонсо болобу?

– Учурда ККМдин аппараттык жана программалык эки түрү колдонулууда. Аппараттык – бул кадимки эле баскычтары бар ККМ жабдыгы. Ал эми программалык тиркеме түрүндөгүсүн смартфонго, планшетке же компьютерге орнотуп иштетсе болот. Программалык ККМди жүктөп алуу акысыз. Онлайн ККМди колдонгон ишкер кардарларга чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтер гана сатып алат.

Сейил Жалалдинова, соодагер: “Соодагерлер товардын үстүнө баа кошуп сата беребиз, эл эле кыйналат”

– Мен “Дордой” тарапта дүкөн иштетем. Салык кызматкерлери келип “ККМ аппарат койдургула, болбосо айып пул салынат” деп эскертип кетишти. 2022-жылдын башында “Дордой” базарындагы соодагерлер 4 пайыздык төлөмдөн улам пикетке чыгышкан. Эгер жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашса, мамлекетке кирешесинин 4 пайызын төлөшү керек экен. Ошондо ишкер тапканынын жарымын эле мамлекетке берип жатпайбы? Салык эрежелери өтө чийки жана толук иштелип чыкпай калган. Минтип ишкерлерди эзе берсе эч ким соода кылбайт. ККМдин баасы 10 миң сомдон ашык турат экен. Мисалы, аны сатып алууга менин каражатым жетпейт. ККМ аппаратка каршымын, биз ансыз деле салык төлөп жатабыз. Патент системин эле калтырып бергени жакшы болчу. Курут, чупа-чупс сыяктуу майда-чүйдө товардын баарын электрондук системге киргизишибиз керек экен. ККМ менен ЭТТКнын (электрондук товардык-транспорттук коштомо) чеги бирдей болуш керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болуп калса, чек чыгарбай койсок да айып пул салышат экен. Патенттин баасын да эки эсе көтөрүп, ККМ да колдоносуң деп жатышат. Ушул туурабы? Биз, мисалы, азык-түлүк, тамак-аш сатабыз, анын кээ бирлеринин мөөнөтү өтүп кетсе жарабай калат. Карызга жазылып соода кылгандар толтура. ККМ орнотуп, ар бир сатылган товарыбыздын эсебин алып турса баалар да кымбаттайт. Соодагерлер товардын үстүнө баа кошуп сата беребиз, эл эле кыйналат.

Элдар Абакиров, экономист: “Кирешебизге жараша салык төлөгөндү үйрөнүшүбүз керек”

– Мамлекет 30 жыл бою майда жана орто бизнестегилерге патенттик системдин негизинде бутка турууга жардам берди. Чынында салык саясатында адекваттуу өзгөрүүлөр болуп турганы жакшы. Негизи патент системинин жоюлганы туура. Бул систем экономика жаңыдан от алып, бутка туруп жаткан кезде башталган нерсе эле. ККМ системине өтүш керек. Бирок бул курсагын араң тойгузуп жаткан соодагерлерге таасир этпеш үчүн акысыз ККМдерди таратып же телефонго орнотула тургандарын жайылтуу керек. Товар жүгүртүүсү аз соодагерлерге салык нөл пайызга жакын болгону оң. ККМдин артыкчылыгы – бул бажыдагы, салык чогултуудагы коррупцияны жок кыла турган, бюджетти толтура турган механизм. Баарыбыз кирешебизге жараша салык төлөгөндү үйрөнүшүбүз керек. Ошону менен бирге өкмөттөн да мектеп, бала бакча, сапаттуу жолдорду, ооруканаларды куруу, коопсуздук, сот системинин адилеттүүлүгүн талап кылып, баарын иретке келтир деп туруп, анан салык төлөшүбүз зарыл.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан