БИР БҮРКҮМ. ЖООКЕР КОКУСТУКТАН КАЗА ТАПТЫ...

  • Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринин 2 миллион сомдук мүлкүн уурдады деп ошол аскер бөлүгүнүн жооптуу кызматкерлери шектелүүдө.
  • Муфтият: Ошто 12 жашар бала медреседе сабалды деген маалымат жалган.
  • Ош шаарында быйыл 30 миңдей көчөт, 1,5 миллиондой гүл отургузулары маалымдалды.
  • Баткенде курал кокустан атылып кетип, чек ара отрядынын 22 жаштагы жоокери каза тапты.
  • Президенттик адиминистрация: Бишкекке беш жылдыздуу мейманкана курулат, курулуш иши быйыл мартта башталат.
  • Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөргө мунапыс берилгени жатат, мунапыстын долбоору даярдалып, Министрлер кабинетине жиберилгени айтылды.
  • Түштүк Кореяда иш сапары учурунда спикер Нурлан Шакиев Hyundai заводун ачууну сунуштады.
  • УКМК: Сузак районунда аялдарга мыйзамсыз түрдө диний билим берген борбор жабылды.
  • Кар көчкү түшүү коркунучунан улам Нарын облусуна 17-февралда киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.
  • Нарын РИИБинин башчысынын орун басары жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү 20 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
  • Украинадагы согушта дагы бир Кыргыз жараны каза тапканы маалымдалды.
  • Тажикстанда 23-февралда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды, анын күчү Ош облусунда 4,5 баллга жетти.
  • Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун жетекчиси болуп дайындалды.
  • Экс-депутат Самат Ибраевдин алдамчылыкка шектелип Болгариядан кармалган уулу Бишкекке жеткирилгени кабарланды.
  • Ош шаарындагы мектептерде окуучулардан мыйзамсыз акча чогултуу маселесине көзөмөл күчөтүлөрү маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан