Пенсиянын суммасы: КОНСТИТУЦИЯДА ЖАЗЫЛСА ЭЛЕ АТКАРЫЛА БЕРБЕЙТ

Министрлер кабинети пенсияларды төлөөдө Конституцияда жазылган норманы аткара албай турганын айтып Конституциялык сотко кайрылды. Тагыраагы, пенсионерлерге жашоо минимумунан кем эмес суммада пенсия бере албайбыз деп жарыялады.

Баш мыйзамдын 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген 44-беренесинин 2-пунктунда минтип жазылган: “Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат”. Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун өлчөмү – 6800 сом. Бул – өлкөдөгү ар бир пенсионер Конституциянын талабына ылайык, айына 6800 сомдон кем эмес пенсия алышы керек дегенди билдирет. Азыркы тапта өлкөдө пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 1200 сом, жашоо минимумунан дээрлик 6 эсе аз. Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “жашоо минимумун ар бир өлкө экономикалык абалына жараша аныктайт. Ал жыл сайын өзгөрүп турат. Төлөй албасак эмне, өлүп алалыбы?” деди депутаттар менен талаш-тартыш учурунда.

Акылбек Жапаров пенсия бул жөлөк пул эмес, аны жаран ишке жарамдуу кезинде өзү топтойт деп эскертти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан