ОРУСИЯ-УКРАИНА СОГУШУНА 1 ЖЫЛ БОЛДУ

Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка 1 жыл болду. 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына бастырып кирип, согуштук аракеттер азыркыга чейин уланууда.

21-февралда эки маанилүү иш-чара орун алды. Биринчиси – Орусия президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу, экинчиси – АКШ президенти Жо Байдендин иш сапары менен Украина жана Польшага барышы.

Федералдык жыйынга кайрылуусунда Путин Орусияны согуш талаасында жеңүү мүмкүн эмес деген пикирин билдирди.

– Украина режими учурда өзүнүн эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп жатат. Батыш Украинаны полигон катары колдонуп жатат. Ачык айтып коёюн, Украинага Батыштын алыскы аралыкка атылуучу куралдары канчалык көп келсе, биз коркунучту чек арабызда ошончолук алыстатууга мажбур болобуз. Биз Украина эли менен согушкан жокпуз, Украинанын эли Киев режими менен анын Батыштагы жетекчилеринин барымтасында калды,- деди Путин.

Байден Варшавадагы билдирүүсүндө Украинадагы согуш эч качан Орусиянын жеңиши менен аяктабай турганын айтты.

– Орусия Украинаны эч качан жеңе албайт, эч качан. АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусиянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө же аны жок кылууга умтулбайт. Миллиондогон орус жарандары коңшулары менен тынчтыкта жашагысы келет, алар бири-бирине душман эмес. Бул согуштун эч кереги жок эле, согушту Путин тандады. Согуштун ар бир жаңы күнү – Путиндин тандоосу,- деди Байден.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан