АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Өзүңдү жакшы кара, менден кам санаба. Бир нерсе болсо дароо телефон чал?- Илим ушуларды айтты да, тез-тез баса бөлмөдөн чыгып кетти. Айдай терезеден сыртты тиктеп ойлонуп турду. Машинесине отурайын деп жатып Илим жылмайып колун булгалап койду. Айдай да жылмайып кол булгады.

– Ал адамдын үй-бүлөсү бар экен го,- деген үн чыкты аркасынан. Селт чочуй берген Айдай өзүн жек көрө тиктеп турган Эмирди көрдү.

– Менин атамдын да экинчи үй-бүлөсү бар. А балким, андан тышкары да катындары болушу мүмкүн. Ошонун айынан апам рак менен ооруп калды. Мен түшүнбөйм...

– Эмнени түшүнбөйсүң, Эмир?

– Кантип башка бир балдары, аялы бар адамдар менен көңүл ачса болот? Мисалы, сиз?

Айдай өмүрүндө мынчалык уялган эмес. Баласы менен тең баланын айткандары ага оор тийди. Башын жерге салып бир топ турду да, акырын үн катты.

– Мен да муну адилетсиздик деп ойлойм.

– Бирок баш тартып кетүү мүмкүн эмес да, ээ?

– Хм, мисалы, сен эмнени аябай тамшанып жейсиң?

– Эмне тиешеси бар?

– Айтсаң.

– Мисалы, шоколад...

– Демек, шоколад... Илим мен үчүн ошондой сүйүп жеген нерсе. Сен шоколад жегенден баш тарта аласыңбы? Жок! Чоңдор деле ошондой. Илим мага суу сыяктуу. Чөлдө абдан чаңкап туруп суу ичкенде жаның өзүңө келе түшөт эмеспи. Мен да ишенимдин, сыйлоонун, жакшы көрүүнүн булагы Илим деп билем. Мындан баш тартышым мүмкүнбү? Ал эми окуялардын баары сыртынан бирдей көрүнүшү мүмкүн. Бирок баарынын өзүнүн себеби бар.

– Атамдыкында себеп жок.

– Сен атаңды канчалык билем деп ойлойсуң? Балким, анын да бир себеби бардыр.

– Сиз менин апамды билбейсиз, андай аял дүйнө жүзүндө жок! Андай мээримдүү, акылдуу, сабырдуу адам көргөн эмесмин.

Айдайдын ичи тыз дей түштү. Кызык, Айдайдын баласы өзүн жакшы көрөт беле? Жок дегенде сыймыктанат беле эгерде жанында өссө? Ушунчалык баалайт беле? Бирок ал жок, анын ордуна Эмирдин чындыкты талап кылган көздөрү бар. Айдай улутунуп алды.

– Бардык балдар апаларын жакшы көрүшөт. Алар кандай болсо болсун, кечиришет...

– Сиз дагыбы?

– Эмне мен?

– Апаңызды жакшы көрөсүзбү?

Айдай күлүп жиберди.

– Эми жакшы көрүп калдым. Балким, жылдар бою жакшы көрсөм керек, бирок аны жакында эле сездим. Кечирдим! Балким, сен атаңды түшүнө албай жүргөндүрсүң.

Эмир үн каткан жок. Жөн гана ийинин куушуруп койду да, коштошуп сыртка чыгып кетти. Жигит өзүнө таң кала берди. Адатта, эч кимди өзүнө жакындатпаган жабык мүнөзү бар. Бирок Айдай эжекесин көргөндө эле аны менен сүйлөшкүсү, пикирин уккусу келе берет. Анын жөнөкөйлүгү, бул али жаш дебей бардык суроолоруна жооп бергени жагат. Апасына эрте келем деп убада бергенин эстеди. Тез-тез кадамдай үйүнө жөнөдү.

ххх

– Тигиниң качан айыгат, ия?- деди жини келген келин маңдайында отурган адамга. Бул Эмирдин атасы Эмил эле. Чын эле анын экинчи үй-бүлөсү бар болчу. Бул келинден бир кыз, бир уулу бар. Келиндин тили абдан узун, бирок Эмирдин атасы балдарын жакшы көрөт, ошол үчүн чыдайт.

– Ал айыкса да, айыкпаса да сенин абалың өзгөрбөйт, муну билесиң да.

– Балким, өзгөрөт,- деди табышмактуу сүйлөгөн келин.

Эмил башын чайкай берди. Биринчи аялын баары бир жакшы көрөт, кыйбайт аны. Албетте, бар байлыгын анын жардамы менен топтоду. Адам болду анын жанында. Анын сабырдуулугу болбогондо Эмил азыр кайда жүрөт эле, ким билсин? Бирок ооруп калды, кол жеткен жерлердин баарына көрсөттү. Балекет баскан дартка алы жетпей чөгүп бара жатат.

– Мен кетейин, балдардын кем-карчына акча которуп коём. Сен улам чалып тынчымды ала бербе.

– Балдар сагынып аталап жатышат, ошого чалгам,- деп бурк этти келин. Бул мамиле экөөсүн тең ыңгайсыз абалга кептеп, бири-биринен тажап, бирок ортолорунда балдар болгону үчүн гана чыдап жүрүшкөндөй. Эмил чыга жөнөдү.

ххх

– Апа-а, мен келдим,- деди адатынча кыйкырган Эмир. Эмнегедир үн каткан киши жок, жүрөгү шуу дей түштү. Кыйкырып жиберди. Апасы гүл бакчада жүргөн экен, адатынча гүлдөрүнө суу куюп жүргөн.

– Өх, апа, коркуттуңуз мени...

Эмир келип кучактай калды.

– Тентек десе, эмнеден коркосуң? Тажап кеттим жата берип, алаксыйын деп чыккам.

– Чарчап калдыңызбы? Дарыларыңызды ичтиңизби?

– Ичтим. Коркпо, уулум, баары жакшы. Азыр өлбөйм,- деди күлгөн апасы. Эмир кучактай калды.

– Антип айтпаңызчы, апа, мен сизсиз эмне кылам?- деп көзүнөн жашы агып кетти.

– Ой, уулум чоңоюп калды десе, бул эмнең?- деди апасы жумшак гана.

Азыр уулу даяр эмес экенин сезе койду. Деги эле өлүмгө даяр болуу мүмкүнбү? Сөздү башкага бурду.

– Даярдык кандай, чемпион?

– Алынча...

– Айдай эжейиң тууралуу айтып берчи.

– Аны эмнегедир сизге окшоштурам, апа, билбейм кайсы жериңер окшош. Сиздей мээримдүү, түшүнүктүү, көп нерсени башынан өткөргөн адамдай. Аны менен сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Менин талантымды баалайт. Эмнегедир сизден кийин эле ошол адам мага жакын сезилет. Мен буга өзүм да таң калам.

Ажар таң кала түштү. Уулунун чын эле жабык дүйнөсү бар, бирөөгө оңою менен ачылбайт. Демек, чын эле жакшы адам окшойт го Айдай дегени. Таанышып көрсөбү? Ажар акырын үн катты.

– Аны биздин үйгө чакырсак келеби?

– Кандай чакырсак?

– Сен чакыр, "апам сиз менен таанышкысы келет" де. Балким, келет.

– Эмнеге?

– Мен аны башынан эле жактырам, билесиң го. Анын ырларын укканда сен да тыңшап, кунт коюп угуп калчусуң кичине кезиңде. Эми сени менен жакын болсо, балким, үйгө келеби деп ойлоп кеттим. Сага ыңгайсыз болсо тим эле кой. Мен да кызыктай болуп бара жатат окшойм.

– Сизге сөз берем, апа, аны биздин үйгө алып келем!- деди Эмир.

– Эмнени сөз бересиң?- атасы аркасына келип экөөнүн сөзүн угуп туруптур. Дагы уруш чыгып кетеби деп апасы карбаластай түштү.

– Эмил, сен келдиңби?

– Ооба, уулуң сага эмне сөз берип башыңды айлантып жатат?- деди урушканга шылтоо тапканына ичинен сүйүнүп. Мына, ичиндеги буркан-шаркан түшкөн бардык сезимдерин төгө ала турган адам. Эмир!

– Мугалими тууралуу сүйлөшүп жатканбыз, мындай эле,- деди апасы сөздү токтотуп. Көзүн ымдап, үйгө кирип кет деген ишарат кылып жатты. А Эмир билет, бул адам ичиндеги бардык негативин ага төгүп алмайынча тынч албайт. Кан тамырлары көөп чыкты. Ызырына тиктеди атасына.

– Карачы, уулуң мага ызырынып карап жатат?

– Антип караган жок, жөн эле маанайы жок бүгүн Эмирдин,- жөжөсүн коргогон тооктой күйпөлөктөй берди апасы. Бирок ызырына бирин-бири тиктеген ата-бала тынчычудай эмес.

– Карачы ай, бөлтүрүктөй тиктеп турганын. Мен эмне дедим буга. Эй бала, бери басчы!- оозуна келген жаман сөздүн баарын айтып сөгүп жатып калды атасы адатынча. Эмир да көзүн албай, жалтанып койбой тиктеп тура берди.

– Койгулачы дейм, болду кылгыла, бай болгурлар,- деди апасы чырылдап.

Булардын трагедиясы ушунда эле. Өмүрү баласына жакшы сөз айта албаган ата, атасынан ийменбеген, жалтанып койбогон уул. Жылдар бою ушу экөөнү жакындатам деп жандалбастаган аял. Сыртынан идеалдуу үй-бүлө көрүнгөн булардын трагедиясы дал ушунда болчу. Атасынын ар бир сөзү адатынча Эмирге камчыдай тийип жатты. Тарс, тарс, тарс! Бул соккулардын үнү угулбаганы менен, баланын жүрөгүнө чоң тактарды калтырып жаткан...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан