СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште жеңүүчү болду

Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Атланта шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча ACC League мелдешинде 1-орунду ээледи. Спортчу 200 метр брасс аралыгын 1:50:51 убакытта сүзүп өттү. Бул көрсөткүч менен спортчу аталган мелдештин рекордун жаңылады.

Белгилей кетсек, ACC League АКШнын университеттери арасында өтө турган чоң мелдештердин бири.

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду

Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду. Турнир 18-февралда Сербиянын Белград шаарында өткөн. Абдисалам уулу жеңил салмактагылар арасындагы кур үчүн орусиялык мушкер Камиль Магомедов менен кармашты. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен кыргызстандык спортчу жеңүүчү аталып, Brave CF уюмунун чемпиондук курун тагынды.

BRAVE Combat Federation – дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири.

Мусулман Жоломанов эл аралык мелдештен алтын медаль тагынды

Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында өткөн чуркоо боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 3 спортчу катышты. Анда Мусулман Жоломанов 1000 метр аралыкты 2 мүнөт 27,43 секундда чуркап өтүп, 1-орунду ээледи. Ал эми 60 метр аралыкта Николай Котляров 7-орунду, Ангелина Тяпова 5-орунду ээлешти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан