ФУД-БЛОГЕРДЕН ТАТТУУ ПЕЧЕНЬЕЛЕР

Эльнура Туратбек кызы – хоббисин кесипке айлантып алган фуд-блогер, кондитер. Ал биз менен таттуу печеньелеринин рецеби менен бөлүштү. “Абдан даамдуу болот, сөзсүз жасап көрүңүздөр”,- дейт каарманыбыз.

Толтурмалуу печенье

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 300 грамм

Каймак май – 130 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Жүгөрү крахмалы – 70 грамм

Өсүмдүк майы – 40 миллилитр

Жумуртка – 1 даана

Көптүргүч – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлмө температурасындагы каймак майдын үстүнө кумшекерди кошуп миксер менен жакшы аралаштырабыз. Алардын үстүнө өсүмдүк майы менен жумуртканы кошуп дагы чалабыз. Бирдей массага келгенде ун, жүгөрү крахмалы жана көптүргүчтү кошуп кол менен жумшак камыр жууруйбуз.

2. Камырды майда бөлүктөргө (30 грамм) бөлүп тоголоктоп чыгып, кумшекерге аз-аздан оонатуу керек. Кааласаңыз кумшекерге бир аз корица кошуп жиберсеңиз даам, түс кошот. Аларды майланган электр мешинин табасына тизип, ортосун сөөмөй менен же цилиндр таякча менен басып оюп алабыз.

3. 180 градуста ысып турган электр мешине 13-15 мүнөткө салып бышырабыз. Чыгарып ортосуна карамель куюп коёбуз. Карамелдин ордуна кыям түрлөрүн, кайнатылган коюулатылган сүт (вареная сгущёнка) салууга болот.

Америка печеньелери

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 260 грамм

Каймак май – 160 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Жумуртка – 2 даана

Шоколад – 100 грамм

Көптүргүч – 1 чай кашык

Туз – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач шоколадды майда бөлүктөргө бөлүп алуу керек.

2. Бөлмө температурасындагы каймак май менен кумшекерди аралаштырып, андан соң жумуртканы чегип чалабыз. Булардын үстүнө ун, көптүргүч жана чымчым туз кошуп аралаштырабыз да, аркасынан майдаланган шоколадды кошобуз.

3. Даяр болгон камырды майланган табаларга бир аш кашыктан салып, кашык менен тегерек жука формаларды чыгарабыз.

4. 180 градуста ысып турган электр мешине 10 мүнөткө салып бышырабыз. Бат бышкандыктан карап туруу кажет.

Мрамор печеньеси

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 150 грамм

Упаланган кумшекер – 200 грамм

Каймак май – 60 грамм

Жумуртка – 2 даана

Какао – 60 грамм

Көптүргүч – 1,5 чай кашык

Туз – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Кургак азыктардын баарын бириктирип аралаштырып алабыз. Кумшекерден оонатуу үчүн алып коюңуз.

2. Жумуртканы чегип туз кошуп чалып алабыз, аны кургак азыктардын үстүнө кошуп камыр жуура баштайбыз. Үстүнө бөлмө температурасындагы каймак майды кошуп ийлеп камыр даярдайбыз. Эми аны 30 мүнөткө муздаткычка сала туруу керек.

3. Алып чыгып камыр муздак кезинде орточо бөлүктөргө бөлүп, аларды тоголоктойбуз да, кумшекерге оонатып чыгабыз, майланган табага салып пряник сымал формаларга келтиребиз.

4. 180 градуста ысып турган электр мешине 13-15 мүнөт коюп бышырабыз.

Бонус катары оңой жасалуучу баунти шоколадынын рецебин да сунуштады.

Баунти шоколады

Керектелүүчү азыктар:

Кокос кырындысы – 200 грамм

Коюулатылган сүт (сгущённое молоко) – 200 грамм

Эритилген шоколад – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кокос кырындысына коюулатылган сүттү кошуп аралаштырабыз. Андан соң колду суулап алып тоголор же сүйрү формаларды даярдайбыз. Тарелкага тегиз тизип, 30 мүнөткө муздаткычка сала турабыз.

2. Ага чейин шоколадды эритип даярдап алабыз. Эритилген шоколадга салып малып чыгарабыз да, 10-15 мүнөт кайрадан муздаткычка сала туруу керек. Шоколады катыган соң жей берсек болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан