“МЫНДАЙ КАЙДЫГЕР КОШУНАЛАР ТУРГАНДА ДУШМАНДЫН КЕРЕГИ ЖОК”. Бишкекте 3 адамдын үрөй учурган өлүмү

Бишкекте 17-февраль түнү болгон үрөй учурган кылмыштын алдын алып калууга мүмкүн беле? Маркум аялдын курбусу бул окуяда кошуналардын, деги эле адамдардын кайдыгерлигин баса белгиледи. Эскерте кетели, 17-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда бир үй-бүлөдөн 3 адам: 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана 8 жаштагы уулу өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү – мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери, спорт чебери Чынтемир Аширалиев.

Милита Мадалиева, маркумдун курбусу: “Курбума ири суммада акча карыз болчу”

– Каза болгон маркум Алтынай Канзаманова курбум болот. Менин майып, оорулуу балдарга, энелерге жардам берген фондум бар. Алтынай ошол фондго жардам берип жүргөн учурда таанышып калганбыз, анын боорукерлигинде, мээримдүүлүгүндө чек жок эле. Мүнөзү өтө жумшак, тарбиясы бекем болчу. Баласын ээрчитип алып майып балдарга жардам таштап кетчү, өзү келе албай калса акчасын которуп жиберчү. Мен мындай адамды өлүмгө кыйбайт элем. Ушундай жарыгын чачкан, жылуу адам болчу. Шектүү Чынтемир Аширалиев менен мамилесин айтып берген. Экөөнүн ортосунда мындан 9 жыл мурун мамиле болуп, бир балалуу болушкан (ред.: каза болгон 8 жаштагы уулу). Бирок кийин экөө эки жолго түшкөн. Азыр “маркум аял мамилебизди аялыңа айтам деп коркутуп кылмышка шектүүдөн акча талап кылган” деген кептер айтылып жатат. Бул карандай калп. Шектүүнүн аялы, 3 баласы бар, Алтынайдан да баласы бар экенин аялы билчү. Окуянын ракурсун башка нукка бургусу келгендер элдин башын айландырып жатышат. Чынында, шектүү Алтынайга көп суммада акча карыз болчу, ал алдоо жолу менен курбумду ишендирип банктан насыя алдырткан. Ал акчаны Чынтемир 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондо шайлоо иштерине короткон экен. Бирок шайлоодо утулуп калган, анан банктан алган насыясын төлөбөй койгон. Алтынай банкта көп жыл иштеген кызматкер болчу. Анын айынан жумушунан да кол жууду. Шектүүгө алып берген насыясын төлөйм деп батирин ижарага берип, өзү арзаныраак батирде жашап турууга аргасыз болду, пол жууп да иштеп жүргөн. Карыздын айынан Чынтемир экөө көп урушушту. Экөөнү баласы менен эле жанагы карызы бириктирип турган.

“Демейде тынчтык бергиле деп даттанчу кошуналар бул жолу жок”

– Видеобайкоого тартылып калган учурду карасаңыз, адам 4-кабаттан кулап түшкөндө ошол жерде турган автоунаанын сигнализациясы иштеп кетти. Кыз өзү секирдиби же кылмышкер түрттүбү, эч ким билбейт. Ошол учурда кыз үн чыгарса керек, аны кантип бир да кошунасы укпасын?! Кайра кылмышкер эшикке чыгып кызды үйгө көтөрүп кирип кетти. Подъездде кандын издерин сүртүп тазалап, кылмыштын изин жашырууга аракет кылыптыр. Мага кошуналарынын Вотсапп тайпасындагы жазышуулардын сүрөттөрүн жиберишти. Коңшулары курбумдун үйүндө болуп жаткан ызы-чууну балакеттей эле угушуптур. Бирок эч кимиси жардам беришкен эмес. Бир кошунасы мага чалып “ооба, биз милицияга чалдык, кылмышка шектүү жиндидей болуп колуна бычак көтөрүп подъездде ары-бери басып жүрсө корктук” деди. Ал көп кабаттуу үйдө эркек аттуу жашабайбы? Адамдар неге мынча кайдыгер болуп калышкан? Айбандар деле бири-бирин сактоого далалат кылат, биз адамдар айбанча жокпузбу? Кошуналары “айтсак, бизди милиция эки жакка суракка сүйрөмөк, бизге андай көйгөйдүн кереги жок” деп ачык эле айтышты. Мындай кошуналар турганда душмандын да кереги жок. Адатта, үйдө балдар катуурак чуркап же кыйкырып ойношсо кошуналар “тынчтык бергиле” деп даттанып келишет, кантип жашы жете элек кыз терезеден чыңырып жатса угушкан жок? Алардын да жоопкерчилиги каралса дейт элем. Кылмышка шектүү 9 саат бою ошол үйдө болгон. Курбумду бычак менен сайып өлтүрсө, өз канынан жаралган баласын балдар бөлмөсүндө муунтуп өлтүрүп, үстүн жумшак оюнчуктар менен жаап койгон. Ал эми терезеден секирип кеткен 17 жаштагы кызды сырттан көтөрүп келип, жуунуучу бөлмөдө ваннадагы сууга тумчуктуруп өлтүрүптүр. Ал кыз терезеден секиргиче кандай кордук көрдү эч ким билбейт.

“Кайсы шайтан азгырды билбейбиз”

Кылмышка шектүүнүн кармаш урушу боюнча спорт чебери экени, УКМКда көп жыл иштегени айтылды. Бул тууралуу УКМК расмий маалымат таратып, анда 37 жаштагы шектүү 15 жыл УКМКнын күзөт кызматында иштеп, пенсияга чыкканына байланыштуу 2021-жылы жумуштан кеткенин билдирди. Шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкерлигин коюп, экинчи орунду алып калган. Экинчи тараптын да пикирин угуу үчүн кылмышка шектүүнүн апасы Майрам Аширалиевага байланышканыбызда “мен азыр өзүмө келе элекмин, окуя боюнча комментарий берүүгө даяр эмесмин” деп билдирди.

Кадамжай районундагы Ак-Өргөө айылынын айыл башчысы (мурунку аталышы Ноогардан) Жумабай Токтосунов шектүү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Чынтемирди кичинесинен тааныйм. Биздин айылда чоңоюп өсүп, мектепти аяктады. Аскерге барып келгенден кийин Бишкекте иштеп, отурукташып калган. Бирок айылга келип турчу. Анткени ата-энеси бул жакта жашайт. Айылдагы иштерге активдүү катышып, анча-мынча салым кошуп турчу. Мектептерге келип окуучуларга китептерди тапшырып кетер эле. Шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин коюп 2-орунду алды, бул деле жакшы көрсөткүч. Азыр айыл элинин баары таң калып жатат. Кантип бул үрөй учурган окуянын катышуучусу болуп калды билбейбиз. Биз билген Чынтемир такыр кылмышкерге окшочу эмес. Тескерисинче, айылга келген сайын досторун чогултуп, жакшы идеяларын айтып, айылды өнүктүрүү пландары менен бөлүшчү. Шар жүргөн, элим-жерим деген патриот балабызды кайсы шайтан азгырды деп эле отурабыз.

Бишкек ШИИБи: “Экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө”

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралынан 17-февралына караган түнү Бишкектин 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Окуя болгон жерде Октябрь РИИБинин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүлдү. Аталган даректе энеси, кызы жана уулуна оор залалдар келтирилген жансыз денелер табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинде каттоого алынды. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу толук кароо жүргүзүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБине жеткирилген. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан шектүүгө карата СИЗО-1ге 2 айлык мөөнөткө камакка алуу чарасы тандалып алынды. Учурда бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан