Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!
Бул саптарды билбеген кыргыз аз болуш керек. Мунун автору, сөз менен сүрөт тарткан, пейзаждык, атуулдук ырларды катыра жазган акын Алтынбек Исмаилов менен маектештик.
– Арыбаңыз! Учурда эмне иштер менен алексиз? Маектешүүгө көпкө бош убакыт таба албай жүрдүңүз...
– Бар бол! Мен 7 күн, 24 саат иштейм. Иш чачтан көп, өмүр учкан куштай, аккан суудай, ар бир көз ирмемди, ар бир мүнөттү пайдалуу нерселерге жумшайын деп жан талашып кумурскадай иштеп жатам. Ыр жазам, котормочулук менен алектенем, университетте сабак берем. Андан сырткары иш-чараларга чакыруулар болуп турат. Ошолорго жетишип калайын, эч кимди капа кылбайын деп аракет кылып жүрөм.
– Акындык жол... Баары качан, кайда, эмнеден улам башталды?
– Акындык өнөр атанын каны, эненин сүтү менен берилет. Уурдап алчу тыйын, сатып алчу буюм эмес. Эң алгачкы ырымды 9-классымда жазгам. Жерибиздин 90 пайыздан ашыгы тоо эмеспи, тоо тууралуу 3 куплеттен турган ыр болчу. Бирок бир да сабы эсимде жок. Андан кийин биринин артынан бирин жаза баштадым. Кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген эжейим Аширгүл Токтоматова кызыктырып, шыктандырып, ар бир жазган ырымды дубал гезитине илип, облустук гезиттерге жөнөтүп, булактын көзүн ачкандай мени акындык өнөргө, адабият дүйнөсүнө жетелеп алып келди. Андан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетине окууга тапшырып, айылдашым, устатым Салижан Жигитовдун колуна түшүп, ошол кишинин сабагын, санатын үйрөнүп, аны көзү өткүчө шакирт болуп ээрчип жүрдүм. Менин чыгармачылык дүйнөгө келишиме ушул эки кишинин салымы чоң. Айылда таята-таенемдин колунда өскөндүктөн, сөзмөр, чечен, санжырачы, тарыхчы, кепке кепти кынаган мыкты инсандардын сөздөрүн көп угуп, аларды ар бир клеткама, кулагыма сиңире берип, бул дагы чоң таасирин тийгизди окшойт.
“Таятамдын дат баспаган сөздөрүн,
Терезеден кирген күн да тыңшачу.
Курсагына кызмат кылып өзгөнүн,
Кара чайнек кемегеде ырдачу”, - деген саптарым бар. Ошол таята-таенем, Аширгүл Токтоматова эжейим, Салижан Жигитовдун тийгизген таасири, эмгеги, көрсөткөн жолу синтезделип отуруп акындык өнөрдүн жаралышына себепкер болду. Бирок ал кездеги жазган ырларымды бүгүн окугандан уялам. Анткени эртең менен жазган ырыңды түштө, кечээ жазган ырыңды бүгүн окугуң келбей, жерип турсаң өсүш болот. Эгерде 5-10 жыл мурда жазган ырыңды дагы деле жакшы көрүп, кучактап турсаң, анда сенде дагы деле өсүш жок, токтоп калдың деген сөз.
– Сөз барктаган адам болуп калыптанууңузга чын эле таята-таененин тарбиясынын да таасири тийди болуш керек...
– Таене-таятам жөнүндө баарын “Жалгыз там” деген ырымда жазгам. Мен 3 айлык кызыл эт кезимде таятам менен таенем шаардагы ата-энемден “айылга алып кетип биз багабыз” деп макулдугун сурабай эле алып кетип калышыптыр. 7 айлык төрөлгөм, тумакка салып шыпка илип коюшчу экен. Үйдө үчөөбүз эле жашачубуз, комуздун үч кылындай бир убакта күүгө келчүбүз. Алардын көзү өтүп кетти. Менин эң алгачкы пайдубалымды куйган кишилер чын эле ошолор болду. Эгер алар бакпаса чыгармачыл инсан болбой калмак белем деп калам. Өз атам да ырдаган, обон чыгарган таланттуу инсан эле, мен 11-класска келгенде көзү өтүп кетти. Апам өмүр бою Ош облустук ооруканасында дарыгер болуп иштеди, азыр пенсияда, шаарда турат. 3 бир тууганбыз, улуусу менмин, карындашым, иним бар.
– “Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы, адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек” дегенсиз. Жан дүйнөгө төңкөрүш жасоо кыйынбы?
– Үч жолу көчөгө төңкөрүш жасадык, жашообуз өзгөрүп деле кеткен жок. Көрсө, жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек экен. Ар бир адам өзүнүн көөдөнүнө, аң-сезимине төңкөрүш жасамайын жашоо оңолбойт. Адам мүнөт, секунд сайын өзүн-өзү көзөмөлдөп, “мен туура сүйлөп, туура ойлонуп, туура иштеп жатамбы?” деп турса, ошондо гана адам туура жашайт экен. Биз бардык нерсени натуура жасайбыз. Жел үйлөгөн камгактай болуп көрүнгөн жакка тоголонуп жүрө беребиз. Элден башкачараак жашайын, убактымды туура ишке жумшайын дебейт экенбиз. Төңкөрүш деген ошол, бардык нерсени туура, иреттүү, кынтыксыз кылуу, ката кетирбегенге, туура сүйлөгөнгө, туура ойлонгонго аракет жасоо, ар бир күнүңдү туура өткөргөнгө аракет кылуу. Бул ар бир адамдын колунан келет.
– Чыңгыз Айтматовго алгачкы жолукканыңыз, андагы таасирлер тууралуу айтып берсеңиз...
– 11-класс кезим, Аширгүл эжейибиз Айтматовдун чыгармалары боюнча дил баян жазып келгиле деди. Мен “Делбирим” боюнча 25-30 куплеттен турган поэма-дил баян жазып бардым. Эжейим окуп көрүп “муну республикалык гезитке чыгарыш керек” деп сүрөтүмдү кошуп Бишкекке салып жиберди. Ошентип гезитке чыгат. Ошол кезде Бельгияда элчи болуп жүргөн Айтматов иш сапары менен Бишкекке келип калган экен, ошол гезит колуна тийип калыптыр. Айтматов “ушул бала менен кантип жолукса болот?” дейт, жанында жүргөндөр биздин мектептин мүдүрүнө байланышып, анан мени Бишкекке учурушкан. Ошентип өмүрүмдө биринчи жолу эл алдына сахнага чыгып ошол ыр түрүндөгү дил баянымды окуп бердим. Окуп бүткөндөн кийин ал киши мага келип эле, кучактап калды. Элдин баары туруп кол чаап, журналисттер сүрөткө тартып, ал киши кулагыма бир сөздөрдү айтып, батасын берип жатты. Эртеси гезит-журналдарга “Айтматовду жашыткан Алтынбек” деген темада макалалар чыкты. Ушундай бир эсимден кеткис окуя болгон. Кийин байланышып жүрдүк.
– Ырларыңызда жарандык, пейзаждык лирика басымдуулук кылат. Махабат лирикасында кандайсыз?
– Колума калем кармаган күндөн эле менин жүрөгүмдү канаткан, куйкамды куруштурган көрүнүштөр көп. “Жер жарылса, жарака акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дейт эмеспи. Ырды же сүйүнгөндө, же күйүнгөндө жазасың, мен көбүрөөк күйүнгөндө жазчумун. Табият коюнунда өскөндүктөн жаратылышка, пейзаждык лирикага жакын экенмин. Муну 2-3 жыл мурда эле сездим. Негизи ар бир акындын алы жеткен темасы болот. Бардык темага асыла бергенди жактырбайм. Сүйүү лирикасын деле жазып көрдүм, бирок башкалардай терең деңгээлде азырынча ачып бере элекмин. Ага же башкача диапазон, же башкача сүйүү керекпи? Акын өзүн мажбурлап жазбашы керек. Менин урааным бар: жасап жазбай, жашап жаз. Көзгө көрүнгөндү эмес, жүрөккө урунганды жазыш керек. Принцибим ушундай.
– Сүйдүңүз беле?
– Ооба, студент кезде сүйгөм, күйгөм. Кыздарга жетпей калгам, кыздар мага жетпей калышкан дегендей. Эки тараптуу сүйүү болбойт экен. Андан кийин азыркы жубайыма ашык болуп, ал дагы менин сүйүүмдү кабыл алып баш коштук.
– Анда ошол чакан мамлекетиңиз, андагы абал тууралуу сурайын.
– Мен кеч, 30га чукулдап калганда үйлөндүм. Жубайым жеке фирмада иштейт. 3 уул, бир кызыбыз бар. Чыгармачыл адамдын жубайы, тылы мыкты болуш керек, күйөөсүнүн чыгармачылыгына шарт түзүп, аны баласындай бөпөлөп карашы зарыл. Ошентип колдоп-коштоп турса өсүп-өнүгөсүң. Кудайга шүгүр, бул жагынан мен бактылуумун. Жакшы жубайга жолугуптурмун.
– Убактыңызды бөлүп маек бергениңиз үчүн чоң ыракмат!
Гулийпа Маметосмон кызы