Таирбек Исманалиев, күлкү жаратуучу: “МЫНДАН АРЫ АЯЛДЫН РОЛУН ОЙНОБОЙМ”

Туулган жери: Орусия, Екатеринбург шаары

Туулган жылы: 1992-жыл, 13-ноябрь

Бою: 177 сантиметр

Салмагы: 75 килограмм

Билими: жогорку, ОшМУнун ветеринардык врач адистигин бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

– Таирбек, салам! Жакында Москвада концерт коюп келдиңиздер, кандай өттү?

– Салам! Бизде Москвага барабыз деген план жок болчу. Анткени Кыргызстандагы концерттерибизди бүтүрүп алып барабыз деп жатканбыз. Орто жолдон Москвага концерт коюп кетүүгө сунуш түшүп калды. Барып келдик, зал толо эл келди. Күйөрмандар “көптөн бери мындай күлө элек болчубуз” деп мактоо сөздөрүн айтышты. “Дагы күтөбүз” деп калышты, орозодон кийин дагы барабыз, буюрса.

– Быйылкы концертиңерде өзгөчөлүк болобу же мурдагыдай эле сценарийби?

– Мындан 2 жыл мурун “Универсал 50 жылдан кийин” деп төртөөбүз чалдын образын ойногон элек. Былтыркы концертте аны ойнобой калганбыз. Күйөрмандар “ошол чалдар сонун болгон. Дагы ойноп бербейсиңерби” деп көп жазышты. Концертте ошол чалдардан жаңы тамашалар болот.

– Сиз ойногуңуз келбеген образ барбы?

– Ооба, мындан ары аял кишинин ролун ойнобойм. Буга чейин кызды туураган ролдорумду көрсөңөр, эң жакшы мен ойнойт болушум керек деп өзүмдү мактап кетейин (күлүп). Капрон колготкилерди кийип да сахнага чыккам.

– Тасма тартууга да кириштиңиздер, алгачкы жыйынтыктар кандай? Колдон келчүдөйбү?

– Ооба, биринчи кинобуз “Шерикти” тарттык. Көшөгө артындагы жумуштарга көбүнчө мен чуркайм. Уюштуруу, жарнамалоо, кинотеатрлар менен сүйлөшүү милдети менде. Эпизоддук роль да аткардым. Мени “Универсалдын” администратору деп койсо болот. Концерттерди коюп алгандан кийин жаңы киного сценарий жазып баштайбыз.

– Анда сиз менен кененирээк таанышалы. Орусияда төрөлүптүрсүз...

– Атам менен апам Екатеринбургда окушкан. Ошол жактан таанышып, бири-бирин жактырып калышкан экен. Кыргызстанга келип үлпөт той өткөрүп, кайра кетишиптир. Менден кийинки карындашым экөөбүз ошол жактан туулганбыз. Дагы бир карындашым бар, ал Кыргызстанга келгенден кийин төрөлдү. 1998-жылы Кыргызстанга көчүп келип, ошондон бери бул жактабыз. Мектепти Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында окуп бүттүм. Мен тартиптүү, түптүз мектепке барып, сабак бүткөндө кайра түптүз үйгө келип үй жумуштарын жасаган жоош бала болчумун. Эже, агайлардын жакшы көргөн окуучусу элем. 11-классты аяктаганда классташ балдардын арасынан кызыл аттестат алган жалгыз мен болгом. Аябай жакшы окудум, университетти да кызыл диплом менен бүткөм. Студент кезде ичтеги таланттар ойгонуп, окуу жайда КВНге катышып жүрдүк, кийин Калыбек, Садык менен тааныштым. Алар башка университетте окушкан, бири-бирибизге каршы ойноп жүрдүк. Анан “Тамашоунун” 6-сезонунда Калыбек команда түзүп, өзү капитан болду. Ошол командага анан биз кошулдук. 6-сезондо ойноп баштап, 8-сезондо чемпион болдук. Ошондон бери элдин жүзүнө жылмаюу тартуулап жүрөбүз.

– Ырчы болууга да аракет кылып көргөнүңүздү билбептирмин...

– Аракет кылгам. Мурда ырчы болгум келчү, азыр анчалык деле кызыгуу жок. Ырчы болуш үчүн көп мээнет керек да, убакыт да жетпейт. Убактым кенен болгондо, балким, ырдап да чыкмакмын.

– Ата-энеңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

– Апам мени эркелетип чоңойтту. 31ге келип калбадымбы, азыр деле 2 жашар баладай эркелетет. Алардын көзүндө азыр деле кичинекеймин. Атам олуттуу киши. Жумуштар боюнча гана сүйлөшүп калабыз. Экөө тең тың, активдүү кишилер. Тойго барса, апам сыйлыгы жок кайтпайт, андагы оюндарга катышып сөзсүз бир нерсе утуп келет. Бизди уруп же катуу урушушкан жок. Өзүм деле андайга жеткирчү эмесмин да. “Сен эстүү баласың да” деп эле тарбиялап коюшкан. Мен болсо “аа, эстүү экем да” деп эстүү болуп калгам (күлүп).

– Алар сиздин чыгармачылык жол менен кеткениңизди кандай кабыл алышты?

– Жакшы кабыл алышты. “Кызыкканыңды кыл” дешчү дайыма. Бирок туугандарым “артист болбой эле койбойсуңбу, айылга ветеринар керек, айылда эле иште” деп айтышчу. Азыр алар “азамат, сонун болуп жатат, концерттериңер качан болот, концертке чакыргылачы” деп турушат. Ата-энем да элдин уулу болуп жүргөнүмө аябай кубанат. “Балаңды телевизордон көрдүм” деген сөз угушса сыймыктанышат. Кайда барсам, батасын берип узатып, кабар алып чалып турушат. Кайын журтум да дайым колдоп турат.

– Келинчегиңиз менен кантип табышып калдыңыз?

– Экөөбүз бир мектепте окуганбыз, менден 2 жашка кичүү. Мектепте эле ага “каршы болбосоң кыз-жигит болбойлубу” деп кат жазчумун. “Жок, болбойт” деген жооптор келчү. Кийин мен мектепти бүтүп кеткенден кийин байланыш үзүлдү. Кийин социалдык тармактан табышып, жазышып жүрдүк. Үйдөгүлөр “үйлөн” дей башташканда чалып дароо эле үйлөнүү сунушун киргиздим да, ойлонууга 3 күн убакыт бердим. 3 күндөн кийин чалып жооп сурасам унчукпайт. Унчукпаса, демек, макул экен дедим. Ошол күндөн тарта күндө чалып сүйлөшө баштадым. Анан бир күнү “мага жуучу келгени жатыптыр” деп калды. Апам анын таенесине чалып сүйлөшүп, дароо эле тойду белгилеп коюшту. Ошентип үйлөндүк. Азыр Кудайга шүгүр, 2 баланын ата-энесибиз. Кызым 5 жашта, бала бакчага барат. Уулум жакында 1 жашка толот.

– Сахнадагы күлкүлүү окуялардан бир шиңгил уксак...

– Күлкүлүү окуялар көп болот. Бир жолу Жалал-Абадда концерт коюп жатканбыз. Командада кыйын ролдордун майын чыгара ойногон Садык досум бар. Команданын мотору десем болот. Садык образга кирип, жерди ургулайын деп эңкейгенде шымы айрылып кетсе болобу. Элге билинген жок. Садык кызарып, эмне кыларын билбей туруп калды. Сахнанын артында турган бизге көрүнүп жатат, каткырыгыбызды тыя албай жатабыз. Анан эптеп ойноп бүттү. Садык аткарып бүткөндөн кийин чыгып кийинки тамашаны тааныштырайын деп сүйлөй албай каткыра бергем.

– Күлдүрчү окуялар эле болуп турсун, маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан