БАЙЫГЫҢ КЕЛСЕ БАЛЫК БАК

Кыргызстан сууга бай экенине карабай балык чарбачылыгы өнүгө элек. Ошондуктан учурда балыктын дээрлик баары импорттолот. Балык багуу – кирешелүү бизнес. Болгону анын сырларын жакшы үйрөнүп алуу, жакшылап кам көрүү керек. Каарманыбыз Токмоктогу балык чарбаларынын биринин жетекчиси, 10 жылдык тажрыйбасы бар Кубат Сыдыков балык бизнесинин сырлары менен бөлүшөт.

Ишти эмнеден баштоо керек?

Адегенде балыкты кандай жерде, кандай бассейнде багуу ыкмасын тандоо шарт. Анткени, бассейндин түрлөрү бар. Биринчиси –суу үзүлбөй агып туруучу чоң суунун нугуна курулуучу бассейн. Экинчиси – көлмө. Формасы тегерек же 4 чарчы болуп, капталдары темир же пластмасса торлуу ири жашикче бассейн. Дагы бир түрү - жабык имарат ичинде атайын заводдордон чыгарылган шаймандардын топтомунан жасалган бассейн.

Кыргызстанда өзөн, чакан дарыялар, суу агып кирип, агып чыгуучу көлмөлөр көп болгондуктан бассейндин 1-түрү ыңгайлуу. Жасаш үчүн каражат да көп кетпейт. Ылайыктуу жер таап, бизнести баштай берсеңиз болот. Албетте, документ иштери, жол, электр жарыгы, баш калкалоочу жай жана башка керектүү нерселерди эске аласыз.

Жер алдынан бургулап суу чыгарып, бассейн куруп алууга да мүмкүн. Түндүк аймакта аба ырайы салкыныраак болгондуктан муздак сууда жашоочу форель балыгын, ал эми түштүк жергесинде жылуулукту сүйгөн сазан, осетр, карп, толстолоб, ак амур балыктарын багуу ылайыктуу.

Бассейн кантип курулат?

– Менин форель баккан 10 бассейним бар, ар биринин узундугу 25, туурасы 6 метр. Тереңдиги – чоң балыктар багылчу бассейндики 2, чабактардыкы 1,5 метр. Бирөөсүнө эле 10 миңге чейин чабак батат. Тереңдиги эмнеге 1,5-2 метр болушу шарт? Анткени, жайында суунун бети ысыганда форелдер тереңге, муздагыраак жакка качып калышат. Бассейнди каскад сымал казуу керек. Анткени, биринен экинчисине суу агып түшкөн жерде кичи шаркыратма жаралып, суу кычкылтек менен байытылып турушу зарыл. Кычкылтек канчалык көп болсо, балыктар ошончолук активдүү болуп, ичтейи ачылып, жемди жакшы жеп, бат чоңоюп, семире башташат. Ошондуктан суу улам кийинки бассейнге жок дегенде 30-50 сантиметр бийиктен түшүп турушу зарыл.

Бассейндеги балыктар биринен экинчисине өтүп кетпеши, суу менен агып келген акыр-чикирлер сууну булгап салбашы үчүн бассейнге суу кирген жана чыккан жерлерге атайын шандорлор – темир тосмолор жасалат.

Ошентип, канча бассейн курсаңыз, ар биринин ортосуна шандор жасайсыз. Бассейндердин бирине икрадан жаңы чыккандарын, бирине 2-3 айлык болгондорун, дагы бирине чоңдорун бага бересиз.

Эгер 1 эле бассейн курсаңыз, анда сууну кычкылтек менен байытып туруш үчүн аэратор сатып аласыз же жасатасыз. Ал түзүлүшүнө жараша сууну сапырып же фонтандай атылтып турат. Баасы 40 сомдун тегерегинде.

Бир бассейнди казып даярдоого орточо 130 миң сом, шандорлордун ар бирине 70-100 миң сом кетет.

Чоң форелдер багылуучу суунун температурасы +14-16 градустан ашпашы керек. +20 градуста форелдер өлүп башташат. Ал эми чабактар кармалчу бассейндин температурасы +10-12 градустан ашпаса жакшы чоңоюшат.

“1 граммдык 1 чабактын баасы 10 сом”

– Эгер балык багууга жаңы киришип жатсаңыз, икрасын сатып алып өстүрөм десеңиз кыйналып каласыз. Икралар өлүп калышы да мүмкүн. Андыктан салмагы 3-5 грамм же андан чоңураак чабактарды сатып алганыңыз оң. Икралар жана чабактар чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Мен 1 граммдык 10 миң форель чабагын 100 миң сомго сатып алгам. 1 чабактын баасы 7-10 сомдун тегереги. 1 граммдык чабактар – икрадан чыкканына 3 ай болгондору. 10 миң чабактын жок дегенде 1000-2000дейи баары бир өлөт.

Балык жеминин нымдуу жана кургак түрү бар. 1 килограммы 400 сом жана андан жогору турат. Кургак, гранул түрүндөгүсү жакшы.

Чабактарга 1 айга чейин күндө 8 ирет жем чачылат. 10 миң чабакка 1 күндө 200-300 грамм жем кетет.

Балыктардын чоңоюшу, семириши суунун тазалыгына, температурасына, жеген жемине, кычкылтектин өлчөмүнө жараша болот. Андыктан жемден акчаны аябаш керек. Мисалы, 2-3 күн жакшы жем бербей койсоң, балыктын салмагы түшүп кетет. Анан калыбына келтирүүгө ашыкча чыгым тартасың.

1 граммдык чабак 1 килограммдык балыкка айланышы үчүн 1,5 жыл убакыт жана 1, 2 килограмм жем кетет.

Айрымдар форель жырткыч балык дешип боорду, көк боорду эзип беришет, канды да бергендер бар. Бул болбойт, булар балыктарга оору жугузат, ушунун айынан да балыктар кырылып калышат.

Балыктар кышында жай кыймылдап калышат, бирок аларга жем берүү кадимкидей улана бериши зарыл.

“Оорутпай кароо ыкмалары”

– Бассейнди даярдагандан кийин, балыктар салына электе зыяндуу мителер, оору жаратуучу микроб, бактериялар өлүшү үчүн акиташ менен дезинфекция жүргүзүлөт. Ал үчүн 70 килограммдык жаңы акиташты чоң идишке салып, сууга чылап, сүзмөдөй болуп эзилип калганда бассейнге таштоо керек. Акиташ бассейндин түбүндөгү топурактын оюлуп кетишинен да сактайт.

Балыктарды оорутпай багуу үчүн жогорудагыдай кылып акиташ жана кочкор тузу менен дезинфекциялоо 1 айда 2 жолу жасалат. Мисалы, биринчи аптада акиташ, кийинкисинде кочкор тузу ташталат. Кесек кочкор тузунун өлчөмү да 70 килограмм (акчасы 700 сомдой) болушу абзел.Туз менен акиташ балыктарды бир топ оорудан коргойт жана айыктырат. Мисалы, кээде балыктын бакоолорлору ириңдеп жара болуп кетет (бирок эти таза бойдон калат). Капталдарына жара чыгып кетиши мүмкүн. Аки таш менен туз буларды айыктырат.

Бирок буларды майда чабактуу бассейндерге салганга болбойт. Алар чабактардын бакалоорун күйгүзүп салат. Майда чабактарга 1 флакон марганцовканы 7-8 литр сууга чылап, ошону чачуу керек.

Ооруп өлүп калган балыктарды дароо бассейндин түбүнөн алып чыгып туруу керек. Болбосо башка балыктарга оору жугат.

Чабактарды канаттуулар көп жеп кетишет. Алардан коргоо үчүн бассейндин үстүн синтетика тор менен каптоо талапка ылайык.

Балыктарды жапайы жаныбар, куштар жеп кетет, адамдар уурдашат, ошентип бассейндеги балыктын 10 пайызы жоголот. Балык өстүрүү оор жумуш. Жаан болобу, кар болобу эч нерсеге карабай эмгек кылуу зарыл. Учурда 1 килограмм форелди дүңүнөн 400 сомдон сатып жатабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан