КОСМЕТИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДАГЫ ЗЫЯНДУУ КОШУЛМАЛАР

Күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн жуунуучу да, косметикалык да каражаттардын курамына анча маани бербейбиз. Натыйжада ар кандай оорунун жаралышына шарт түзүлүп калышы мүмкүн. Косметолог Екатерина Кхан жеп-ичип, колдонуп жаткан нерселердин курамына сөзсүз көңүл буруу керек деп эскертет. “Анткени аларда пайда берүүчү заттар менен бирге, зыяндуу да заттар болушу толук мүмкүн”,- дейт адис.

“Бренд делген каражаттарда да уулуу заттар бар”

– Кандай гана косметикалык каражат болбосун сатып алууда ар дайым курамына көңүл буруңуз. Атүгүл кымбат, бренд делген косметикалык каражаттардын курамында да зыяндуу заттар бар. Жалпысынан алганда, зыяндуу делген кошулмалар абдан көп. Алар этикеткада көбүнчө латын тамгалары менен жазылат. Этилпарабен, изопропилпарабен, пропилпарабен, бутилпарабен, бензилпарабен, глутаральдегид, гексамидин-диизетионат, фенол, фенилртуть, бензетоний хлориди жана башка. Булар косметикалык каражаттарда болбой эле койгону жакшы, анткени алар териге, андан кирип организмге кыйыр түрдөгү таасирин тийгизе берет. Мындай зыяндуу кошулмаларды кошпостон чыгарган дүйнөлүк компаниялар бар, ошондой эле экокосметкаларда көп колдонулбайт. Эгер буга чейин колдонуп жүргөн косметикалык каражаттарыңыздын курамында болгон болсо жука сүйкөңүз, гидрофил майларын колдонуп таза жууңуз, анан бара-бара курамына көңүл буруп, болушунча зыянсыз косметикага өтүп алыңыз.

Парабен – Paraben

Кайсы каражаттарда бар?

Тоник, лосьон, помада, эндик (румяна), тушь, макияжды кетирүүчү каражаттарда кездешет. 2013-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, кол жууган самындан тартып чачка чебилүүчү лактарга чейинки косметикалык каражаттардын 40 пайызында парабен бар экени аныкталган. Эң кеңири таралган түрлөрү бутилпарабен (butylparaben), метилпарабен (мethylparaben) жана пропилпарабен (propylparaben). Ошондой эле этилпарабен, изопропилпарабен, бензилпарабен дегендер да кездешет.

Кызматы жана зыяндуулугу

Кошулган каражаттарда бактериянын жайылып кетишин, көгөрүшүн токтотот. Ошентсе да бул кошулма ар кандай аллергияны чакырып, көп өлчөмдө сиңсе ткандарда топтоло берет да, бара-бара шишиктерди пайда кылат. Изилдөөлөргө ылайык, эмчектин рагына кабылган 20 аялдын 18инин шишигинен парабен заты көп өлчөмдө табылганы аныкталган. Муну менен катар организмде гормоналдык бузулуу жүрөт. Ошондуктан кош бойлуу жана бала эмизип жаткан айымдарга мындай кошулмасы бар каражаттарды колдонуу кооптуу. Териси сезимтал адамдарда аллергияны пайда кылышы мүмкүн.

Формальдегид – Formaldehyde

Кайсы каражаттарда бар?

Кээ бир бетти нымдаштыруучу каражаттарда, тырмак боёочу лактарда, чачты кератин ыкмасы менен түздөөдө колдонулуучу каражаттарда, ошондой эле идиш жуучу, кир кетирүүчү бардык каражаттарда кездешет. Ал этикеткаларда – DMDM гидантоин, формальдегид, формалин деп жазылат.

Кызматы жана зыяндуулугу

Каражаттын сактоо мөөнөтүн узартуучу формальдегид бетке сүйкөлүүчү кремдерде 100 пайыз болбошу кажет. Канча дозада болсо да адамдын организмине терс таасирин тийгизүүчү зат. Ал залалдуу шишикти пайда кылуучу зат катары классификацияланган. Теринин жана көздүн катуу аллергиялык реакцияларды пайда кылат. Эгерде кир кетирүүчү каражаттардын курамында болсо таза жуулуп чайкалбаган идиш, кийим же башка нерселер менен адамдын организмине кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан ар дайым курамына көңүл буруу талап кылынат.

Содиум лаурет сульфат (SLS)

Кайсы каражаттарда бар?

Бет жуучу, макияж тазалоочу каражаттарда, кремдердин курамында кездешет. Ошондой эле шампунь, самын, тиш пасталардын көпчүлүгүндө бар.

Кызматы жана зыяндуулугу

Косметикага көбүртүү үчүн кошулат да, бетти өтө кургатып жиберет. Сульфаттар териге сиңип, андан соң организмге кирип терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал кандай таасирлер? Алсак, атопиялык дерматит менен ооругандардын тери көйгөйлөрүн олуттуу түрдө начарлатышы ыктымал. Бул зат камтылган каржаттарды такай колдонууда канча бир деңгээлде тери кургап, чач түшүп, камедондордун пайда болуусуна алып келет.

EDTA

Кайсы каражаттарда бар?

EDTA`нын түрү көп, бирок көп кошулуп жүргөндөрү – calcium disodium EDTA, diammonium EDTA, dipotassium EDTA, disodium EDTA. Канадада мындай затты кошууга бөгөт коюлган, ал эми Европа, АКШ, Японияда анын ордун алмаштыруучу башка зыянсыз заттарга басым жасап келет. Крем, тоналдык кремдерде, бет жуучу каражаттарда, шампунь, самын, дене жуучу гелдерде, чач боёктордо да кездешет.

Кызматы жана зыяндуулугу

Ал терини нымдаштырууга жана жакшы сиңирүүгө таасир этет. Бирок ал канцерогендик каражаттардын курамына кирип, терини сезгентип, аллергия кылышы мүмкүн.

Диметикон – Dimethicon

Кызматы жана зыяндуулугу

Бетти, чачты жумшартуучу касиетке ээ. Теридеги майда бырыштарды, бет тешиктерин жаап жылмакай кыла алат. Бирок бул учурда теринин дем алуусуна бөгөт коюлат. Ошондуктан курамында мындай зат бар болсо күнүгө колдонууга болбойт, чанда гана колдонуңуз. Сезгенүү жаралбашы үчүн аны колдонуп калсаңыз гидрофил майы менен жууп кетирүү зарыл.

Кайсы каражаттарда бар?

Косметикалык каражаттарда көп кездешүүчү силикон каражаты. Күндүзгү крем жана макияж жасоодогу каражаттарда, шампунь, бальзамдарда кездешет.

Асель Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1055, 24-февраль-2-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан