Кызсайкал Кабылова: «БЕКЕРЧИНИН БААРЫ ЭЛЕ ЫРЧЫ БОЛУП КЕТИШТИ»

"Чыгармачылыкка көп акча жумшачу эмесмин. Быйыл көбүрөөк акча жумшап, жакшы көңүл буруп, өзгөчөлүктөр менен иштейин деген оюм бар",- дейт шоу-бизнестин ажарлуу айымдарынын бири, ырчы Кызсайкал Кабылова. Дагы кандай пландары, жаңылыктары бар?

– Салам, Кызсайкал. Ырларды биринин артынан экинчисин жаратып жатасың, чыгармачылыктын жаңы толкуну башталдыбы?

– Саламатсыздарбы? Өткөн жылы бир топ эле тыныгуу жасап койдум. Буюрса, бул жылы чыгармачылыкка жакшы көңүл буруп, өзгөчөлүктөр менен иштейин деген оюм бар. Негизи чыгармачылыкка көп акча сала берчү эмесмин. Быйыл атайын акча салайын деп турам. Алдыда ырлар, клиптер катары менен чыгып турат, буюрса. Азыр төрт ыр даярдалып жатат. 2 айдын ичинде 2 клип, 3 ырым чыкты, бул да жакшы көрсөткүч болуш керек.

– Сапатка да көңүл бурулабы?

– Албетте, сапатын да жакшыртам. Чыгармачылыкка акча жумшаш керек десең көпчүлүк кымбат клип тарттыруу деп түшүнөт. Ырдын аранжировкасын жасатууга да жакшы көңүл буруш керек. Мурун Бишкектен эле жаздырып келсем, быйыл Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн музыканттары менен дагы иштешип көрөйүн деп жатам.

– Фонограммага тыюу салган мыйзам сага ыңгайсыздык жараткан жокпу?

– Жок, ушул мыйзам чыкканда абдан күлкүм келди. Таптакыр ырдай албагандар деле “колдойбуз” деп кыйкырып жатышат го. Чынын айтсам, мага баары бир, жандуу да, фонограмма менен да ырдай алам. Кичине кезибизден ата-энебиз комуз, аккордеон менен ырдатып үйрөткөн. Өзүнө ишенген эле ырчылардын биримин. Улуттук каналдын “Эгиз тумар” долбооруна деле өзүнө ишенген ырчылар гана катышып жатышат. Баш тарткандар толтура болгон. Жеке концертимдин бир бөлүгүндө жандуу үн менен ырдагам. Ошондо мага “Спорт ордосунда сен курактуу жаш ырчы айымдардан концертинде эч ким минтип жандуу ырдаган эмес” дешти. Белгилей кетчү жагдай, бизде аппаратуралар жандуу ырдаганга ылайыкташкан эмес. Атайын музыка менен үндү өлчөгөн Auto-Tune деген болот. Аны менен эч кыйналбайсың, үнүң да уккулуктуу болот. Бизде мындай нерсе жок, Казакстан, Өзбекстандын музыка тармагынын деңгээлине дагы жете элекпиз. Негизинен мыйзамдын кабыл алынганы жакшы эле болду. Анткени колу бош кишинин баары эле ырчы болуп кетти го.

– Жакында кызың 5 жашка чыкты. Туулган күнүн белгилеп чоң той бергениңди сындагандар да болду. Туура эле кабыл алдыңбы?

– Бала төрөлгөндө бешик той, там-туң басканда тушоо той берилет. Учурунда шартым болбой, той бере албай калгам. Бул нерсе менин Альфия төрөлгөндөн берки кыялым болчу. Кызымдын туулган күнү жакындай баштаганда жолдошум “Альфияга элден бата алып бербейлиби” деди. Жолдошум кызыма элден бата ала электигимди жакшы билет да. Экөөбүз келген конокторго эт тартпай эле коёлу деп кеңешип, балдар үйүнө, медресеге малды тирүүлөй бердик.

– Келиндик кызмат менен чыгармачылыкты айкалыштырууга болот бекен?

– Албетте, жетишем деген киши баарына жетишет. Ырчымын, кылбайм деп отуруп албайм, үйдөгү иштерди да жасап жетишем. Кеч келсем дагы үйдү тазалап, баарын иреттеп чыгам. Кайненем абдан түшүнүктүү жан, менин жумушумдун кандай экенин жакшы билет. Кайненем да, жолдошум да мени ар тараптан колдоп турушат. Негизи эки адам турмуш курдубу, бири-бирин түшүнүш керек. Болбойт мындай деп тыюу сала бергендик турмуш эмес, ал кыйноо, мамилени бузуу, араны муздатуу. Андан көрө экөөң өз жумушуңа кетип, кечинде сагынышып келип бири-бириңе ишиңдин кандай болгонун айтып берсең жакшы го. Мен азыр ушундай нерсенин үстүндөмүн.

– Турмуш нугу өз жолуна түшкөндө оор мезгилдердин баары унутулат бекен?

– Азыр ал мезгилди оор учур деп айтпайт элем. Көрсө, баары жакшылыкка экен. Негизи аркага кылчайып карай бербейм, карагым да келбейт. Айрымдар аркасын карап “ий, ушундай болуп калбадыбы” дей беришет го. Мен бир гана алдыга карайм. Арттагы нерсе өткөн нерсе, оңдоого болбойт. Анын эмнесин караш керек? Артты карай берген адамдын жумушу жүрүшпөйт. Эстегим келбеген нерсени эстебейм. Абдан чечкиндүүмүн, так жүрөм. Бир жакка кечикпегенге аракет кылам, ар кимдин убактысын баалайм. Балким, мен ушул сапаттарымдын айынан ийгиликке жетип жатам.

– Жашоомду кино кылып тартам деп айттың эле, ал оюңдан кайта элексиңби?

– Жок. Көптөгөн кыз-келиндер “ийгиликке кантип жеттиң?” деп кеңеш сурашат. Алардын ар бирине айтып бере албайм да, ошондуктан кино тартып эле жеткирсемби деген ойлорум бар. Жаңы нерсени жасап көргөндөн коркпойм. Өзүмдү кино жаатында деле сынап көрүшүм мүмкүн.

– Достукка кандайсың?

– Достукка абдан такмын, муну менин чыныгы досторум билет. Дос дегенде ичкен ашын жерге койгон так ушул менмин. Жакшылык-жамандык болобу биринчи жүгүрүп барам. Кандай учур болбосун жардамым тийсин, татыктуу дос болоюн дейм. Эртең өлүп калсаң деле жакшы ишиң менен эскергени жакшы да. Өлүм жаш-карыга карабайт деген нерсеге Бекжандан кийин (ред.: Бекжан Темирхан) абдан ынандым. Бир келген дүйнөдө бири-бирибизге жакшы элес, жакшы көз ирмемдерди тартуулап кетели деп калдым.

– Жеке кызыкчылыгы үчүн дос болгусу келгендер барбы айланаңда?

– Өтө көп болгон. Аябай ишенчээкмин. Дос деген адамым мени жаман акыбалга таштап кетип калган учурлар көп эле болду. Азыр баарына анализ жүргүзүп калдым. Кимдин көздөгөнү кандай экенин дароо түшүнөм.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан