Шайлообек Атазов, Жогорку Кеңештин депутаты: «СПОРТЧУЛАР ЖЫРГАГАНЫНАН КЫЛМЫШ ДҮЙНӨСҮНӨ АРАЛАШПАЙТ»

“Кыргыз спортунда көптөгөн жеңиштерди багындырдым, максатым – спортчуларга керектүү мыйзамдарды жазып, Кыргыз дене тарбиясына салым кошуу”,- дейт депутат Шайлообек Атазов. Шайлообек мырза жакында Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өткөрүп, ага белгилүү мушкер Дмитрий Бивол да сыйлуу конок катары катышты. Маекте спорт, спортчулардын абалы тууралуу да сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, Шайлообек мырза? Бишкекте бокс боюнча мелдеш өткөрдүңүз, бул иш-чаранын максаты эмне?

– Саламатчылык, куш келипсиз. Ооба, бокс боюнча эл аралык таймаш өткөрдүм. Өзүңөр билгендей, мен көп жыл бокс менен машыгып Кыргызстандын чемпиону болгом, көп жыл машыктыруучу болуп иштедим. Машыктыруучу кезимде мамлекеттин абалын, спортко камкордугун көрүп “келечекте жакшы бир турнир өткөрсөм” деген ниетим бар болчу. Быйыл ошол ниетимди орундатып Өзбекстан, Казакстан, Венгриянын мушкерлери келип мен уюштурган мелдешке катышып кетишти. 1-орунга 500 доллар, 2-орунга 300 доллар, жана башка кызыктыруучу сыйлыктар болду. Быйыл Ташкентте бокс боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт, ошол мелдешке биздин спортчулар даярданып алышты десек болот. Турнирдин максаты – жаш мушкерлерди шыктандыруу, бокско тартуу, стимул берүү. Мурун мелдештерди 50-100 чакты эле адам көрүп отурчу, бул жолу Спорт ордосу толуп 2 миңден ашык адам келди. Жеңил салмак боюнча Дүйнө чемпиону, мекендешибиз Дмитрий Бивол сыйлуу конок болуп отурду. Премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы келип мелдешти көрүп кеткени, демек, мамлекет спортчуларды колдойт дегенден кабар берет. Буюрса, бул мелдешти жыл сайын өткөрүп салтка айлантуу ниетим бар.

– Садыр Жапаров "экс-президенттердин баарын бетме-бет отургузуп элдештирдим, бири-бирин кечиришти" деп жарыялады. Бул аракеттин артында эмне жатат деп ойлойсуз? Тарых, элдин 30 жылдык тагдыры, оор жоготуулар бар... Мурдагы президенттердин ушинтип кечиришип, эч нерсе болбогондой мезгилдин шарына аралашып кетүүсү мүмкүнбү?
– Бул жерде эң негизгиси – президентибиздин ниети түз. Кек сактабай, өткөнүбүздү улам бетибизге кармабай, биригип, ынтымакта мамлекетти көтөрөлү деген ой болгонун өзү айтты го. Бул маселелер курултайга салынып, жалпы эл тарабынан бир чечим кабыл алынса туура болмок.

– Алмазбек Атамбаевдин абактан чыкканына кандай көз караштасыз?
– Атамбаев ден соолугуна байланыштуу дарыланып келүүгө чыкты. Бул ал акталды дегендик эмес. Журт башчыбыздын чечими ушундай болуптур, анын чечимине комментарий бербей эле койгонум туура.

– Өлкөдө кылмыштуулук абдан күчөгөндөй таасир калтырбай элеби сизге?
– Туура, көбөйүп бараткандай. Адамдын дилинде “менин кылмышымды үстүмдөн Кудай көрүп турат” деген ой жашабаса, ал адам кылмышка бара берет. Тиги мамлекеттик кызматкер пара алып кармалыптыр, бул прокурор колго түшүптүр деп угуп жатабыз. Мисалы, Кытайда коррупционерлерди тизип туруп эле атып салат. Бизде деле катаал жазаларды киргизип, бир эки чиновникке колдонмоюнча токтобойт окшойт. Себеби кылмышкерди камап койгону менен, ал ары жактан сот менен сүйлөшүп алып, эркиндикке чыгып кетип жатпайбы.

– 7-чакырылыштагы кесиптештериңиздин кайсы демилгеси кубантып же кыжырыңызды келтирди?
– Биздин иштеп жатканыбызга 1 жыл болду. Анын ичинде Кемпир-Абад, казинолор боюнча мыйзам долбоорлору элдин кыжырын келтирип койду окшойт. Эми бул долбоорлор сынга кабылганы менен, жалпы өлкөнүн эгемендиги, кошуналар менен ынтымакта жашоо үчүн болду. Казино боюнча да сындар көп айтылды, бирок ал ишке ашкан жок да. Ал эми калган тармактарда депутаттар бардык мыйзамдарды ийне-жибине чейин иликтеп, талкуулап колдоп берип жатабыз. Мурун мынчалык кызуу талкууланбайт эле, азыр эл өкүлдөрүнүн шайлоочуларынын алдындагы жоопкерчилиги өстү.

– Спортчуларга колдоо көрсөтүп жүргөн депутат катары айтсаңыз, эмне үчүн спортчулардын бир бөлүгү кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетет?
– Ооба, мунун кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Мен эркин күрөш менен машыккан бир спортчу жигитке автоунаа алып берип колдоо көрсөткөм. Кийин ал жигит көп турнирлерди утту, Азиянын чемпиону болду, жакында Египеттеги мелдеште 1-орунду ээледи. Айтайын дегеним, спортчуларга кичине эле колдоо болсо кылмыш дүйнөсүнө аралашпайт. Унаасы жок болсо унаа, үйү жок болсо үй алып берип кой. Мелдештерде жаракат алып, дарыланганга акчасы жок жүргөндөр бар. Спортчулар муктаждыгы чечилбей калганда гана кылмыш дүйнөсүнө аралашат. Аны токтотуунун бир жолу – мамлекеттик колдоо. Учурда билим берүү тармагына бюджеттен 50 миллиард сом, ал эми спортко жылына 1 миллиард сом бөлүнөт. Спорт менен маданиятка жок дегенде 5 миллиард сом бөлүнүшү керек. Дене тарбия институтун бүткөн балдарды айылга мугалим кылып иштетип маянасын көтөрүп берүү шарт, мына ошолор келечектеги олимпиада чемпиондорун тарбиялашат. Спорт – бул чоң саясат, бизнес, 200 өлкө катышкан мелдеште байгелүү орун алып, желегиңди желбиретсең элдин баары көрөт, тааныйт, өлкөгө миллиарддаган инвестициялар келет.

– Жакында бир кесиптешиңиз түштүк диалекти менен “күрөшүп”, кыргызча таза сүйлөөнү сунуштады. Буга оюңуз кандай?
– Негизи, кыргыз тили ар бир аймактын диалектиси, говорлору менен байып турат. Мен түштүк диалекти менен күрөшкүдөй анчалык трагедиялуу маселени көрбөй турам. Иш жүзүндө ал тенденцияны токтото да албайт, кантип токтотот? Куудулдар айткандай, “баткендиктер “шо” десе “шо” болот да”, анан кантип биз “шоякта, шонтип” дебей, “тиги-бу” деп сүйлө деп үйрөтөбүз? Диалектти чектегенден көрө, башка улуттук баалуулуктарыбызга басым жасашыбыз керек. Мен муну дискриминация катары кабыл алам, адамдын эркин сүйлөө тандоосуна кол салуу деп эсептейм.

– Саясаттан тышкары, жеке турмушта эмне иштер менен алексиз?
– Саясаттан тышкары соода-сатыкка байланыштуу жумушум бар. Өзүмдүн спорт залым бар, ал жакта балдарды машыктырам. Учурда үчүнчү жогорку билимимди алып, Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында окуп жатам. Жакында өзүм шайланып келген Свердлов районунун тургундары үчүн өз каражатымдын эсебинен 5-7 миллион сомдук футбол аянтчасын куруп бергени жатам. Алдыда мындай иштердин далайын жасайм деген ниетим бар.

– Ой-ниеттериңиз орундалсын анда. Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан