Интеллигент актёр ЧОН КЁН ХО

Кээ бир актёрлор бар, терс каармандын гана образы жарашкан. Айрымдарга романтикалык оң каармандардын гана ролу туура келгендей сезилет. Түштүк кореялык актёр Чон Кён Хого болсо оң да, терс да образдар, түрдүү жанрдагы ролдор куп жарашкандай. Балким, бул талант белгилүү режиссёр атасынан өткөн же көп жылдык тажрыйбанын жемиши. Айтор, Кён Хо жылдан жылга актёрдук таланты менен корей кино сүйүүчүлөрүнүн көзүн сүйүнтүп келет.

Туулган жери: Түштүк Корея, Кванмён шары

Туулган күнү: 1983-жыл, 31-август

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 184 сантиметр

Билими: Чунан университетинин театр бөлүмү

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү дорамалары: “Кечир, мен сени сүйөм” (“Прости, я люблю тебя”), “Таш боор шаар” (“Безжалостный город”), “Сун Жонго ашык болуу” (“Влюбиться в Сун Джон”), “Түрмөдө акыл калчап жашоо” (“Мудрая жизнь в тюрьме”), “Марстагы жашоо” (“Жизнь на Марсе”), “Ооруканадагы дарыгерлердин жашоосу” (“Мудрая жизнь в больнице”), “Бир күндүн ызы-чуусу” (“Скандал одного дня”) жана башка

АТА-БАЛАНЫН ТАЛАШЫ

Көпчүлүк аталар балдары кесип тандоодо өзүнүн жолун жолдосо сыймыктанат эмеспи. Корей кинематографиясына өз салымын кошкон режиссёр Чон Ыль Он болсо уулу Чон Кён Хонун актёрдук кесипти тандоосуна караманча каршы чыккан. Ата-баланын бул жаатта талашы курчуп, Кён Хо атасына таарынып үйдөн чыгып кетет. Экөө тең көк бет эле, бири-биринен кабар албай жүргөн убакта жигит Кореядагы мыкты деп эсептелген университеттин театр бөлүмүнө тапшырып, билим ала баштаган. 3 жылдан соң гана ата-баланын мамилеси оңолуп, ортодогу таарынычтар жазылган.

АКТЁРЛУККА КАРАЙ ТАТААЛ ЖОЛ

Каарманыбызга атактуулук оңой-олтоң эле келип калган жок. Режиссёрдун баласы болгону жардам бербей эле, тескерисинче, тоскоолдук жаратчу. “Таанышы болгон үчүн тартылып жатат” деген кептерге кулак жапырып иштей берди. Элге көрүнүктүү алгачкы ролун 2006-жылы чыккан “Кечир, мен сени сүйөм” сериалында аткарган. Андан кийин көптөгөн тасма-сериалдарда образ жаратты. “Тасмага тартылууда анын келечектеги рейтингине эмес, сценарийдин мазмунуна, андагы актёрдук курамга, режиссёрго көңүл бурам. Мейли, тасма көпчүлүккө тарабай калсын, бирок мен өзүмө ырахат алып келген жагдайда иштегенимди унутпайм” деген актёр дүйнөлүк атактуулукка 2013-жылы чыккан “Таш боор шаар” сериалы менен жеткен. Баңгибизнеси, криминалдык дүйнө тууралуу кызыктуу дораманы мен да кууп көрүп, Кён Хонун каарманына ашык болгонум эсимде. Көрөрмандын кызыгуусун жараткан сериалдар каарманыбыздын кино тизмегинде көп эле. Мисалы, “Сун Жонго ашык болуу”, “Түрмөдө акыл калчап жашоо”, “Ооруканадагы дарыгерлердин жашоосу” жана башка сериалдардан Чон Кён Хонун ар тараптуу актёрдук талантына баа берсеңиз болот. Ал эми учурда жума сайын экранга чыгып жаткан “Бир күндүн ызы-чуусу” дорамасы жогорку рейтингди багынткан долбоорлордун тизмегинде.

СҮЙҮҮСҮН ЖАШЫРБАЙТ

Бардык эле корей атактууларынын сүйүүсүн ачык жарыялаганга, тамаша сөз менен айтканда “духу” жетпейт. Кён Хонун дагы бир өзгөчөлүгү – “мен ушул кызды жакшы көрөм” деп ачык жар салганында. Актёр жигиттин тандоосу - “Girls’ Generation” тобунун ырчысы, модель, актриса, алып баруучу Чве Су Ён. Жылдыздуу түгөйлөр көп жылдык туруктуу мамилеси менен башкаларга үлгү да болуп келишет. Бирок мамилесин нике шакеги менен байлагысы келбей, дале кыз-жигит деген статуста. Жүрөгү бош эмес Кён Хо: “Башкалар мен жөнүндө эмне деп ойлойт?” деген адамдардын катарына кирбейм. Махабат мамилесинде бардык нерсени эки гана адам чечет. Экөөбүздүн кол кармашып сейилдеп жүргөнүбүздү кылмыш катары көрүп бирөө жарым сүрөткө тартып, аны коомчулуктун талкуусуна салганы туура эмес. Белгилүү адамдардын деле жеке жашоосу болот. Биз деле урушабыз, кайра табышабыз, бири-бирибизге жөлөк-таяк болобуз, айтор, түшүнүшүп жашап келебиз”,- дейт. Жылдыздуу түгөйлөр 2022-жылы махабат мамилесинин 10 жылдык марасынан өтүштү. Бактылуу болушсун!

КАМЕРА АРТЫНДАГЫ ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ...

– Эки итим бар. Күнүм ошол эки досума кам көрүү менен башталат. Тамак берем, жууп-тарайм, көчөгө алып чыгып сейилдетип келем. Андан сырткары спорт менен машыкканга аракет кылам, сүйлөшкөн кызымды жолугушууга чакырам. Кино көрүп отурган жагат. Бирок мындай бош күндөр жумушума байланыштуу аз. Мен бошобой калганда иттерди Су Ён карайт, ал бошобосо мен карайм. Мына ушундай жөнөкөй жашоо менен эле жашайм,- дейт актёр мырза.

АКТЁР ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

  • 2008-жылы кесиптеши Ю А Ин менен биргеликте мырзалардын саркеч кийимдерин саткан “Double Bill” интернет-дүкөнүн ачкан.
  • 2010-2012-жылдары аскер кызматын өтөп келген.
  • Чон Кён Хо жакшы ырдайт. Далил катары “Ооруканадагы жашоо” жана “Шайтан сени атыңдан чакырганда” дорамаларын көрсөңүз болот. “Ооруканадагы жашоо” сериалына керек болгон үчүн гитара черткенди үйрөнгөн.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан