(Башы өткөн сандарда)
– «Ак көйнөк а-ал, кызыл көйнөк а-ал» болуп талашып-тартышып жатып, бир окуяны эстедик. Студент кезибизде үчөөбүз кымырынып-кымтына бербеген кыздар элек. Көп шоктондук. Кимден башталганы эсимде жок, бирок кыздардын бири күйөөгө тиймей болуп, салонго көйнөк тандаганы барганбыз. Тиги кыз улам бир көйнөктү кийип чыгат, биз ызылдап кеңеш беребиз. Сатуучулар тажабай улам бир көйнөктү сууруп чыгат. Айтор, бир сонун күн болгон. Ошол күн баарыбызга жаккан. Анан ошондон көп өтпөй Тилек мага сунуш кылды. Атайын даярданып эмес, кокусунан эле... «Мен сага үйлөнөм, үйлөнөбүз» деп оозунан чыгып кетти. Мен кыздарга мактанып келдим. Макмалдын жигити да «үйлөнөбүз» деп жүргөн экен. Аны талкууладык. Акыры биздин мээбизге «күйөөгө тиебиз» деген ишеним орноду. Анан үчөөбүз жолдон кезиккен салонго кирип, үлпөт көйнөк тандаганды адатка айланттык. Биринде мен күйөөгө тийгени жаткан кыз болом, Айшат менен Макмал көйнөк тандашып жаткан курбу болот, биринде Макмал күйөөгө тийген жаткан кыз болот, биз курбу болобуз, биринде Айшат күйөөгө тиет. Ошентип жатып ким кандай көйнөк кийип күйөөгө тиерин билип бүткөнбүз. Ошону эстеп күлдүк. Дүкөндү башыбызга кийип күлдүк.
– Азыр андай көйнөктөрдү эч ким кийбейт, ал көйнөктөр модадан калган, анда тандоо аз эле, азыр укмуш көйнөктөр бар,- деди Айшат. Анан мен ошондо тандаган көйнөктү эстеп, «жарганаттай көйнөк тандагансың, эсиңдеби?» деп каткырышты. Чындап эле калбайган, далдайган, кийип эле учуп кетсе боло турган көйнөк тандаган экенмин. Эстеп алып күлдүм. Бирок ичим сыйрыла түштү. Биз ошондо эле үлпөт көйнөктөрүбүздү кийип койгон окшойбуз... Ал кезде заман башка эле да. Азыркыдай заман болсо, телефонго сүрөткө тартып албайт белек. Калдайса деле, жарашпаса деле, жарганаттай болсо деле үлпөт көйнөкчөн сүрөтүбүз болмок. Ушуга ичим сыйрылды. Үчөөбүзгө тең үлпөт көйнөк жарашмак, сонун эле жарашмак...
Макмалды алдап-соолап, ой-боюна койбой жатып агыш түстөгү желпинген, желбиреген көйнөк алдырдык...
ххх
– Акберметтин кыздары, жеңеси келди. Кыздардын билетин атасы төлөдү. Атасынын уруксаты жок кыздарды өлкөдөн алып чыгып кетсе болбойт экен, ошон үчүн өткөндө ишеним кат жасатканда аны издеп тапканбыз. Ары-бери, ызы-чуу болуп жатып, акыры кыздарды тосуп алдык. Кыздарга кошулуп мен да Акберметтин жанына келип алдым. Эки кызы тең өзүнө окшогон ак-саргыл, сулуу кыздар экен. Акбермет берерге тамагын, айтарга сөзүн таппай далдактап, элжиреп отурат. Кубанычында чек жок. Кыздарын алмак-салмак эркелетип, алар айткан тамакты жасап, түндөсү эки кызынын ортосуна жатып уктайт. Москванын кооз жерлерин, кызыктуу жерлерин алар келгенче эле тизмелеп чыккан. Ошол жерлердин баарын кыдырмай болдук. Эки кызы тең чоңоюп калыптыр. Улуу кызы суйкайып бой бербейт. Акбермет бир аз чыдаса, ушул эки кыз анын колуна кол, бутуна бут болуп кетсе деп
тиледим... Анын жашоосундагы жалгыз сүйүнө турган ийгилиги, бакыты ушул – энелиги да. Бирок ал дагы Акбермет үчүн ушинтип үч-төрт жылда бир келет экен, кыздарынын жашоосуна аттап-аттап, тийип-качып күбө болот экен. Биринин артынан бири туулганда эле таштап келе берсе, анан ал бир көргөндө кыздары
мектепке барып калса, бир көргөндө кыздары минтип чоңоюп калса... Эми окуусун бүткөндө көрөбү? Алардын кантип бой жеткенин көргөн жок, эмнеге таарынып, эмнеге ыйлаганын көргөн жок, ким капа кылып, ким жакшы көрүп жатканын көргөн жок. Курбулары ким экенин билбейт, кайсы мультиктеги кандай ханзаадаларды жактырарын, мектепте кайсы бала аларга жагымдуу экенин, алар келечек тууралуу түзө баштаган пландарын, кыял-жоруктарын билбейт. Кыздарына өзү чоочун. Кыздары да ага чоочун. Аларга Акбермет кийим, белек-бечкек алып берген, акча тапкан, акча берген, ары-бери ойнотконго милдеттүү бир аялдай көрүнөт экен. Апа тууралуу түшүнүгү ушуну менен эле чектелип калыптыр. Өзгөчө улуу кызы... Кичине нерсе үчүн эле «сен бизге ушунча жылдан бери эмне кылып койдуң, мен муну кийбейм, мен аны жебейм, сен эмнени билип коюпсуң» деп тез-тез чалкасынан кетип турат. Деги эле эч нерсени жактырган жок. Ошонун кабагын карап отуруп чарчадык. Алардын апасына кылган мамилесинен улам артыбыздан ата-энеге кайырсыз, мээримсиз, ичинде ата-энесине да, жашоого да таарынычы толтура, өксүк бир муунду өстүрүп алдыкпы деп коркуп кеттим. Ушунун энелиги деле курусун... Баарынан да сизге Акберметтин жеңесинин кылыктарын айтып берейинби? Жеңеси анын күйөөсү менен жолукканы «күйөөң өзү чакырды» деп кеткен. Анан кечте келди, «күйөө бала кой десем болбой телефон алып берди, «телефонум жакшы иштебей жатат» десем эле өзү билип алып бере калды» деп мактанды. Кымбат телефон экен. Андан сырткары толтура майда-чүйдө көтөрүп алган. Өзү бул аял келгенден бери эле тынган жок. Бир туруп Акберметке акыл айтат, бир туруп өзүн кадырлуу кайнене сезип, анын күйөөсүнө тынбай чалат. Эми минтип өзүнө белек алдырды, болбосо Акбермет өзү күйөөсүнө 10 жылдан бери биринчи жолу чалды. Бул аял келгенден бери ага тынбай чалып жатат. Минтип өзүнө белек алдырды. Кыздарга таттуу, өзүнө телефон. Ошол кыздарды тууган апага таш балекет да жок. Анын кылыктарын тиктеп отуруп “бул аял Акберметти 17 жашында сатып эле жибергенби” деген ой келди... Мен аны жактырбай жатканымды деле байкаган жок. Жанымда отуруп алып, кулагымды жеп бир нерселерди сүйлөп жатты, Акберметтин жүзү деп чыдап угуп отурдум. Ал ашканада тамак жасап жатты эле. Ошондон пайдаландыбы, билбейм, дароо анын күйөөсү жөнүндө сөз баштады...
– Көрдүңбү, мунун күйөөсү жакшы эле бала. Жаман болсо, мага, аялынын жеңесине телефон алып бермек беле? Жаман болсо «кыздарым келатат» деп билетке акча бермек беле?- деди шыбырап. «Ой, “телефонум жок, телефонум бузук” деп тилемчилик кылып жатсаңыз, кайра-кайра кулагын жей берсеңиз, кутулуш үчүн деле алып берет да!» деп айткым келди, бирок айта албай койдум.
– Жеңе, кыздар,- ошонун кыздары, бир жолу билетин алып берип койсо, эч нерсе болбойт. Ансыз да канча жылдан бери Акбермет кыздарды өзү эле багып келе жатпайбы,- дедим. Ошол жерден балээге калдым.
– Ай, сен антип анын катасын чукуганды коюп, менин кызыма айт. «Күйөөң жакшы эле адам экен, элдешип алгыла» деп көндүр. Экөөнү элдештирип коёлу. Анын үстүнө, булардын ажырашканына сенин курбуң күнөөлүү. Акбермет шаар көргөн эчки болуп, адеп келгенде көөп кеткен. Акча таап, акча кармаган киши болуп, өзүн-өзү бийлеп, күйөө баланы эр ордуна көрбөй койгон. Башка бир бала менен жүрүп бузулуп кеткен. Менин кызым бузулуп кетпегенде жашоолору улана берет эле,- деди.
Эсим ооп калды, эже. Ошончо жаман сөздү айтып келип, аягында тастайып туруп «кызым» деп койгону күйдүрдү. Кайсы эне өзүнүн кызын «бузулуп кеткен» деп айтат? Өзүнүн кызы эмес да, ошон үчүн айтып жатат. Кызы болгондо кызы бузулуп кеткен күндө да антип айтмак эмес. «Күйөө балам жаман, күйөө баламдан кетти, күйөө балам бузулуп кетти» демек. Мен Акберметтин күйөөсү эмне кылганын, экөөнүн эмнеден улам ажырашканын билбесем бир жөн. Анын күйөөсүнүн кылык-жоругун уга берип жаттап бүткөм го. Анан кантип ошондой адам менен «кайра жарашып ал, жаша» деп айтканга оозум барат? Башка аял менен жашап жүргөн, сени таштап кеткен эркекти кечире кал деп ага кантип айтам? «Жеңе, мен Акберметти көптөн бери билем, ал бузула турган кыз эмес. Бузулса биринчи мен көрмөкмүн, биринчи мен билмекмин, андай дебеңиз»,- дедим. Ал мени жактырбай, «ай, сенин эмнең курбу?» деди. Мен «а сиздин эмнеңиз апа?» дейин деп оозумду камдап барып, токтоп калдым. Айтсам баарын айтмакмын... «Экөөнү андай жараштыра турган оюң бар экен, өзүңө телефон алдырбай, Акберметке телефон алдырбайсыңбы? Өзүңдү ресторанда сыйлатпай, кызыңды сыйлатпайсыңбы? Акберметти «ойноп келгиле» деп күйөө балаңа кошуп берип, өзүң үйдө отурбайсыңбы?»- демекмин...
(Уландысы кийинки санда)