Алишер Тоотаев, обончу, аткаруучу: «ООРУП КАЛГАНЫМДА АЙРЫМ ДОСТОР ТЕСКЕРИ БУРУЛУП КЕТИШТИ»

“Күтүшкөн күндөр”, “Балалык”, “Туулган айылым” сыяктуу бир топ ырлардын автору, жакында Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясынын директору болуп дайындалган Алишер Тоотаев менен маектештик. Аны менен чыгармачылыгы, жетекчиликке дайындалышы жана башкалар тууралуу сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, Алишер мырза? Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун!

– Саламатчылык. Рахмат.

– Ош улуттук филармониясында жумуш күндөрүңүз кандай башталды?

– Жаңылыктар болуп баштады, буюрса. Инвентаризация иштери жүрүп жатат. Чарбалык иштерди колго алып, оңдоп-түзөө иштерин пландап жатабыз. Чыгармачыл жамааттын иштөө шарттарын жакшыртууга да бел байлап жатабыз.

– Филармониянын жетекчиси кызматына кантип келип калдыңыз?

– Сынактык негизде болду баары, сынакта программалардын жарышы болду. Ошонун негизинде менин программамды, филармонияга болгон оюмду, бул жердин абалын жакшыртуу боюнча иш-пландарымды жактырышып, министр өзү мени тандап анан дайындады.

– Ал кандай иш-пландар эле? Дегеле, филармониянын азыркы таптагы абалы кандай экен?

– Азыр инвентаризация жүрүп жатат. Андан кийин чыгармачыл жамааттын ишине шарт түзүп бериш керек. Жасалчу көп иш бар. Филармониянын короосундагы жер тилкелери филармониянын өзүнө карабайт, шаардык мэриянын балансында турат. Ошолорду филармонияга өткөрүп алуу боюнча иштерди жүргүзөбүз. Калган пландарды айтпай эле турайын. Айта берсем, аябай көп, чарбачылык иштер, техникалык персоналдардын, чыгармачылык жамааттын да штатта жетишпестиги, баарын ордуна коюш керек. Чындыгында эле азыркы тапта филармония оор акыбалда турат. Буюрса, филармонияны жакшы деңгээлге чыгарганга аракет кылабыз.

– Обончу, аткаруучу катары таанымалсыз. Акыркы мезгилде чыгармачылыкка көп энергия жумшабай жаткандайсыз...

– Ооба, эл оозунда аздыр-көптүр обончу аталып калдым. Акыркы кезде жазган обондуу ырлар бар, жарыкка чыга элек. Чыгармачылыкка көп энергия жумшабай калганымдын себеби ден соолукка байланыштуу болуп калды. Боор оорусу менен ооруп жүрдүм, боордуку нерв болбогон үчүн басып жүрө берет экенсиң, билинбей күчөп кетет экен. Анча-мынча мага каршы турган адамдар “мунун оорусу жалган, калп эле оорудум деп жүрөт” деп дагы сөз чыгарышты. Аны уккан жанымда жүргөн алыс-жакын достор ошол сөздөргө ишенип алып тескери карап жүрүштү ден соолукту сурап койгонго жарабай. Азыр да ишенбегендер болсо анализдеримди көрүп кетишсе болот. Бир кезде баштан ушундай оор сыноолор өттү. Баарын сабырдуулук менен жеңип келе жатам, азыр эч кимге таарынычым жок. Ден соолугума күйүп сурап турган жакындарыма ыраазычылык билдирем. Индияга чейин бара турган болуп калганда жакын санаалаштар элден акча чогулталы дегенде болбой койдум, Кудай буюрса, азыр баары жакшы. Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот экен. Буюрган күнү жакшы чыгармаларды жазып, жаңы кызматка келип, насип эткен нерселерди көрө алат экенбиз. Алдыда дагы жаңы чыгармаларды жаратабыз. Акыркы жазган чыгармалардан атай кетсем, “Кечирим”, “Биз экөөбүз” деген жаңы ырлар. Анан элдин аң-сезимине башкача таасир эте турган чыгармаларды жазганга аракет кылып жатам, мырзалар жөнүндө, адамдын башына иш түшкөндө сабырдуу болуш керек деген мааниде “Бирде жигит” деген ыр жараттым. Азырынча ушул үчөөнү айта турайын, негизи көп.

– Жетекчилик кызматтын жоопкерчилиги бар, көп убакытты талап кылат. Бул чыгармачылыгыңызга таасир тийгизеби?

– Башында бир канча убакытка чейин катуу иш болуп, баары ордуна түшкөндөн кийин чыгармачылыкка көңүл бурганга кенен убакыт болот деп ойлойм. Бул жактын жумушу чыгармачылык менен шайкеш келет. Ошондуктан чыгармачылыкты таштабайм, буюрса, жакшы чыгармаларды жазып, элге жакшы кызмат кылабыз.

– Эмнелерди кыялданчу элеңиз, алардын канчасы ишке ашты?

– Бала күндө эмнелерди кыялдансам, баары ишке ашып келатат, Кудайга миң мертебе шүгүр. Жигиттин башында кадимки күндөр да, оор күндөр дагы болот экен.

Балалыгым Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында, тоо коюнунда өткөн. Ата-энемдин, бир туугандарымдын мээримине бөлөнүп чоңойдум. 11 бир тууганбыз, мен үйдүн эң кичүүсүмүн. Чыгармачыл чөйрөгө келип калышыма бир туугандарым, ата-энем себепкер. Мектеп жашына чейин эле ырларды жаттатып, ырдата беришчү. Ошолор менин чыгармачылыкка болгон шыгымды, кызыгуумду жаратыптыр, көрсө. Балалыгым жакшы өттү, бактылуу доорду сүрдүм. Ар бир адамдын балалыгы жүрөгүндө сакталат эмеспи. Түш көрсөм да сөзсүз балалыгым өткөн айылды көрөм, ойлонсом ошол жакты кошо ойлоном. Буюрса, туулуп-өскөн айылым дагы жакшы өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Балалыгыма, айылыма арнап “Балалык”, “Туулган айылым”, “Туулган жер”, “Кара-Кулжам” сыяктуу бир топ ырларды жазгам.

– Чыгармачылыктан сырткары эмне иш менен алектенесиз?

– Жашырбайын, буга чейин соода-сатык менен кошумча алектенип келдим. Кыргызстандын ичинде эле автоунаалар менен анча-мынча алды-сатты кылып коёбуз, унааны алып, аны ыңгайлаштырып, оңдоп-түзөп кайра сатыкка чыгарам. Муну бизнес деп деле айтпайм, соода-сатык десе болот. Азыр эми жаңы кызматка келгениме байланыштуу ал иштерим токтоду, ага убакыт артпайт. Эми аялыма кичине соода-сатык иштерин уюштуруп берейин деп ойлоп жатам.

– Сиздин оюңузча, жетекчи кандай сапаттарга ээ болуш керек?

– Жакшы суроо, эң башкысы ыйманына бекем болуш керек. Ушул сөздүн ичинде баары жатат, мисалы, бирөөнүн, элдин акысын жебеш керек. Бирөөнү жөндөн-жөн эле сыздатып какшатпоо, чынчыл болуу, тартипти бекем кармоо, бардык иштерге алдын ала көзү жете билүү, андан сырткары жамааттык иштерди, чарбалык иштерди жакшы билүү зарыл. Мисалы, мен эми чыгармачыл жамаат менен иштешем да, демек, чыгармачылыкты да толук өздөштүрүп, түшүнө билишим керек. Анын ичинде оркестрдин багытын, өнүгүү план-максаттарын жолго коё алган, ар бир кызматкер менен жекече иштешип, чыгармачыл жаңыланууга түртө алган, чарбалык иштерди ордуна коё ала турган, мамлекеттен бөлүнгөн акчаларды жебей, эл үчүн иштей ала турган сапаттарга ээ болушум керек. Анан да жетекчи чынчыл болуш керек, ошондо өнүгүү болот. Биздин коомдо жетекчиге бут тоскон нерселер көп. Биздин министрлик Алтынбек Аскарович өзү баш болуп, ошол жердеги орун басарларынын баары бизге өнүгүүгө шарттарды түзүү үчүн жакшы иштерди жүргүзүп жатышат. Мени сүйүндүргөнү ушул. Иштейм деген адамды колдоп жатканы жакшы. Убакыттан пайдаланып жетекчиликке, кызматка келүүгө сүрөп-коштогон санаалаштарга ыраазычылык билдирем. Колдоп жаткан эл-журтка дагы рахматымды айтмакчымын.

– Сынды кандай кабыл аласыз?

– Туура сынды туура кабыл алам. Чыгармачылыгыма карата өзүмдүн сынчыларым бар, жаңы чыгарма жазганда өзүм суранып аларга сындатып турам. “Сынды туура айткыла, көңүл үчүн жакшы деп койбогула” деп чыгармачылыкта өзүмдү сынга даярдап келем. Жетекчи катары да сындар айтылышы мүмкүн, эгер туура сын болсо түз эле кабыл алам. Сындап жатабыз деп эле болбогон нерсени айтып сындачу болсо ага каршымын. Кандай адам болбосун адамдык баалуулук биринчи орунда туруш керек. Биз ошол баалуулукту унутуп калабыз да, бир тараптуу карап бирөөнү билип-билбей шыбап, ушактап киребиз. Жетекчиби, башкабы, ал - адам, анын да көңүлү, өмүрү, ден соолугу бар дегендей. Туура эмес сындардан психикалык жактан жабыркап калышы мүмкүн. Же болбосо стресс болуп ден соолугу начарлашы ыктымал. Туура сын айтылса кабыл алып, андан сөзсүз жыйынтык чыгарам. Өнүгүүнүн жолунда ар дайым сын болуш керек.

– Убакыт бөлүп маек бергениңизге ыраазычылык. Ишиңизде ийгиликтер көп болсун!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан