НЕВРИТ – НЕРВ СЕЗГЕНИП БЕТТИН КЫЙШАЙЫП КАЛЫШЫ

“Неврит – беттеги нервдин сезгенүүсү. Бул ооруга Орто Азиянын жашоочулары көп учурайт. Анткени чап жаак болгондуктан бет нерви узун болот жана беттеги нервдер, кан тамырлар татаал жайгашат. Бул оору “Белл шалдыгы” деп да аталат. Ооруну дарылагандан көрө алдын алуу оңой. Андыктан неврит тууралуу билип алуу эч кимге ашыкча болбойт”,- дейт Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын ангионеврология бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Кадыров.

БЕТ БУЛЧУҢДАРЫ ШАЛГА АЙЛАНАТ

Неврит – беттеги мимикалык булчуңдарды иштетүүчү нервдин сезгенүүсү. Бет нерви баш сөөктөгү ичке каналча аркылуу чыгып, бет булчуңун иштетет. Нерв менен катар эле кан тамыр кетет. Нерв бактерия, вирус жана башкадан улам сезгенгенде нерв шишийт. Ошондо жанындагы катар жаткан кан тамыр аны кысып калат. Кысылып калган нерв мимикалык булчуңдарды иштете албай, булчуңдар шалга айланат. Ошондуктан беттин нерви сезгенген тараптагы көз, ооз кыйшайып калат. Адатта неврит беттин бир тарабында кездешет.

Оору жылдын бардык кезинде, бирок суук учурда көп учурайт.

ООРУНУН ТҮРЛӨРҮ

Бактериялар козгогон түрү

Муну пневмококк, менингококк, эшерхия колли бактериялары чакырат.

Вирустар козгогон түрү

Бул түрүн аденовирустар, РНК вирустар, цитомегаловирустар пайда кылат. Айта кетчү нерсе, аденовирустар невриттен тышкары ОРВИ, отит, гайморит, тонзиллитти, РНК вирустары бир топ ооруларды, анын ичинде Covid-19, сасык тумоо, гепатит, кызамык оорусун чакырат. Ал эми цитомегаловирус ички органдардын, борбордук нерв системинин ооруларын да пайда кылат.

Жогоруда айтылган ооруларды, айрыкча отит, тонзиллит, гайморитти айыктырбаса, оору козгогучтар бет нервин да сезгендирип, невритке жеткириши мүмкүн.

Психоневрологиялык түрү

Катуу стресске кабылуудан, ээн жерде түндө жалгыз уктап калуудан (ойгонгондо катуу чочуп кетүү) келип чыгат.

Башка оорулардан улам жаралчу түрү

Шишик оорулары, нейросклероз (алжып калуудан нервдер иштебей калышы ыктымал), нервдин жугуштуу оорулары (нервдин кургак учугу, менингит жана башка)

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ТҮРТКҮ БОЛГОН ФАКТОРЛОР

Суукта жылаңбаш жүрүү

Башты жууп, кургатпай суукка чыгып кетүү

Катуу иштеп жаткан кондиционердин түбүндө узакка отуруу, уктап калуу

Унаанын айнегин ачып, башты чыгарып айдоо адаты

Ачык терезенин түбүндө уктоо

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

Беттин бир капталы шалдайып калат, сезүүсү начар болот

Кээде оорутпай эле бет чымырайт

Кулактын арты лукулдатып оорутат

Бет булчуңу иштебегендиктен адам көзүн жума албай калат. Ушуга байланыштуу көзгө бактерия, вирус, кыпын жана башкалар кирип, көз сезгенет. Жаш агып, токтобой калат

Ооз булчуңу да иштебей калгандыктан адам тамак ичсе оозунан чууруп куюлат. Шилекейи агат. Какап-чакайт, жөтөлөт

Чекедеги бырыштар жазылып кетет. Анткени чекедеги тери бырышуу жөндөмдүүлүгүн жоготот

Бейтап кээ бир даамдарды сезбей калат

Үндөр катуу угулуп башташы ыктымал. Анткени баштагы нервдер бири-бири менен байланышта болот

Уйкусуздук жаралат

Бет көрүнүшүнөн улам адам өзүн ыңгайсыз сезет

ДИАГНОЗ КОЮУ

Нервдер атайын текшерүүдөн өткөрүлөт. Мисалы, электронейромиография, электромиография жасалат

Электроэнцография

Компьютердик томография сунушталышы мүмкүн

Кандын клиникалык жана биохимиялык анализи

НЕВРИТ КАЙСЫ ООРУЛАРГА ОКШОШУП КЕТЕТ?

Айрым учурда оорунун белгилерине карап неврит диагнозун коюуга болбой калат. Анткени белгилери, мисалы, беттин бир жагына кыйшайышы жана башкалар боюнча инсульт, мээнин шишик оорусу, бет жаактын кан тамыр оорусу жана кант диабетинин татаалданган түрүнө окшошуп кетет. Так диагоз коюу үчүн жогоруда аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы керек болот.

МОЛДО ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ

Медициналык маалыматтын аздыгынан улам ушундай ооруларда азыркыга чейин элдик медицинаны колдонгондор, молдого дем салдырып айыктырабыз дегендер бар. Бул убакыттан уттуруу. Дарыгерге кеч кайрылганда, жогоруда айтылгандай, дарылоонун натыйжасы аз болот.

ДАРЫЛОО

Беттин бир жагынын тартылуусу, чымыроосу, кыймылсыздыгы, кыйшаюусу билинсе, дароо врачка текшерилип, ооруканада жатып дарылануу зарыл.

• Дары-дармек менен дарылоо ыкмасы. Бактериялар жараткан түрүндө антибиотиктер, вирустар козгогон түрүндө вируска каршы дарылар колдонулат. Андан тышкары 2 түрүндө тең шишикти кетирүү үчүн гормоналдык жана кан тамырды кеңейтүүчү дарылар, витаминдер, ийне жана физиотерапия, дарылык физкультура сунушталат. Нерв менен булчуңдардын байланышын күчөтүүчү дарылар да берилет. Эгер неврит шишиктен улам жаралса онколог, нейрохирургдардын да кеңеши, текшерүүсү керектелет.

Психоневрологиялык түрүндө аталган дары-дармектерден тышкары психотерапевтке көрүнүү кажет.

• Хирургиялык дарылоо.

Кан тамыр нервди кысып калган учурда дарылоо жардам бербейт деп чечилсе, операциялык ыкма колдонулат. Кан тамыр менен нерв ажыратылат. Операцияда жалпы наркоз колдонулуп, болжол менен 1-3 саатка созулат. Үйгө чыгарылганда да дарылануу улантылып, бейтап дарыгердин көзөмөлүндө болот.

КЕЧ ДАРЫЛАНСА, БЕТ КЫЙШАЙГАН БОЙДОН КАЛАТ

Оору башталгандан тартып 1 айдан 3 айга чейин шалга айланган бет булчуңдарын дарылоо менен толук калыпка келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эгер бейтап убакытты создуктуруп врачка кеч келсе, анда калыпка келтирүү кыйын. Дарылаган менен оорунун калдыктары калып калат. Алар беттин кыйшайган бойдон калуусу, беттин бат-баттан диртилдеп туруусу, эмоциянын жоголушу. Булар адамды депрессияга кабылтат, чүнчүтөт. Баштын өнөкөт оорусу, кулактын чуулдашы да жаралат.

Дарыланууга такыр келбесе оорунун үстүнө оору кошулат. Анткени сезгенүү башка жактарга жайылат. Бейтаптын абалы кыйындайт. Өмүрү кыска болуп калат.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

Ар кандай инфекциялык ооруларга чалдыкпоого аракет кылуу. Ооруган учурда тез арада врачка кайрылып, дарылануу.

Гайморит, тонзиллит сыяктуу ооруларды таза айыктыруу. Толук дарыланбаса невриттин келип чыгуу коркунучу бар.

Суукта башты жууп, көчөгө жылаңбаш чыкпоо.

Стресске бат-бат чалдыкпоого аракет кылуу

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан