Перизат Калыкова, мекендеш: «ЖЕР ТИТИРӨӨ УЧУРУНДА НЕС АБАЛДА КАЛДЫМ»

Түркиядагы жер титирөө адамзатка сабак болду окшойт. Жаркыраган шаардын бир түндө урандыга айланганын, миңдеген жарандарды бир заматта уранды басып калганын көрүү, албетте, оор. Дал ошол жер титирөөнүн очогунда калган Түркиянын Кахраманмараш шаарында окуп жаткан мекендешибиз Перизат Калыкова менен маектештик.

– Саламатсызбы, Перизат? Адегенде сиз менен жакындан таанышып алсак...

– Саламатсыздарбы? Аты-жөнүм Перизат Калыкова, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Жылуу-Булак айылынын кулунумун. Талды-Суу айылындагы Мукай Элебаев атындагы мектепти бүтүргөм. 11-классты бүткөндөн кийин Бишкектен атайын тест тапшырып, Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы Kahramanmaraş Sütçü İmam университетине окууга өткөнмүн, адистигим IT-программист. Түрк тилин билчү эмесмин, андыктан шарт боюнча бир жыл тил үйрөнүп даярдоо курсун окуп, анан 1-курска отурмакмын. Ал жакта окуп жатканыма 5 ай болгон, Түркиядагы табигый кырсыктан улам Кыргызстанга кайтып келдим.

– Ошол жер титирөө болгон учурду баяндап берсеңиз...

– Эң катуу жер титирөө ушул Кахраманмараш шаарында болду. Мен кыздардын жатаканасында жашачумун. 1-семестр бүтүп, 1-курстан жогоркулар каникулга тараган учур болчу. Ал эми даярдоо курсундагылар окуп жатканбыз. 5-февраль күнү таңкы саат 4:17де жер титиреди. Жатаканада 30га жетпеген студент кыздар бар болчубуз. Биздин бөлмөдө 3 кыз элек, экөө каникулга кетишкендиктен, мен жалгыз элем. Адегенде эч нерсе сезилбептир мага, катуулап, бешик термелгендей боло баштаганда ойгондум. Аябай корктум, коңшу бөлмөдөгү 2 кызга кошулуп документимди, күрмөмдү, батинкемди алып чыкканга жетиштим. Баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Ошол боюнча кайра жатаканага кире алган жокпуз, кийим-кече, буюм-тайымдарыбыздын баары ичинде калды. Кайра киргизишкен жок эч кимди.

Биздин жатакана шаардын борборунда жайгашкан, борбордогу дээрлик бардык үйлөр кулады, биздин жатакана жаңы имарат болгон үчүнбү, бактыга жараша, ураган жок, бирок дубалынан жаракалар кетиптир. Эртеси түштөн кийин бош жерлерге, стадиондорго чатырлар тигиле баштады. Ал жерде бир күн түнөдүм. Кечке маал ысык тамак берип, жууркан таратышты, астыбызга матрас сыяктуу нерселерди беришти. Бир чатырга 10-15 кыздан жайгашып, 15 кызга 3-4 жууркан жетип жатты. Ошол маалда телефонум өчүк болду, анткени байланыш үзүлгөн. Кечке маал анан үйдөгүлөр менен байланышып жер титирөө болгонун айттым, ошол боюнча бир жарым сутка дайынсыз болуп кеттим. Үйдөгүлөр сарсанаа болушуп, ал жактагы мугалимдеримди, тайпалаштарымды издешиптир. Бир жарым суткадан кийин байланышып, өзүмдүн жакшы экенимди, кабарымды бердим.

7-февраль күнү кечинде Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин өкүлдөрү Кахраманмарашка барганын угуп, алар аркылуу Кыргызстанга келдим. Окуунун баары токтоду, Кыргыз элчилиги аркылуу Кыргызстанга келген жалгыз студент мен болдум.

Айтымдарында, Кахраманмарашта буга чейин мындай күчтүү жер титирөө болбоптур, көп кабаттуу үйлөрдүн көбү кулап түштү. Ал учурдагы сезимдерим аябай жаман, ушундай жаш курагымда чет өлкөгө окуганы чыгып, бирок ушундай катаал кырдаалга туш болгонум үчүн абдан коркуп, нес абалында калдым. Жанымда туугандарым да, кыргыз тааныштарым да жок болчу. Өзүмдү колумдан келишинче колго алдым. Тамакка кезекке турсаң, кезек 1-2 саатта араң жетип жатты. Жаркырап турган шаарыбыз бир түндө тапталып, жок болуп калды. Толтура өлүктөрдү көрдүк, урап түшкөн үйлөр... Өлүктөрдү целлофанга ороп чыгарып жаткандарын көрүп жаман болот экенсиң. Бир орто жаштагы аялдын белинен өйдө жагы сыртта, ал эми белинен ылдыйкы бөлүгү бетондун астында калганы көз алдымда турат. Мындай көрүнүштөрдөн кийин кайраттуу болууга тырышат экенсиң. Өлүм менен өмүрдүн ортосундагы абал адамды өзгөрүүгө дуушар кылат тура. Мен ошондо жолуккан адамдардын бардыгына рахмат айткым келет. Жардам сурасам, эч ким менден жардамын аяган жок. Кахраманмараш Түркиянын башка шаарларына караганда жөнөкөй, кичинекей шаар.

– Сиз окуган университетте сизден башка дагы кыргыз студенттери бар беле?

– 1-курста окуган нарындык бир кыз бар эле, ал жакта эжеси бар болчу. Жер титирөө болгондон кийин ал Касире деген шаарга кетиптир. Эжеси менен байланышып, “элчилик аркылуу Кыргызстанга кеткени жатам, кетеби?” десем эжеси “жок” деди. Азыр ал Стамбулда. Кахраманмарашта кыргыздар бар экен, мен билген эмесмин. Мен ӨКМдин кичи автобусунда казактар менен чогуу Казакстанга келдим. Газиантепте иштеген кыргыздар бар экен, ал жерден мени менен чогуу 22 кыргыз кайтып келди. Казакстандын Астана шаарынан элчилик тосуп алып тамактандырып, Астанадан кичи автобустар менен Бишкекке жеткиришти. 1 суткада жеттик.

Окуубузду 27-февралдан тарта онлайн форматта уланта баштадык. Каалоочулар башка өлкөгө которулуп кетсеңер болот дешти. Мен Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетине которулайын деп чечтим, азыр документтерин даярдап жатам.

– Жакшы. Кахраманмараш шаарынан кандай таасир алдыңыз? Башка шаарлардан эмнеси менен айырмаланат экен?

– Башында тил билбей кыйналдым. 1, 2 айдын ичинде, тегерегимде жалаң түрктөр болгону үчүн үйрөнүп кеттим. Тайпадагы алдынкы студенттердин бири болчумун. Тайпабызда африкалык жана индонезиялык студенттер бар болчу, кыргыздардан мен жалгыз элем. Университеттин шарттары жакшы. Атайын студенттер үчүн чоң ашканасы бар, жакшы шарттар, жеңилдиктер түзүлгөн. 17 жашымда барып, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдум, корктум. Агайымдын жана жанымдагы түрк кыздарынын жардамы менен көнүп, кыйынчылыктарды жеңип келаткан элем. Чет элге чыксаң башкача жашоону үйрөнөт экенсиң. Көптөгөн сабактарды алдым.

Түркиянын эли таттууга абдан маани берет. Өзүңүздөр билгендей, пахлаванын түрү бар. Көчөлөрдө кичинекей дүкөндөрү, симит (simit) деген таанымал наны бар. Ашканаларда, жатаканаларда тамактын жанына десерт катары сөзсүз мөмө-жемиш же таттууларды беришет. Каада-салттарын аткарган учурларга туш болгон жокмун. Бирок уккандарым бар. Рамазан айында ооз бекитер маал болуп калганда эркектер ар бир көчөнү кыдырып, добулбасты тарсылдатып, кыйкырышып элди ойготушат экен. Бул аларда бир кесип катары саналат экен жана ошентип ойготкону үчүн акы алышат дешти. Кырсык болбосо дагы да көп каада-салт, маданиятын таанып-билмекмин. Кичинемден чет өлкөдөн билим алсам деп кыялданчумун. Кыялымды жарым-жартылай орундатып келдим десем болот.

– Жакшы. Келечегиңиз кең болсун!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан