СИЗ СҮЙГӨН СЕЛЬДЕРЕЙ

Сельдерей – чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү өсүмдүк. Мекени – Жер ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөр, бүгүнкү күндө да ал аймактарда жапайы түрдө өсөт. 17-кылымга чейин дарылык үчүн колдонулуп, кийин тамак-ашка кошула баштаган. Сельдерей диеталык татымал чөп. 3 түрү бар, популярдуусу – жыттуу жалбырактуусу. Күнүмдүк турмушта кеңири колдонулуп жүргөн ушул чөп тууралуу кеңири маалымат беребиз.

ТҮРЛӨРҮ

Тамыры жемиш түрү. Мунун ак түстүү тамырын жемиш үчүн өстүрүшөт. Жалбырактары да тамак-ашка жарайт. Тамыр жемиши чийки желет, салат, окрошка сыяктуу тамактарга кошулат. Котлета да жасалат. Кескенде кесимдери карайып кетпеши үчүн лимон ширесине же туздуу сууга сала туруу керек.

Жоон сабактуу түрү. Сабагынын жоондугу 3-4 сантиметрге жетет. Ширелүү, даамдуу сабагы салаттарга колдонулат. Туздап, маринаддаса жакшы. Чийки жесе, бууга бышырса, жашылча рагусуна, жумурткадан жасалган тамакка кошсо да болот. Алма жана деңиз азыктары менен жакшы айкалышат. Кургатып, соус жана майонез жасоодо пайдаланышат, кургак татымалдын курамына кошушат.

Жыттуу жалбырактуу түрү. Петрушканыкына окшошуп кеткен жалбырактары жаңы үзүлгөн, кургатылган түрдө колдонулат. Буурчак, баклажан, капуста, сабиз, кызылча жана картошкадан жасалган тамактарга кошсо ооз куруштуруучу даам берет. Лагман, ганфандын да даамын чыгарып, тамакка табитти ачат. Бадыраң, патиссон, кабакча, козу карындарды туздаганда колдонсо болот.

КАСИЕТИ

• Канды, организмди шлактардан тазалайт

• Заара кычкылынын муунда топтолушунун алдын алат

• Калкан сымал бездин иштешин жакшыртат

• Заара кубалоочу касиетке ээ

• Рактын, кант диабетинин, анемиянын жаралышынын алдын алууда көмөкчү

• Сөөктү бекемдейт

• Сельдерейдин курамында андростерон гормону болгондуктан эркектердин бел кубатын көтөрөт. Бул үчүн тамыры жемиш, жоон сабактуу түрүн пайдаланса жакшы

• Невроз, жогорку кан басым, ашыкча салмак, табарсык ооруларында, кант диабетинде колдонсо жакшы жардам берет

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

Кызыл жүгүрүк, подагра, андан тышкары бөйрөк, табарсык ооруларын айыктырууда колдонулат.

Косметологияда

БЕТ ҮЧҮН МАСКА

Курамынын 90 пайызы суудан тургандыктан андан жасалган аралашма бырыштарды жазууда таасир эте алат. Керектүү микроэлементтер менен азыктантып, бетти жылмакай кылат. Сезгенүүлөрдү кетирет.

Керектелүүчү азыктар:

Сельдерей – 2-3 талча

Бадыраң – жарымы

Ак йогурт – 1 чай кашык

Бал – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

Сельдерей, бадыраңды блендерден өткөрүп, ага йогурт менен балды кошсок аралашма даяр. Жуулуп, кургатылган бетке аралашманы сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Сельдерей тамак-ашта

ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ СЕЛЬДЕРЕЙ СМУЗИСИ

Смузинин бул түрү организмдеги уулуу зат, шлак, ашыкча сууларды чыгарып, тазалаганга жардам берет. Шишиктерди кетирет. Арыктайм дегендер алгач мындай смузи менен организмин тазалап алып, анан диетага отурса натыйжасы жакшы болот. Смузи эртең менен тамакка чейин ичилет, даярдалышы да заматта.

Керектелүүчү азыктар:

Сельдерейдин сабагы – 4-5 талча

Бадыраң – 2 даана

Сабиз – 1 даана

Алмурут же сырты жашыл алма – 2 даана

Даярдоо ыкмасы:

Алмурут, сабиз, бадыраң, сельдерейди жууп алабыз. Баарын блендерге салып эзесиз, смузи даяр. Эгер коюу болуп калса бир аз суу кошуп койсоңуз болот.

КУРАМЫ ВИТАМИНДЕРГЕ БАЙ

Курамында A, E, K, C, PP витаминдери, B тобундагы витаминдер топтому, белок, эфир майы, кальций, магний, темир, калий, цинк, селен, фосфор, амин кычкылдары, 12 түрдүү антиоксидант, суу бар. 100 граммында C витаминин өлчөмү 8 миллиграммды түзөт, 23-25 килокалорий бар. Клетчаткага бай. Аталган витаминдер организмге жакшы сиңиши үчүн сельдерейдин жоон сабактуусун, тамыры жемиш түрүн чийки түрдө каймакка кошуп жеш керек.

КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?

• Бөйрөгүндө, табарсыгында, өт баштыкчасында ташы барларга

• Гастрит оорусу курчуп тургандарга, ашказан жана 12 эли ичегисинде жарасы барларга

• Кош бойлууларга. Анткени курамындагы алиол гормону кан келүүнү, бойдон козголууну жаратышы мүмкүн

• Бала эмизгендерге. Анткени курамындагы эфир майынан сүттүн даамы бузулушу ыктымал

• Аллергиясы барларга. Жыттуу жалбырактуу түрү аллергия жаратышы мүмкүн

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан