ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-марттан 12-мартка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада чечкиндүү болсоңуз көп нерсеге жетише аласыз. Сизге жашыруун колдоо көрсөтө турган адамды жолуктурасыз. Азырынча жаңы таанышуулардан баш тартып, жеке жашооңуз боюнча эч ким менен ачык сүйлөшпөө сунушталат. Анткени өзүңүз тууралуу айтылган маалыматтын баары кийин сизге каршы колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле бул апта ички психологиялык комплекстерди иштеп чыгуу жана жеңүү, рухий изденүүлөр үчүн жакшы убакыт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сүйүктүү адамыңыз же жумуштагы кесиптештериңиздин бири менен мамилеңиз оор болсо, ушул аптада жөнгө салып, компромисске келсеңиздер болот. Достордун кеңешине кулак салыңыз, алардын акыл-насааты маанилүү, позитивдүү ролду ойнойт. Узак мөөнөттүү пландарды түзүүгө ылайыктуу учур. Виртуалдык дүйнөдө сүйүү мамилесин кургандар, реалдуу жашоодо сезимдерин сынай алышат. Достук мамиледе жүргөн адам сизге күтүүсүздөн сезимин билдириши мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада аткарылчу оор жумуштарды бир нече бөлүккө бөлүп, иреттеп алыңыз. Андан соң эң маанилүүсүн бүтүрүүдөн баштасаңыз болот. Үйүңүздү же кеңседеги иш бөлмөңүздү тазалоого ылайыктуу учур. Керексиз нерселерди ыргытып, ордуна жаңы буюмдарды сатып алуу жашооңузга да жаңылык алып келет. Кирешеңиз көбөйүп, анын артынан маанилүү сатып алууларды жүргүзөсүз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үй-бүлөлүү бөйөндөр жубайлык мамилелерин жакшыртышат. Кандайдыр бир өзгөрүүлөргө даяр болуп, алдыда күтүп жаткан бурулуштарга чогуу кадам ташташат. Балдарыңыз болсо алар мамилени бекемдөөчү, турукташтыруучу факторго айлана алышат. Турмуш кура электерге көптөн бери сүйлөшүп жүргөн адамынан баш кошуу тууралуу сунуш түшөт. Алтынчы туюмуңуз менен кеңешип жашооңуздагы маанилүү чечимди кабыл алыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта ичинде мыйзамсыз иштерден алыс болуп, аброюңузду коргоого аракет кылыңыз. Ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл буруу сунушталат. Алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, гимнастика менен такай алектенүү максатка ылайыктуу. Ошондой эле жаман адаттарын таштайм деп жүргөн арстандардын аракетинен жакшы жыйынтык чыгат. Кийинүү стилиңиз, өзүңүздү коомдо алып жүрүү маданиятыңыз көпчүлүккө үлгү болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Узак убакыт бою кыз-жигит мамиледе жүргөн түгөйлөр расмий никелешүү, бири-бирин ата-энеси менен тааныштыруу сыяктуу олуттуу иштер менен алек болушат. Өмүрлүк түгөйүн издеп жүргөн бойдоктор активдүү болгону туура, эл көп чогулган салтанат-кечелерден калбай барып, достук кечелердин коногу болуудан баш тартпаңыз. Аптада эмоционалдык жактан толуп-бышып, жашоону оптимисттик маанайда карап каласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Үйүңүздү жайлуу жана ыңгайлуу кылуу сиз үчүн маанилүү болот. Үйдөгү тазалык менен ден соолуктун ортосунда белгилүү бир байланыш бар. Айланаңызда тартип канчалык бекем болсо, сиздин жыргалчылыгыңыз ошончолук жакшы болот. Окуу жана алыска сапарга чыгуу үчүн ыңгайсыз: күтүлбөгөн жагдайлар пландарыңызды ишке ашырууга тоскоол болушу мүмкүн. Улуу муундагы туугандарыңыз менен өз ара байланышты бекемдөө өзгөчө маанилүү.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жашооңуз романтикалык окуяларга бай болот. Чаян айымдар мырзалардын көңүл борборунда болушуп, өздөрүнө болгон баасы өсөт. Жалгыз бой чаяндар сүйүүсүн табышат. Жаңы мамилелер абдан тез өнүгүп, эмоционалдык жактан толкуп-ташкан абалга жетесиз. Буга чейин сүйүү мамилесин курган адам менен кайрадан жолугуп калышыңыз мүмкүн. Бул жолугушуу ага болгон сезимдердин бар же жок экенин айгинелейт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада “менин үйүм – менин чебим” деген принципти бекем карманып жашайсыз. Материалдык маселелерди чечүүгө ыңгайлуу жума болот. Жакындарыңыз сизге каржылык колдоо көрсөтүп, чоң суммадагы сатып алуулар үчүн жетиштүү акча чогултуп беришет. Туугандарыңыз менен мамилеңиз гармонияга айланат. Дүйшөмбү жана шейшембиде кыймылсыз мүлккө байланыштуу маанилүү документтерге кол коюудан баш тартуу сунушталат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Айланаңыздагылар менен активдүү баарлашууга киришесиз. Бул аракетиңиз жакшы жыйынтыгын берет. Ошондой эле бул убакытты окуу жана жеке өнүгүү үчүн колдонуу сунушталат. Сүйүү мамилесинде кызганычтын отуна “куйкаланып” калбайын десеңиз, сүйүктүүңүзгө ишениңиз. Ата-эне, бир туугандар менен келишпестикке барбаңыз, канчалык оор болбосун алардын сиздин жеке жашоого кийлигишкенине туура баа беришиңиз керек.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Каржылык абалыңыз бир топ жакшырат, ал үчүн энергияны максималдуу түрдө материалдык маселелерди чечүүгө багыттоону сунушташат жылдыздар. Эгерде негизги жумуштан кийин бош убактыңыз көп болсо, кошумча жумушта иштесеңиз болот. Ошондой эле аптада өз колуңуз менен кийим тигип же токуп сүйүктүү ишиңиз менен алек болуңуз. Жумушта кесиптештер арасында түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03

Балык айымдар башкаларга эффективдүү көрүнүш үчүн келбетине кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүүнү каалашат. Бул мезгилде достордун жашооңуздагы ролу жогорулайт. Ошондой эле үй-бүлөдө жана жакын туугандар менен мамилелер абдан чыңалышы мүмкүн. Туугандар сизге өз шарттарын коюп “тигиндей бол, мындай бол” деп талап кылып жатышса көңүл бурбаңыз. Сиз туура жол менен бара жатканыңызды кийин түшүнөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан