ВИРТУАЛДЫК АУТИЗМ – БАЛДАРДЫН ЗАМАНБАП ООРУСУ

Заманбап жашоону учурда компьютер, чөнтөк телефон, ноутбук, планшетсиз элестетүү мүмкүн эмес. Бирок изилдөөлөр аларды узакка колдонгон жаш балдарда аутизмдин белгилери, ал тургай аутизм оорусунун өзү жараларын аныктады. Гаджетти көп кароодон жаралган оору “виртуалдык аутизм” оорусу деп аталат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, гаджеттик аутизм десек жарашчудай. Аталган оору жана анын коркунучу тууралуу психоаналитик Саадат Сыдыкова кызыктуу кеп курду.

Себепчи болот

– Румынияда “Аутист балдардын борбору” тарабынан атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 2-3 жаштагы аутист балдардын 90 пайызында оорунун келип чыгышына күнүгө 4-5 саат жана андан узакка телевизор, ноутбук, чөнтөк телефон, планшет кароо түрткү болгондугу аныкталган. Чоңдор үчүн 5 саат интернетте отуруу анчалык зыянын келтирбегени менен, мектеп жашына чейинки балдардын организмине абдан чоң терс таасир берет.

“Виртуалдык аутизм” терминин жогоруда аталган борбордун психологу Мариус Замфир киргизген.

Виртуалдык аутизмдин белгилери

• Кол, манжа булчуңдарынын жакшы өнүкпөй калышы.

Баланын акыл-эси өзү теңдүүлөргө караганда жай өнүгөт. Анткени кол менен баш мээ тыгыз байланышта. Бала узакка 4-5 сааттан гаджет менен отурганда, албетте, колун иштетпейт. Кол иштебесе акыл-эс өнүгүүсү жай жүрөт. Кол бир нерселерди кыркып, жабыштырганда, пазлдарды чогултканда, оюнчуктар менен ойногондо жана башкаларда иштейт.

Мисалы оюнчуктар менен ойногондо аны кармалап формасын, жумшак же катуу экендигин, кайсы оюнчукту кантип ойноо керектигин билет. Ошентип колу менен мээси чогуу иштеп, акыл-эси өнүгөт.

• Жашоосу реалдуулуктан алыс, фантазияга жакын. Ата-энеси баланы гаджет менен калтырып койгондо ал виртуалдуу дүйнөгө баш-оту менен кирип кетип, тегерегинде эмне болуп жатканын аңдабайт, маани бербейт. Үйүндөгүлөр менен дене жана көз байланышы аз болот. Мисалы, ата-эне менен баланын чогуу кучакташып отурушу, тиктешип сүйлөшүү жана башка.

Анын үстүнө экранда көрсөтүлүп жаткандардын көбү түрдүү жарк-журк эткен жарыктар, катуу, ызы-чуу үн жана бат-бат алмашыла турган кадрлар менен коштолот. Булардын баары балада көз карандылыкты пайда кылат. Нервин дүүлүктүрүп, агрессивдүүлүктү жаратат. Эгер бала атыш-уруш, өлтүрүү кадралары камтылган видеолорду көп көрсө, агрессивдүүлүгү күчөйт. Курч эпизоддорго кыйкырып реакция кылат. Бала маселени чечүү жолу – күч жана курал колдонуу деп эсептеп баштайт. Баланын колунан гаджетти алганда кыйкырып, өкүрөт. Ал тургай муштап, уруп жибериши да ыктымал. Башка бир нерсе деле оюндагыдай болбой калса кыйкырат, чырдайт.

Булардан тышкары белгисиз нерселерден коркуп чочулап турат, фобия пайда болот. Стресс, депрессияга жакын болот.

Эрки жоголот, эмоцияга бат алдырып, жини келгенде эмне кылып жатканын көзөмөлдөй албай калат.

• Уйкусу, күн режими бузулат. Жаман түштөр кирет, уйкусуздуктан азап тартуусу ыктымал.

• Гаджетти маңдайына коюп гана тамак жеп калат. Бул тамак-аштын даамын билүүгө, тамактын сиңүүсүнө терс таасир этет. Алаксып аз же ашыкча жеши мүмкүн. Андыктан салмагы керектүү өлчөмдөн аз же көп болот.

• Өзү теңдүүлөр менен аралашып, тил табышып сүйлөшүп, чогуу ойноп кете албайт. Оюнда ролдорго кирип ойноону билбейт. Мисалы, врач же айдоочу болуп.

• Бала гаджетти тиктеп отура бергенден мээсиндеги нейрондордун байланышы бузулат. Буга виртуалдуу дүйнөдө диалогдун жоктугу, угуп жана көрүп гана отура бергендиги себеп болот. Андыктан баланын сөз байлыгы аз болуп, оюн түшүндүрүп бере албайт.

Ошентип гаджеттен угуу, көрүү эс-тутуму өскөнү менен, сөз байлыгы өспөй калат. Эске алчу нерсе, үйүндөгүлөр жана өзү теңдүүлөр менен диалог болгондо гана бала угат, көрөт жана уккандарын кайталайт. Ошентип сөз байлыгы өсөт, жаңы сөздөрдү жана аларды так айтууну үйрөнөт.

• Бала гаджеттен кыргыз, орус, англис, ал тургай кытайча угуп көрө берүүсү мүмкүн. Жыйынтыгында өз тилинен башканы кыйратып түшүнбөйт, билбейт. Өз тилин түшүнгөн менен, оюн айта албайт. Мектеп жашына жете элек баланын мээсине бир эле маалда ар түрдүү тилди угуу күч келтирет.

• Гаджетте узак отургандан тышкары ата-энеси баланы уруп, тилдей берсе балада аутизмдин белгилери, аутизм же кекечтик жаралуусу ыктымал. Элден обочолонуп, өз дүйнөсүндө гана жашап калат.

• Гаджеттерден чыккан электрдик-магниттик нурдануулар нерв системине терс таасир этет. Жаңы нерселерди өздөштүрүүсү кыйын болот. Кийин мектепте окуганда билими жактан башкалардан артта калат. Виртуалдык аутизмден арылтыш үчүн баланы психологго, керек делсе логопедге да алып барып, ата-эне алардын көрсөтмөсү боюнча баласы менен иштеши керек болот. Виртуалдык аутизм толук айыктырууга боло турган оору.

Гаджеттердин дагы кандай зыяны бар?

• Гаджеттеги электрдик-магниттик нурдануулардан көзү кургайт, көрүүсү начарлайт. Миопия оорусу (алысты көрбөй калуу) жаралышы ыктымал. Анткени баланын көз чарасы толук өнүгүп жетиле элек, булчуңдары алсыз болот. Электрдик-магниттик нурдануулар булчуңдарга күч келтирип, өнүгүүсүн бузат.

• Дамамат гаджетти моюнун созуп тиктеп отура бергенден дене түзүлүшү бузулат. Омурткасы кыйшайышы, ички органдарынын жылышып кетиши мүмкүн. Моюн омурткасы кыйшайса башына кычкылтек аз барып, башы ооруйт. Физикалык жактан өнүгүү процесси бузулат жана башка.

Балага гаджетти туура колдонтуу керек

• Гаджеттин көп жакшы жактары бар. Мисалы, дүйнө таанымынын өсүшүнө жардамы тиет, тапкычтыгы өсөт. Ар кандай үйрөтүүчү программлардын арты менен сүрөт тартууну, санаганды үйрөнөт. Спорттук көнүгүүлөрдү көрүп, өзү жасайт. Жактырган музыкасын угат, оюндарды ойнойт жана башка.

Болгону ата-эне балага гаджетти колдонуу убагын чектеп, эмнелерди көрүп жатканын көзөмөлдөп турушу керек.

Ал эми “сага колдонууга болбойт!” деп бербей коюу же көрүп отурган жеринен колунан жулуп алуу туура эмес. Бул балада кемсинүүнү, агресивдүүлүктү жаратат.

• Бала менен чогуу ойноп, чогуу сүрөт тартуу, жомок окуп берүү, жаратылыш коюнунда эс алдыруу, убак-убагы менен сейилдетүү талапка ылайык. Шыгына жараша бий, хор ийримине же спорттук секцияга жаздыртса болот.

• Баланын акыл-эси туура өсүүсү зарыл экендигин айттык. Мындан тышкары 3-6 жашка чейинки бала кунт коюп угууну, башкалар менен аралашып тил табышууну, демилге көтөрө билүүнү, чыдамдуу, шамдагай болууну да үйрөнүүсү керек. Ата-эне муну эске алуусу зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан