БИР БҮРКҮМ. ЖАРАН ӨЗҮН ӨРТТӨП ЖИБЕРДИ...

  • 27-февралда Кыргыз-Кытай чектешкен жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, калктуу аймактарда 3,9 баллга жетти.
  • 28-февраль күнү Бишкекте жаран өзүн өрттөп, алган жаратынан улам эртеси ооруканадан каза болду.
  • Коргоо министринин орун басары: “Учурда Кыргыз армиясында “дедовщина” жок экенине кепилдик бере алам”.
  • Улуттук банкта учурда 46,7 тонна алтын бар экени расмий маалымдалды.
  • Өлкөдө автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатууга каршы 28-февралдан 10-мартка чейин атайын рейд жүрөт.
  • Суусамырда жылкы уурдоого шектелип
  • 24 жаштагы жигит кармалганы маалымдалды.
  • Канат Асангулов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Бишкекте “Унаа” мамлекеттик ишканасы мындан ары дем алышсыз иштейт.
  • Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды.
  • Бишкек мэриясы: Бишкекте коомдук унааларда жүрүү акысы азырынча кымбаттабайт.
  • Кадамжайда 14 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталгандардын бири өмүр бою эркинен ажыратылды.
  • Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу быйыл 22-мартта башталып, 26-мартта аяктайт.
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.
  • Нурлан Шакиев, спикер: “Мектепте 3-класска чейин балдарга кыргыз тилинен башка тилдер окутулбашы керек”.
  • Сузакта 15 жаштагы бала мектептин аймагында сабалып каза болгону кабарланды.
  • "Кумтөрдүн" камакта отурган мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк ырайым сурап президентке кат жазды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан