– Кыргызстандын билим берүү системинин 60 пайызы дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Бизде 73 жогорку окуу жайы бар, алардын бирөөсү да дүйнөдө эң керектүү делген 10 кесип боюнча адис даярдабайт. Билим берүүнүн концепциясы 3 багытты камтыйт: улуттук, советтик жана дүйнөлүк педагогиканын жакшы жактарын алып, Кыргыздын моделин иштеп чыгабыз,- деди ал.
Маалыматка таянсак, 1-апрелден тарта мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы 50 пайызга көтөрүү пландалууда. Ал эми 1-сентябрдан тарта жаңы окуу стандарттары иштеп баштап, жыл аягына чейин баштапкы реформаларды ишке ашырып үлгүрүү керектигин белгиледи Иманалиев.
Мектепте окуучулардын ата-энелеринен акча чогултууну токтото албай турганын моюнга алды.
– Бүтүндөй укук коргоо органдары токтото албай жаткан көрүнүштү токтотуп салам деп айта албайм, бул кыйын. Бирок азайта алам, анткени директорлордун айлыгын көтөрүү буга таасирин тийгизет. Мектепте атайын беренелер менен белгиленбеген чыгымдар бар, мисалы, мектеп кароолчусунун айылыгын төлөө. Буга ата-энелерден ыктыярдуу түрдө акча чогулта берсе болот, бирок топтолгон акча кайда жумшалып жатканы ачык болушу зарыл,- деди ал.
Депутат Адахан Мадумаров бардык азаптын баары ушул “ыктыярдуу түрдө” деген сөздө жатканын айтты.
– Ыктыярдуу түрдө эч ким бербейт, берүүгө аргасыз кыласыңар. Ата-энеси акча бербеген окуучуну тургузуп алып башкалардын көзүнчө урушасыңар, басынтасыңар. Ушундан улам ата-эне берүүгө мажбур болот,- деди депутат.