АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Мукам үн. Айдай көзүн жума берди. Эмирдин өзгөчө үнү бар. Жан дили менен гитара чертип, ырдап жаткан жигитти карап туруп жүрөгү туйлап кетти. “Менин балам да ушундай жигит болмок. Ушу жашка чыкмак. 1-класска бармак, чоңоймок, балким, ашык болмок, балким, мага бардык сырларын айтмак. Кандай болуп чоңойду экен? Деги аман болду бекен, мен өмүр бою жанымды курттай жеген бул сыр менен каламбы? Зарым Кудайга жеткендей деле болду го. Издедим, балам, колумдан келгенинин баарын кылдым. Бир эле илинчек табылса, бир эле үмүт болсо”... Эненин бул абалын эч ким билген жок. Үмүт кээде өчүп, кээде күйүп жанын жеп өмүрү өтүп бара жатат. Жүрөгү токтомоюнча бул жан оору да токтобошу бештен белгилүү. Айдайдын көздөрүнөн эрксизден жаш агып кетти. Эмир ырын токтотуп ага тиктеп калды.

– Сизге эмне болду?

– Эч нерсе деле болгон жок.

– Ыйлап жатасыз?

– Аа,- Айдай жүзүндөгү жашты колу менен аарчый берип жылмайып алды. – Ыйлап жатканымды байкабапмын. Бир жигитти сагындым.

– Өткөндөгү кишиниби?

– Жок, аны эмес. Башка бирөөнү...

– Көрбөгөнүңүзгө канча убакыт болду?

– Көп, өтө көп болду.

– Качан көрөсүз? Жакыныңызбы?

Эмир такып сурай берди. Айдай жооп айта албай башын чайкады. Муңдуу жылмайып койду. Жигит гитарасын четке коюп, ойлуу карады.

– Бир суроо берсем болобу?

– Болот.

– Сиз мага эмнеге башкалардан өзгөчө мамиле жасайсыз?

Түз берилген бул суроодон Айдай жалтана түштү. Тайсалдап кеткенин билдирбей Эмирдин көзүнө тике карады. Окшош каректер бирин-бири тиктеп турду.

– Кандайча? Баарыңарга бирдей эле мамиле жасайм.

– Мен биринчи күндөн баштап муну сезем. Бүгүн да мени алып калып өзүнчө сабак өтүп жатасыз.

– Балким, талантың үчүн, балким, жакшы баласың. Сенден чындап жакшы музыкант чыгат. Эгерде сен кааласаң... Бирок музыкант болууну, менин билишимче, анча деле каалабайсың.

– Ооба, бул жакка да апакем суранган үчүн келдим. Каалоо демекчи, менин бир каалоом бар. Эгерде сиз аны аткарсаңыз, биз бара турган фестивалда биринчи орунду алып келебиз деп сөз берем.

– Кызык, мени менен кандай байланышы бар ал каалооңдун?

– Апакем сизди көргүсү келди. Негизи эле сизди кумир тутат. Ырларыңызды угат. Жакында химиотерапия алды. Ал... ал...

Эмирдин көмөкөйүнө жаш такалып калды. Көз жашын көрсөтпөскө башын чулгуй берди.

– Аз күнү калды дешти апамдын,- деди Эмир акырын гана. – Ансыз мен эмне болом билбейм. Мен апакемсиз кандай кылышты билбейм.

Ыймандай сырын айтып жатканын ички туюм менен Айдай сезе койду. Кучактагысы келди. Бооруна кысып “баары жакшы болот” деп айткысы келди.

– Макул, мени апаң менен жолуктур. Сендей сонун жигитти кандай адам төрөдү, менин да көргүм келет.

Эмир Айдайга ыраазы боло жылмайды. Айдайдын жүрөгү дагы бир онтоп алгандай болду. Анткени бул жылмаюу өзү качандыр бир жоготкон баласын аябай эстеткен жылмаюу болчу.

ххх

– Мен анын апасына барышым керек,- деди Айдай.

– Эмне утасың?

– Ичимде бир нерсе бар, жок дегенде ошол жоголуп кетиши мүмкүн. Атасына же апасына окшош жагын бир көрсөм көксөөм сууп калаттыр. Коркконум менен баары бир реалдуулукка келишим керек. Минтип өзүмдү жеп качанга чейин жүрөм?

– Азаматсың! Менин Айдайым дайым ушундай эле дейм да. Илим аялды бооруна кыса маңдайынан сүйүп койду.

– Мен да барам сени менен!

– Өзүм да сенден суранайын деп жаткам. Жөн билгим менин! Эртең баары чечилет!

ххх

Кооз особняктын түбүнө келип токтошту. Берилген дарек ушул экен. Илим кашын кагып койду.

– Жакшы эле бай адам экен мунуң. Жигит эмне үчүн мынча керсейгени белгилүү.

– Эмир керсейбейт деле, түпкүлүгүндө аябай боорукер бала. Керсейгени жөн эле маска.

Экөө ээрчише киришти. Алдынан тосуп чыккан Эмир кубана апасына карады.

– Мына, Айдай эже сөзүнө турат дебедим беле, келди.

Өңү купкуу болгон Ажар ордунан араң турду. Айдай жете калгыча теңселип кетти эле, ал кучактай калды. Ажардын көздөрүн карады. Жашыл көздөр экен. Эмирдин каректери капкара. Айдайдын жүрөгү дүкүлдөп кетти.

– Саламатсызбы? Жакшы турасызбы?- деди ал сылык.

– Жакшымын, келгениңизге кубанычтамын. Келет деп айтты эле Эмир, бирок мен ишенбей жаткам. Кадимки Айдай Иманова кантип эле бизге келсин деп ишенбей жаттым эле. Сиз келдиңиз.

– Менин шакиртим чакырып жатса кантип келбей коём. Чынбы, Эмир? Анын үстүнө мен андай деле сиз ойлогондой кол жетпеген жылдыз эмесмин.

Ажар менен Айдай тил табышып кетишти. Ооруп жаткан аялдын көңүлү үчүн чын дилинен сүйлөшүп отурду. Ооруп жатканы менен Ажар шайыр, ачык баарлашкан жан экен. Илим жеткирип коюп эле кеткен, ал эми Айдай бир топко отуруп калды. Эмир үйгө кирип кеткенде Ажар Айдайдын колун кармай калды.

– Сизди чакырткан себебим уулум...

– Кандайча?

– Айдай, кантип билбейм, бирок Эмир менден башка бир да адам менен ачылып сүйлөшчү эмес. Сизге жакын болуп кетти. Менин абалымды билесиз, күндөрүм аз калды. Эмирден башка бул жашоодо кымбат эч нерсем жок. Эмирди сизге тапшырам.

– Кандайча?

– Сиз жакшы адамсыз, билишимче үй-бүлөңүз да жок. Эмирдин мынчалык ички дүйнөсүн көрө алсаңыз, демек, мындан аркы жашоосуна да кайдыгер эмес адамсыз. Атасы менен Эмирдин мамилеси жакшы эмес, жолдошумдун башка аялдан балдары бар. Мен кеткенде Эмир жапжалгыз калат. Атасы үйдөн чыгарып жибериши да мүмкүн. Материалдык жагынан кам санабайм, анткени ага катталган менин үйүм бар. Бирок баары акчага барып такалбайт да. Ырчылар ырдап жүргөндөй, адамга адам керек. Ага жылуулук зарыл. Азыр анын мектепти бүтө турган курагы, кесибин да тандай элек. Сиз анын музыка менен кетишине жардам бере аласыз деп ойлойм. Ойлонуп отуруп сизди чакыртканымдын себеби ошол. Ички туюмум сизден жардам болот деп жатат. Суранам жардам бериңиз.

Ушул учурда кыйкырган үн угула калды. Эмирдин атасы Эмилдин бир нерсеге жини келгенде дарбазаны аттап эле ушинтип кыйкырып кирмей адаты бар эле. Ажар селт дей түштү. Анын коркуп кеткенин Айдай сезе калды.

- Энеңди гана урайындын баласы. Канча айтам машинеңди бул жакка токтотпо деп. Сенин кулагың угабы? - деп эле кыйкырып кирип келе жаткан Эмил Айдайды көрө калып тык токтоду. Таң кала тиктеп калды.

– Сиз Айдайсызбы? Кадимки ырчы, ээ?

– Саламатсызбы?- деди суз гана Айдай.

– Салам. Мына сага тамаша, сизди көрө турган күн да болот экен, ээ?

Эмил эмнеге кыйкырып келе жатканын унутуп Айдайга суктана карады. Табиятынан аял жандуу неме, шилекейи чууруй Айдайдын тулку боюн карап жатты. “Бах, чиркин, ушул аял меники болсо, ээ!” деген ой кылт этти. “Эмнеге болбойт эле, бул дагы адам. Мендей жигит көчөдө жатыптырбы...” деп жатты ичинен.

Айдайдын жини келип кетти. Оорулуу аялынын көзүнчө шыйпаңдап жатканын байкабай коюу мүмкүн эмес эле. Бир чети жийиркеничтүү болчу. Ошондуктан Ажардын колун акырын кысты.

– Сиз менен дагы жолугабыз, эч нерседен кабатыр болбоңуз. Мен сизди түшүндүм!- деди акырын гана. Кеткени камданып жатканын көрүп Эмил чебелектей түштү.

– Кетесизби, каап конок болуп кетсеңиз болмок.

– Конок болдум сиз келгенче, рахмат! - суз гана басып кете турган болгондо Эмил колдон кармай калды.

– Балким, сизди узатып коёрмун?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан