«ТАГДЫРЫҢДЫ ӨЗҮҢ БАШКАРАСЫҢ, АЛ ҮЧҮН СЫЙКЫРДЫН КЕРЕГИ ЖОК...»

Адатта, мультфильмдеги күлкүлүү каармандарга, ыр-бийине көбүрөөк көңүл бурабыз. Байкап көрсөк, персонаждардын тили менен таасирдүү, сабак алчу фразалар айтылат. Мисалы...

«Аба ырайы жаман учурда гүлдөгөн гүл эң сейрек кездешкен асыл буюм». Император, «Мулан»

«Кээде туура жол эң оңой эмес жол». Ива чоң эне, «Покахонтас»

«Сен өзүң ойлогондон да алда канча чечкиндүү жана акылдуусуң, ошондой эле өзүң ойлогондон да алда канча күчтүүсүң». Кристофер Робин, «Винни-Пух»

«Жашоо – бул чече турган маселе эмес, ал сезимдерге, таасирлерге толгон саякат». Пух, «Винни Пух»

«Тагдырыңды өзүң башкарасың, ал үчүн сыйкырдын кереги жок. Сенин көйгөйлөрүңдү чечүү үчүн сыйкырдуу ярлыктар да жок». Мерида, «Эр жүрөк»

«Биздин тагдыр биздин ичибизде, аны көрүү үчүн эр жүрөктүүлүк гана керек». Мерида, «Эр жүрөк»

«Жадакалса кереметтер үчүн да бир аз убакыт талап кылынат». Боорукер фея, «Күлчү кыз»

«Эсиңде болсун, дал сен бул дүйнөнү жарыкка толтура турган адамсың». Апакай, «Апакай жана жети эргежээл»

«Ар дайым абийириңе жол башчы болууга мүмкүндүк бер». Сверчок Жимини, «Буратино»

«Сени кармап турган эле нерселер сени кайра бийикке көтөрүшү мүмкүн». Тимоти Маус, «Дамбо»

«Өткөн күндөр зыян келтириши мүмкүн, бирок мен көрүп тургандай, сен андан качып кете аласың же өзүңө сабак аласың». Рафики, «Арстан падыша»

«Эгер бүт өмүрүңдү жөн гана карап отура турган болсоң, анда бүт өмүрүң сенсиз кандай өткөнүн көрөсүң». Лаверн, «Горбун из Нотр-Дама»

«Тартынчаак болгонго убактыңар жок. Силер эр жүрөк жана кайраттуу болушуңар керек». Люмьер, «Сулуу жана желмогуз»

«Артыңда калган нерселерге ыклас койсоң, алдыда эмне күтүп турганын эч качан көрө албайсың». Гюсто, «Рататуй»

«Канчалык терең кирериңди өзүң чечесиң. Эгер ага аракет кылбасаң, аны эч качан биле албайсың». Мерлин, «Таштагы кылыч»

«Бүгүнкү өзгөчө көз ирмемдер – эртеңки эстеликтер». Джинн, «Аладдин-2: Жафардын кайтып келиши»

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1056, 3-9-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан