Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен жубайы, актриса Таалайкан Абазованын кызы Айжан Аскарова да чыгармачылыктан алыс кеткен эмес. Айжан буга чейин клиптерге тартылган, жакында алгачкы жолу тасмага тартылды. Каарманым ата-энеси, өзү тууралуу жагымдуу маек куруп берди.
– Айжан, саламатсызбы? Алгач сиз менен таанышалы...
– Саламатсыздарбы? Мен 1999-жылы 28-октябрда Бишкекте туулгам. Мектепте Бишкекте, Кантта окудум. “Ала-Тоо” университетинде синхрондук котормо жаатында билим алдым, бирок кесибим боюнча иштей албайм деп ойлойм. Анткени аябай татаал, сабырдуу, тырышчаак болушуң керек, анан кызыгышың керек. Англис тилин жакшы билгеним үчүн көп ойлонбой эле ушул факультетке тапшырып алгам. Азыр "бровистмин", хобби катары алектенем. 5 ай мурун турмушка чыккам.
– Жакында тасмага тартылдыңыз...
– Ооба, буга чейин Эрлан Андашевдин “Айперим” ырынын клибине тартылбадым беле. Фильмдин режиссёру Сапар Сайназаров мени ошол клиптен көрүп калыптыр. Роль сунуштады, макул болуп тартылдым. Кичине кезимде Гүлнур Сатылганованын “Апакем” ырынын клибине да тартылгам.
– Башка кесиптин ээси болсоңуз да, болбой эле чыгармачылыкка ыктап жатыпсыз да?
– Ооба. Кичинемде ата-энем менен театрда жүрө берчүмүн. Мен деле актриса же режиссёр болом деп ойлочумун. Кийин атам “режиссёр болгуң келсе, Ташкентке барып билим ал” деди. Өзүмө ишенбей, ал жакка окууга тапшырбай койгом. Актриса болом десем, апам “башка туруктуу кесиптин ээси бол” деп кеңеш берген. Тасмага тартылууга сунуш түшкөндө апам эч нерсе деген жок. Өзүм каалай турганымды билет. Атам болсо “баары колуңдан келет, кыла бер” деп коёт. Эмне кылсам да “азамат” деп мактайт. Мен бактылуу болсом сүйүнөт. Жолдошум менен кайненем аябай колдошту, тааныштарына мактанышты. Жолдошум башынан эле “актриса болушуң керек, жакшы аткарасың” дей берчү.
– Алгачкы ирет тасмага тартылдыңыз да, кандай экен?
– Киного тартылган оңой деп ойлочумун. Андай эмес экен, камера алдында баары бир башкача тура, сүрдөдүм, толкундандым. Башында жакшы аткара албай жаттым. 2-3 күндөн кийин “мага жардам бериңизчи, ойной албай жатам, үйрөтүңүзчү” деп апама баргам. Сценарийди окуп “оңой эле турбайбы, барып эле ойноп коёсуң” деди, кантип ойнош керек экенин бир аз көрсөтүп берди. Апамдын мага ишенип жатканын сездим. Атама айтсам, “ой, сен оңой эле ойноп коёсуң, сен биздин кызыбызсың да” деп койду. Алар ошенткен үчүн өзүмө ишенип калдым окшойт.
– Балачагыңыз кандай өттү? Тарбия, эркиндик, акыл-насааттар...
– Үйдүн улуу кызымын. Көптөн күткөн кыз болдум. Ошон үчүн да аябай жакшы көрүп, эркелетишти. Чоёктогон кыз болчумун. Ар кандай мүнөзүмдү көрсөтсөм деле баарын мен айткандай кыла беришчү. Азыр деле кичинекей баладай эркелетишет, 6 жашка чейин жалгыз бала болдум. 6 жашка чыкканда иним төрөлдү, анан сиңдим төрөлдү. Бирөөдөн камера сурап келип төрөлгөнүмдөн баштап 6 жашыма чейин видеого тартышкан. Үйдө толтура кассета бар. Эсимде калган жагымдуу учурлар көп. Мисалы, бир Жаңы жылда эшик такылдап калды. Атам “Аяз ата келди окшойт, карап келсең” деди. Ачсам эшиктин алдында мага белектер туруптур, мен каалаган оюнчуктар экен. Ошондо аябай сүйүнгөм, жагымдуу учур катары эсимде калган. Бала бакчада иш-чаралар болуп калса апам дайыма ар кандай көйнөк тиктирип берчү. Түнү менен болсо да тиктирип даярдап койчу. Иним төрөлгөндө баары эле инимди карап калышса, өзүмдү экинчи планда калгандай сезгем. Ага чейин психологиялык жактан мени даярдашса деле.
– Белгилүү адамдардын кызы болуш көп нерсени чектейби?
– Мен чоң энеме жакынмын. Энеке деп коём. Энекем “жаман сөз сүйлөбө, ушак айтпа, мындай бол, тигиндей болбо” деп көп айтчу. Ошонун баары мээме сиңип калыптыр. Атайын өзүмдү чектебейм, ата-энем деле чектебейт, бирок энемдин сөздөрү дайыма эсимде. Өзүм да үйдө отура берген адаммын. Көчөгө көп чыкпайм, көп адамдар менен жүргөндү жактырбайм.
– Министрдин кызы болуу кандай?
– Министрдин кызы болгон мага оор эмес. Түз эле жүрөм да. Социалдык тармактарда мен жөнүндө же атам жөнүндө деле негатив жазышпайт. Бирок министрдин кызы деп айтышканын жактырбайм. Ушинтип айтышса эле ыңгайсыз боло берем.
– Ата-энеңиз сизге кандай кеп-кеңештерди көп айтат?
– Атам “жашоодогу өз жолуңду тап” дегендей сөздөрдү айтат. Мен 18ге чыкканда атам “мен сага белек кылайын” деп отуруп алып кеңештерин айткан. “Эмне каалаганыңды билиш үчүн көп нерсе жасап көрүшүң керек. Болбой калды деп сарсанаа болбо. Болбой калса башка жолдорун издешиң керек. Өзүңө жаккан нерсени кылганда акча өзү келет. Акчанын артынан ээрчибе. Мен 30дан кийин өзүмө жаккан нерсени таптым. Жакшы көрүп жасаганым үчүн жакшы иштер чыгат” деген. Ошол кеңештери мага баалуу белек болду. Апам көп эле нерсе айтат, ошондуктан азыр эстей албай жатам.
– Алар роль жараткан кино, спектаклдерди көрөсүз да?
– Албетте. Алар тартылган кино, спектаклдерди көрүп өстүм да, жатка билчүмүн. Атам менен апам чогуу ойногон учур болот. Апам башкалар менен ойносо кызганып жаман боло берчүмүн. “Атам менен ойнобойт белеңиз” деп айтчумун. Чоңойгондо жумуш ушундай экенин түшүндүм. Анан ал кинолор мурдагыдан да кызыктуу боло баштады. Апамды эле эмес, ролду карап, кандай маанини чагылдырып жатат деп көрүп баштадым. Апам кинодо көбүнчө кайгылуу ролдорду ойнойт го. Ошондой учурларды жаман көрчүмүн, кыйналган учурларын көргөндө качып шкафка бекинип да алчумун.
– Кимисине көбүрөөк окшошсуз?
– Эмоционалдуулугум апама окшош. Күйөөм “сүйлөгөнүң, үнүң, күлгөнүң, тамашаларың, кыймыл-аракетиң, баары апаңа окшош” дейт. Кебетем атама окшош. Экөөнө тең окшошмун. Иним экөөбүз атама көбүрөөк окшошпуз, сиңдим апам жакка окшош, Нуриса Абазова таежеме да окшошуп кетет.
– Жолдошуңуздун атаңызга окшош жактары барбы?
– Ооба, окшош. Мен жанымда атамдай жумшак, адамгерчиликтүү, боорукер адам болушун каалачумун. Күйөөм ошондой. Жолдошум чачын өстүрүп жатат, азыр меникинен да узун болуп калды, байлап жүрөт. Жаш кезинде атамдын чачы узун болчу да, байлап жүрчү, атам экөөбүз чоймо талашчубуз. Минтип келбети да окшошуп калды.
– Иниңиз менен сиңдиңиз да чыгармачылыкка жакынбы?
– Ооба, иним атамды тарткан. Мектепте сценкаларды коюп, иш-чараларды уюштура берет. Сиңдим актриса, ал да Тик-Токту “жарып” жатат. Өзүн жакшы көрөт, жакшы аткарарын да билет.
– Ата-энеңиз эл көзүндөгү адам болгондуктан аларга карата жагымсыз сөз айтылып же жазылып калса сизге оор тиеби?
– Оор деле тийбейт. Алар тууралуу жаман комментарий деле көп окуган эмесмин. Окусам деле жалган экенин билем. Бир жолу “жүзү шишип турат, бул ичет” деген комментарийди окугам. Атам такыр ичпейт, иче албайт, ичкенин бир да жолу көргөн эмесмин.
– Маегиңизге рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз.
Перизат Музуратбекова